11.09.2020 № 136 «Реформа» саясий партиясынын өкүлүн каттоо жөнүндө

«Реформа» саясий партиясынын өкүлүн каттоо жөнүндө

 

«Реформа» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Реформа» саясий партиясынан 2020-жылдын4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өкүл болуп Борончиев Азамат Самаганович катталсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси, А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 11-сентябры

№ 136