Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Жарандардан арыздарды жана даттанууларды изилдөө жана шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү боюнча КР Боршайкомдун жумушчу топтору түзүлдү
12.08.2011

Жарандардан арыздарды жана даттанууларды изилдөө жана шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү боюнча КР Боршайкомдун жумушчу топтору түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн 12-августтагы кезектеги жыйналышында 2008-жылдын 5-октябрындагы шайлоолордо №2 Жал шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык ке ңешинин депутаттыгына талапкер Мурат Назарматовдун арызын карашты. Арыздануучу Борбордук шайлоо комиссиясынан №2 Жал округу боюнча Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка өткөндөрдүн бирин чыгарып салууну, эң аз добуш алгандын каттосун жокко чыгарууну жана аны Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына каттоону суранат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2010-жылдын 17-декабрындагы жеке аныктамасын, ошондой эле жогорудагы арызды ар тараптуу жана обьективдүү кароо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу түзүлдү. Аталган жумушчу топ эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү чечимдин долбоорун берүүсү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы мындан тышкары Чүй областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Молдобаевдин иш аракетин мыйзамсыз деп табууну жана Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 жана 2011-жылдын 20-майындагы №13 чечимдерин жокко чыгарууну суранган Нурлан Кудайбергеновдун даттануусун карады. Эскерте кетсек, Н.Кудайбергенов 2010-жылдын 24-майынан 23-сентябрына чейин бир эле убакта Токмок шаардык кеңешинин жана Чүй райондук кеңешинин депутаты болуп турган. Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 чечими менен Промышленный шайлоо округу боюнча Токмок шаардык кеңешине депутат Н.Кудайбергеновдун ыйгарымдары токтотулган. Жогорудагы даттанууну ар тараптуу жана обьективдүү кароо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жумушчу топту түздү, ал эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыгышы жана Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү чечимдин долбоорун бериши керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө Жобону иштеп чыгуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков башында турган 11 адам курамындагы жумушчу топ түзүлдү.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы  2011-жылынын 27-августуна республиканын 17 шаарларында мэрлерди шайлоону дайындады
12.08.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылынын 27-августуна республиканын 17 шаарларында мэрлерди шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011-жылынын 12-августундагы жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын шаарларында мэрлерди шайлоону 2011-жылынын 27-августуна дайындоо жөнүндө  токтом кабыл алды. Ушул токтом “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2- бөлүмүнө, 43-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу кабыл алынды.  2011-жылдын 27-августунда төмөнкү облустук маанидеги шаарларда мэрлердин шайлоосу өткөрүлөт: Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок; райондук маанидеги шаарларда: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак. Ушундан улам, шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар түзүлгөндүгүнө байланыштуу  шайлоолор республиканын 25 шаарларынан ичинен 17 шаарларында өткөрүлөт. Республиканын мыйзамдарына ылайык, шаарлардын мэрлерин жашыруун добуш берүү жолу менен белгиленген мөөнөткө жергиликтүү шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укугуна шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ээ. Шаардын мэри болуп иш-аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген эмгек стажысы  бар, болбосо билим берүү же ден соолукту чындоо мамлекеттик мекемелерде 5 жылдан кем эмес эмгек стажыcы бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Мыйзамда бекитилген тартипте кылмыштык кылгандыгы үчүн соттолгондугу бар, соттолгондугу жоюлбаган же соттолгондугу алынып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт. Шаарлардын мэрлерин шайлоону Борбордук шайлоо комиссия дайындайт, аймактык шайлоо комиссия өткөрөт. Эгер шайлоого шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмес депутаттар катышса,  шаарлардын мэрлеринин шайлоосу болду деп эсептелинет.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына 2011–жылдын 11–августунда КР Президентинин кызмат ордуна 54 талапкер арыздарын беришти
11.08.2011

Борбордук шайлоо комиссиясына 2011–жылдын 11–августунда КР Президентинин кызмат ордуна 54 талапкер арыздарын беришти

