№ 151 «Чоң казат» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

«Чоң казат» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

 

Султангазиева Анаркуль Аскарбековнаны, Собирова Саида Иброхимовнаны, Ажымамбетов Актан Айылчиевичти, Асаналиев Ганы Бекбоевичти жана Итибаев Кайрат Жаныбековичти 2020-жылдын 17-сентябрындагы кириш № 06/2104, «Чоң казат» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде төмөнкү адамдар «Чоң казат» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:

- Султангазиева Анаркуль Аскарбековна;

- Собирова Саида Иброхимовна;

- Ажымамбетов Актан Айылчиевич;

- Асаналиев Ганы Бекбоевич;

- Итибаев Кайрат Жаныбековичти.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

       ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-сентябры

№ 151