Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевге …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевге карата КР Жогорку сотунун чечими

01-Окт, 2011

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 24-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевге карата көзөмөлдүк даттануусун карап чынып, Биринчи май райондук сотунун чечимин  жарым-жартылай күчүнө калтыруу тууралуу токтом чыгарды.

Алсак, Жогорку соттун 2011-жылдын 30-сентябрындагы токтому менен КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.И.Айтикеевдин арызынын талапкерди колдоодогу колтамгаларды чогултуунун тартибин таануу, аны 30 000 шайлоочулардын колтамгалары менен колдонушун таануу, мамлекеттик тилди билүүнү ишке ашырууну милдеттендирүү бөлүктөрү алып салынды жана кароосуз калтырылды.

Биринчи Май райондук сотунун чечиминин калган бөлүгү күчүндө калтырылды. 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевдин 2011 – жылдын 24 – сентябрындагы доо арызы боюнча чечиминин резолюциялык бөлүгү:

“Айтикеев Акбаралы Ысырайыловичтин шайлоо укугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына доо арызы жарым жартылай канааттандырылсын.

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 20 – сентябрындагы № 265 - токтому мыйзамсыз деп табылсын жана жокко чыгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевди колдоого колтамгаларды чогултуунун тартиби сакталган деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылган колтамга баракчаларынын  таризи Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 5 – июлундагы № 5 –токтому менен бекитилген кол тамга баракчаларынын мазмуунуна жана ылайык жана жарактуу деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Акбаралы Айтикеевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоо милдеттендирилсин.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына КР БШКнын 2011 – жылдын 20 – сентябрындагы № 265 токтому жокко чыгарылгандыгы туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарына (“Эркин Тоо” газетасы, КТРК, ЭлТР ж.б.) жарыялоо милдеттендирисин.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Ысыралиевич Айтикеев шайлоочулардын 30 миңден кем эмес  колтамгалары менен колдоого алынган деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Ысыралиевич Айтикеевди колдоого шайлоочулардын колтамгаларынын тактыгын тийиштүү текшерүү милдеттендирилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Ысыралиевич Айтикеевдин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жүзөгө ашырылсын.

Калган бөлүгүндө баш тартылсын.

Чечим  ачык жарыялангандан кийин күчүнө кирет жана үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылышы мүмкүн”.

Төрагалык кылуучу:

Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотунун судьясы Э.М.Аксамаев  

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>