Бүгүн, 2011-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө Мурат Боромбаев, 1958-ж.т., орус тили жана адабияты мугалими, Марат Султанов, 1960-ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты; Роман Оморов, 1950-ж.т., техникалык илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору. 2011-жылдын 11-августунда түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Аалам-партияда жактордун партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө протокол түштү. “Аалам-партияда жоктордун партиясы” партиясы саясий партиянын мүчөсү Арсланбек Малиевди көрсөттү, 1957-ж.т., экономикалык иилимдердин кандидаты, чет мамлекеттер менен достук жана кызматташтыктын кыргыз коомдорунун Союзунун Президенти, Кыргыз Республикасынын жаа атуу боюнча Федерациясынын Президенти. Ушундан улам, 2011-жылдын 11-августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 54 талапкер көрсөтүлдү, анын 10у саясий партиялардан, 44ү өзүн өзү көрсөткөндөр. Төмөндө КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке мурда арыз бергендердин тизмеси көрсөтүлөт: Бийназар Бердикеев, 1956-ж.т., “Энергоспецмонтажстройиндустрия” ЖЧК президенти; Кубанычбек Исабеков, 1957-ж.т., “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору; Мадияр Кулуев, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги; Жумабек Токтогазиев,  1958-ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору; Полотбек Кенжекулов,  1951-ж.т., убактылуу иштебейт; Сейтек Байгуттиев, 1965-ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү; Жусупжан Пиримбаев, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты; Марат Иманкулов, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору; Калмамат Мактымбаев, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери; Төрөбай Колубаев, 1969-ж.т, убактылуу иштебейт; Алманбет Матубраимов, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы; Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү; Жумабек Исаев, 1962-ж.т., убактылуу иштебейт; Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Назарбек Нышанов, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж.т., “KGinform. com” маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955–ж.т., жумушсуз; Акбаралы Айтикеев, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Алмазбек Каримов, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору; Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Өмүрбек Текебаев, 1958–ж.т., (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–ж.т., (“Эркин Кыргызстан”), Замирбек Парманкулов, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),  Бектур Асанов, 1967- ж.т. (“Эгемен Кыргызстан”), Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”). “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бектур Асанов өз арызын кайтарып алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   Кыргыз Республикасынын Борборбук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына 2011–жылдын 10–августунда КР Президентинин кызмат ордуна 6 талапкер арыздарын беришти
10.08.2011

Борбордук шайлоо комиссиясына 2011–жылдын 10–августунда КР Президентинин кызмат ордуна 6 талапкер арыздарын беришти

2011-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө Кубанычбек Исабеков, 1957-ж.т., “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору; Мадияр Кулуев, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги; Жумабек Токтогазиев,  1958-ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору; Полотбек Кенжекулов,  1951-ж.т., убактылуу иштебейт; Сейтек Байгуттиев, 1965-ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү; Жусупжан Пиримбаев, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты арыз беришти.   Жалпысынан 2011–жылдын 10–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 49 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 9 – саясий партиялардан, 40 – өзүн-өзү көрсөткөндөр. Төмөндө мурда арыз берген, өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн тизмеси көрсөтүлөт:   Марат Иманкулов, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору; Калмамат Мактымбаев, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери; Төрөбай Колубаев, 1969-ж.т, убактылуу иштебейт; Алманбет Матубраимов, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы; Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү; Жумабек Исаев, 1962-ж.т., убактылуу иштебейт; Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж.т., “KGinform. com” маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955–ж.т., жумушсуз; Акбаралы Айтикеев, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Алмазбек Каримов, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору; Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Өмүрбек Текебаев, 1958–ж.т., (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–ж.т., (“Эркин Кыргызстан”), Замирбек Парманкулов, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),  Бектур Асанов, 1967- ж.т. (“Эгемен Кыргызстан”), Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   Кыргыз Республикасынын Борборбук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилди
10.08.2011

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилди

Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Жаныш Рустенбековдун, Турсунбай Бакир уулунун, Өмүрбек Текебаевдин, Марат Иманкуловдун жана Сооронбай Дыйкановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды. Бүгүнкү жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасын бекитти. Шайлоо бюллетени коргоонун 5 даражасына ээ,  тыгыздыгы 80 гр., жарыкта көрүнгөн кызыл, жашыл; жарыкта көрүнбөй турган көгүлтүр, саргыч; ультрафиолетте чагылдырылганда көрүнгөн коргоочу жипчелери, жекече эксклюзивдик белгилери күндүн жарыгында көрүнүп, “ЦИК КР” жазуусу улам кайталанып турган атайын кагазда басылат.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы     
Кененирээк билүү >>
2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр
09.08.2011

