№11 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелеринин негизинде, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы боюнча Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 6-ноябрынан 2020-жылдын 30-декабрына чейин карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы боюнча Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы эске алынсын (тиркелет).

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М. Баатыровага жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                          А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-январы

№ 11