№ 127 «Мекен Ынтымагы»саясий партиясынын  ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

«Мекен Ынтымагы»саясий партиясынын  ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2020-жылдын 7-сентябрында «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы мурда сунуш кылган финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы №18 чечими менен катталган «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Урдавлетов Руслан Саадатовичти финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Урдавлетов Руслан Саадатовичке берилген №8 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбекович катталсын.

4. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                        Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-сентябры

127