2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр

2011-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 1960-жылы туулган, КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору Марат Иманкуловдон жана 1952-жылы туулган, Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери Калмамат Мактымбаевден арыз түштү. 2011–жылдын 9–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 43 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 9 – саясий партиялардан, 34 – өзүн-өзү көрсөткөндөр. Буга чейин өзүн-өзү көрсөткөндөр:   Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –жылы туулган, “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү, Төрөбай Колубаев, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт, Алманбет Матубраимов, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. Т., “Лига –Антикризис” коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Өмүрбек Текебаев, 1958–жылы туулган, (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–жылы туулган, “Эркин Кыргызстан” партиясы, Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” саясый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиccиясына  КР Президентинин кызмат ордуна  талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен”, “Эркин Кыргызстан” партиялары протоколдорун  тапшырышты
08.08.2011

КР Борбордук шайлоо комиccиясына КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен”, “Эркин Кыргызстан” партиялары протоколдорун тапшырышты

2011-жылдын 8-август күнүнүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен” жана “Эркин Кыргызстан” саясий партияларынан протоколдор келип түштү. “Ата- Мекен” партиясы партиянын төрагасы, 1958 – жылы туулган, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, ал эми “Эркин Кыргызстан” партиясы партиянын лидери, 1958 –жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөтүштү. Өзүн өзү көрсөткөндөрдүн тизмесин төмөнкү талапкерлер: 1962 –жылы туулган, жеке ишкер Өмүрбүбү Бегалиева, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебеген Төрөбай Колубаев, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси Алманбет Матубраимов толукташты. 2011 –жылдын 8 –августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 41 талапкер көрсөтүлдү, алардын 9 – саясый партиялардан, 32 – өзүн өзү көрсөткөндөр. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” саясый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Буга чейин өзүн өзү көрсөткөндөр:   Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. Т., “Лига –Антикризис” коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.      Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Тил комиссиясы жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
08.08.2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Тил комиссиясы жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 8-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Назарбек Нышановдун, Оомат Казакбаевдин, Асида Иманалиеванын жана Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы токтом менен бекитилген  “Тил боюнча комиссия жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Көрсөтүлгөн өзгөртүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык киргизилди, ал жерде белгиленгендей, “Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди  билүүсүн текшерүү бардык талапкерлер үчүн  бирдей шартта өткөрүлөт. Мамлекеттик телекөрсөтүү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жол-жоболорун түз эфирде чагылдырууга милдеттүү”. Конституциялык Мыйзамга ылайык, 12 адамдан турган Тил комиссиясы Борбордук Шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Талас облусунун Бакай-Ата АШКнын, Нарын облусунун Ак-Талаа АШКнын, Чүй облусунун Кемин, Панфилов АШКларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь АШКларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
6 – августка карата КР Президентинин кызмат ордуна 35 талапкер арыз менен кайрылышты, 28 - өзүн өзү көрсөткөндөр
06.08.2011

6 – августка карата КР Президентинин кызмат ордуна 35 талапкер арыз менен кайрылышты, 28 - өзүн өзү көрсөткөндөр

2011-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына    Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө 1946–жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбековдон арыз келип түштү. Ошентип, 2011 –жылдын 6 –августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 35 талапкер көрсөтүлдү, алардын 7 – саясый партиялардан, 28 – өзүн өзү көрсөткөндөр. Мурда өзүн өзү көрсөтүп арыз бергендердин тизмеси:  Муканбайжан Айманбаев, 1956–жылы туулган, убактылуу жумушсуз;  Качкынбай Кадыркулов, 1955 –жылы туулган, “Айылдык кеңеш берүү кызматы” коомдук фондунун координатору; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. туулган, “Лига –Антикризис”  коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” сачсый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы).             Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо – 25 сентябрда аяктайт. Ушул күндөн тартып талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иши башталат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын КР БШК аппаратынын штаттык расписаниеси жана атайын өкүлдөрүн, системдик  администраторлорун  дайындоо боюнча тактоосу
06.08.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын КР БШК аппаратынын штаттык расписаниеси жана атайын өкүлдөрүн, системдик администраторлорун дайындоо боюнча тактоосу

