№ 103 «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын

ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2020-жылдын 1-сентябрында «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Акматова Айнура Жапаровнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-августундагы №70 чечими менен катталган «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кубанычбеков Кайрат Кубанычбековичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Кубанычбеков Кайрат Кубанычбековичке берилген №99 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Акматова Айнура Жапаровна катталсын.

4. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                        Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 2-сентябры

103