№ 184 22.09.20 «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жана ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жана ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын 2020-жылдын 19-сентябрындагы кириш №06/2178 Бухман Леонид Юлиевичти ишенимдүү адамы катары каттосун чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсүнүн жана жарандардын жазуу жүзүндөгү 2020-жылдын19-сентябрындагы кириш № 06/2179, № 2180 арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 141 чечими менен катталган «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынан Бухман Леонид Юльевичти ишенимдүү адам катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынан ишенимдүү адамы  Бухман Леонид Юльевичке берилген №110 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынан 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо төмөнкү ишенимдүү адамдары катталсын:

- Алашева Таттуугул Ахматбековна;

- Доолотбаев Тагай Болотович;

- Жусупов Бакыт Нуралиевич.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

          =ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 22-сентябры

№ 184