2011 –жылдын 3-4 –августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) атайын өкүлдөрү үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш- чараны чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттары тарабынан так эместиктерге жол берилген. Тактап айтканда, “атайын өкүлдөрдүн штаттык санын КР Өкмөтү КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашып туруп бекитет, Жогорку Кеңештин ушул жылдын 15-августуна белгиленген кезексиз жыйналышында атайын өкүлдөрдөргө талапкерлер бекитилет. Системдик администраторлорду болсо аймактык шайлоо комиссиялары дайындашат” деген жаңылыш маалымат кетирилген. Мындан тышкары шайлоо алдындагы процесстин талкууга алынган маселеринин бири  Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык санын көбөйтүү туурасындагы маселе болууда. Ушуга байланыштуу төмөнкү тактоолорду киргизебиз: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашып туруп, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын чектелген штаттык санын бекитет. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөрүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин корутундусун алууга мүмкүн болбой жатат. Ушул жылдын 15 –августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын өткөрүү пландаштырылууда жана анда КР Жогорку Сотуна жана КР Жогорку Сотунун Констиуциялык палатасына талапкерлерди шайлоо маселеси каралат. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө парламенттин профилдик комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын чектелген штаттык саны боюнча маселени кароосу мүмкүн. КР Өкмөтүнүн 2011 –жылдын 12 – июлдагы “Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” жөнүндө Мыйзамын реализациялоо жөнүндө” №383 –токтомуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы мурда облустардын, райондордун, республикалык жана облустук баш ийүүдөгү шаар мэрияларынын, Бишкек шаар мэриясынын райондук администрацияларынын  штаттык расписаниелеринде турган системдик администраторлордун өзүнүн штаттык расписаниесине киргизет.   “КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктарынын бири болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү шайлоо участогуна дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп эсептелет. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп жана иштеп жатканын эскерте кетели. Жогоруда айтылгандардан улам, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык саны Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык расписаниесине атайын өкүлдөрдүн жана системдик админстраторлордун киргизүүгө байланышкан жаңы шайлоо мыйзамдарынын нормаларын аткаруу үчүн көбөйтүлөт. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, борбордук шайлоо комиссиясы ар бир аймактык шайлоо комиссиясында координациялык, уюштуруу–усулдук жана материалдык–техникалык камсыздоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын     тизмесин жаңылап туруу жана тактоо иштерин жүргүзгөн атайын өкүлүн дайындайт. Атайын өкүл жана системдик администратор Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери болуп эсептелишээрин жана Борбордук шайлоо комиссиясыынын төрагасы тарабынан дайындалышаарын дагы бир жолу белгилей кетели. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамдарга ылайык, атайын өкүл мамлекеттик  кызматкер болуп эсептелет. Атайын өкүлдүн иши Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты тарабынан камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
04.08.2011

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

 Бүгүн 4 –августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Нурлан Мотуевдин, Болотбек Казакбаевдин, Дамира Токтосунованын, Өмүрбек Эгембердиевдин жана Сооронбай Дыйкановдун толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
4 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна   32 талапкер арыз менен кайрылышты
04.08.2011

4 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 32 талапкер арыз менен кайрылышты

2011 – жылдын 4 –августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына    Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүлөрүн өзү талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө 1969 –жылы туулган, “Кара –Балта” спирт заводу” Мамлекеттик ишканасынын директору Сооронбай Дыйкановдон жана 1959 –жылы туулган, убактылуу жумушсуз Оомат Казакбаевден арыз келип түштү. Мурда арыз берген өзүн өзү көрсөткөндөрдүн тизмеси:   Нышанов Назарбек, 1961 – ж. туулган, “Лига –Антикризис”  коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Андан башка Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” сачсый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). 4 – августка карата КР Борбордук шайлоо комитетине КР Президентинин кызмат ордуна   32 талапкер арыз менен кайрылышты, алардын 25 – өзүн өзү көрсөткөндөр. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар өткөрөт
02.08.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар өткөрөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011 –жылдын 3-4-августунда  БШКнын атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар –тренинг өткөрөт. Эки күндүк иш – чаранын катышуучулары КР БШК атайын өкүлдөрү, КР БШК мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү боло алышат. Семинардын милдеттери туурасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдаримов маалымдама жасайт. “КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктардын бири. “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат жана бул кызматка ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалат. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, иштеп жатканын эскерте кетели. Жаңы мыйзамдар боюнча семинардын биринчи күнү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам боюнча жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана КР БШК төрагасынын орун басары Гульнара Журабаеванын баяндама жасоосу пландаштырулууда. Семинардын программасында КР БШК мүчөсү Нурмамат Ашимовдун шайлоолорду маалыматтык жактан камсыздоо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, шайлоочуларды кабардар кылуу маселелери боюнча чыгып сүйлөөсү күтүлөт. КР БШК атайын өкүлдөрүнүн милдеттери жана ыйгарым укуктары жөнүндө КР БШК төрагасынын кеңешчиси Мурат Укушов баяндама жасайт. Ошондой эле катышуучулар БШК атайын өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, жана башка юридикалык жана жеке тараптар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө пикир алышат. Шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү, КР БШК атайын өкүлдөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен өз ара иш-аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча да кеп козголот. Семинардын алкагында шайлоочулардын тизмеси, шайлоо даректери, шайлоо талаш – тартыштарын чечүү, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу сыяктуу жалпы багыттар боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт. КР БШК атайын өкүлдөрү үчүн  аталган семинар – тренинг эл аралык өнүгүү боюнча АКШ Агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунун көмөгү менен өткөрүлөт. Иш чара “Россия” бизнес-борборунун жыйналыштар залында (Бишкек ш., Раззаков көч. 19) өткөрүлөт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
2 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна   30 талапкер арыз менен кайрылышты, анын 23ү- өзүн өзү көрсөткөндөр
02.08.2011

