№10  “Ата-Мекен” cаясий Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Т.Балтабаевди,   Т.М. Узакбаевди, Р. М. Мирзаматовду жана Б.Шерди чыгаруу жөнүндө

“Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Балтабаев Ташполоттун, Узакбаев Талант Макишовичтин, Мирзаматов Рысбек Мамыровичтин жана Шер Болоттун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Балтабаев Ташполот, Узакбаев Талант Макишович, Мирзаматов Рысбек Мамырович жана Шер Болот “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.

   

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” №60 чечиминин талапкерлер Балтабаев Ташполотту, Узакбаев Талант Макишовичти, Мирзаматов Рысбек Мамыровичти жана Шер Болотту каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.  

 

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 Бишкек ш., 2019-жылдын 27-декабры
№10