№101 «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

 

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

2020-жылдын 30-августунда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июлундагы № 42 чечими менен катталган «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Мамытов Нурбек Закирбаевичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамытов Нурбек Закирбаевичге берилген № 53 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевна катталсын.

4. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                         Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 2-сентябры

№ 101