09.09.2020 № 128 «Республика» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

«Республика» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2020-жылдын 9-сентябрында «Республика» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Туржанов Арстанбек Жапарбековичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-августундагы № 76 чечими менен катталган «Республика» саясий партиясынан Исмаилов Анарбек Касымовичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Республика» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Исмаилов Анарбек Касымовичке берилген № 101 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Республика» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Туржанов Арстанбек Жапарбекович катталсын.

4. «Республика» саясий партиясынан катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                         Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-сентябры

№ 128