29.10.2021 №1039 №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Будайчиев Дуйшомбек Кадыркуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

 

№30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер Будайчиев Дуйшомбек Кадыркуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 29-октябрындагы (кириш № 01-12/3758) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.№30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Будайчиев Дуйшомбек Кадыркуловичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Будайчиев Намазбек Касымалиевич катталсын.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-октябры

№ 1039