№ 131 «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы»саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы»саясий партиясынын 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ишенимдүү адамдарын тизмеге ылайык катталсын (тизмеси тиркелет).

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                         Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-сентябры

№ 131