№ 17 «Бирик» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

«Бирик» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн

каттоо жөнүндө

 

         «Бирик» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

         1. «Бирик» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абельденов Мелис Мамырбекович катталсын.

         2. «Бирик»  саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Иманбаева Айнура Жумадиловна катталсын.

         3. «Бирик» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

         4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

    Төрага                                                                             Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 7-июлу

№ 17