№ 132 «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

«Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана “Мекенчил” саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Мекенчил” саясий партиясынын 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республкасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ишенимдүү адамдарынтизмеге ылайык катталсын (тизмеси тиркелет).

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                      Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-сентябры

№ 132