2 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 30 талапкер арыз менен кайрылышты, анын 23ү- өзүн өзү көрсөткөндөр

2011 – жылдын 2–августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна 30 талапкерден арыз түштү. Саясий партиялардан төмөнкү талапкерлер: Замирбек Парманкулов, 1971-ж.т.; (“Кыргызстан жумушчу партиясы”), Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттери бар  экени жөнүндө төмөнкү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз менен кайрылышкан: Нышанов Назарбек, 1961-ж.т., «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук патиясынын Баш катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын чек араларын бекитти жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участкаларын түздү
01.08.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын чек араларын бекитти жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участкаларын түздү

Бүгүн 1 –августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эрнис Айтымбетовдун, Бектур Асановдун, Камчыбек Ташиевдин, Акбараалы Айтикеевдин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Борбордук шайлоо комиссиясы тил Комиссиясынын дагы эки мүчөсүнүн: КМУУ кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыковдун жана “Манас” КТУ чет тилдер институнун директору, филология илимдеринин доктору Замира Касымбековна Дербишеванын  талапкерлигин бекитти. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн курамы 12 кишиден турган тил боюнча Комиссияны түзүп бүттү. Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына жана “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатып жиберүү жөнүндөгү” Жобого ылайык, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала –Бука, Майлы –Суу, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь  аймактык шайлоо комиссияларынын  курамдарына өзгөртүү киргизди. Бүгүнкү жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2293 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитишти. Шайлоо участкаларынын тизмеси алардын чек аралары көрсөтүлүү менен “Эркин –Тоо” газетасына жарыяланат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 2 – беренесинин 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактарынан тышкары жерлерде жашашкан же жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары КР дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында добуш беришет. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин сунушталган тизмеси боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Россия Федерациясы (Москва, Екатеринбург, Новосибирск), Украина (Киев), Беларусь Республикасы (Минск), Казак Республикасы (Астана, Алматы), Өзбек Республикасы (Ташкент), Тажик Республикасы (Душанбе), Түркмөнстан (Ашгабад), Америка Кошмо штаттары (Вашингтон), Великобритания (Лондон), Швейцария Конфедерациясы (Женева), Бельгия королевствосу (Брюссель), Австрия Республикасы (Вена), Германия (Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн), Түркия (Анкара, Стамбул), Кытай Эл Республикасы (Пекин), Япония (Токио), Корея Республикасы (Сеул), Малайзия (Куала-Лумпур), Иран (Тегеран), Сауд Аравиясы (Эр-Рияд), Индия (Нью-Дели), Пакистан Ислам Республикасы (Исламабад), Бириккен Араб Эмираттары (Дубаи)) 29 шайлоо участкаларын түздү.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
1 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна   29 талапкер арыз менен кайрылышты
01.08.2011

1 – августка карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 29 талапкер арыз менен кайрылышты

2011 – жылдын 1 –августуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстан жумушчу партиясынан” Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Кыргызстан жумушчу партиясынын” төрагасы, 1971 – жылы туулган Замирбек Парманкуловду талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү. Андан башка Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттери бар  экени жөнүндө төмөнкү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз менен кайрылышкан: Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 475 477 481