Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептеле турган участкалык комиссиялардын курамына саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү улантылууда. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 10 – августунда аяктайт.
Участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан (шайлоочулардын жыйналышы, коомдук уюмдар) протоколдор айылдык, поселкалык кеңештерге, ал эми талапкерлерге саясый партиялардан сунуштамалар болсо – аймактык шайлоо комиссияларына берилиши керек.
Протоколдорго (сунуштамага) төмөнкүлөр тиркелет:
- Участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;
- талапкердин паспортунун көчүрмөлөрү;
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтар;
- талапкердин байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
2011 – жылдын 30 – октябрында кыргызстандыктар өзүнүн тарыхый тандоосун жасайт. Бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдети – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачык–айкындыгын камсыз кылуу менен жарандардын добуштарын эсептөө жана башка иш – аракеттерди шайлоо мыйзамдарына ылайык адилет, ачык жүргүзүү болуп эсептелет.
Участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 10 - августунда саат 18-00гө чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарында кабыл алынат (айылдык, поселкалык, шаардык кеңештер).
Сурап-билүү телефону: 66-51-86, 62-08-29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
29-июлга карата КР Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 26 талапкерлер арыз менен кайрылышты
2011-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерликке “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асановду, 1969-ж.т, көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү.
Бүгүнкү күнгө саясий партиялардан андан башка төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлгөн: Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунисттер партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Партия зеленых Кыргызстана”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”) партиясы).
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгүлөр кайрылышты: Акылбек Жапаров, 1964-жылы туулган, “Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча Комитетинин төрагасы, экономикалык илимдердин доктору, РАЕН академиги, Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп эсептелгендер: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 25-сентябрында башталат. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертме бекитилди
Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Республика” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Аманылло Розыбаевич Иминовду каттады. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов ага белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк тапшырды.
Жыйналышта ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Акбаралы Айтикеевдин, Болотбек Казакбаевдин жана Акылбек Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө токтомго толуктоо киргизди. Атап айтканда, өкүлчүлүктүү органдардан талапкерлерди киргизүү менен Сузак аймактык шайлоо (АШК) толугу менен түзүлүп бүттү. Эскерте кетсек, Сузак АШКсын түзүү маселесин өткөн жыйналышта талкуулоонун жүрүшүндө аталган райондун райкеңеши БШКнын ченемдик-укуктук актысы талап кылган кезексиз сессияны өткөргөн эмес. Сузак АШКнын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин райкеңештин президиуму бекиткен. БШК Сузак АШКнын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерди кабыл алуу мөөнөтүн 2011-жылдын 28-июлуна чейин узартуу тууралу токтом кабыл алган. Бүгүн Сузак АШКнын 12 адамдан турган курамы түзүлдү.
Ошондой эле, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ала-Бука АШК курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Күн тартибинин кийинки маселеси Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна талапкерлери, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертмени бекитти. Аталган усулдук колдонмо кыргыз жана орус тилдеринде 1000 нускада басылып чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 25 адамдан турат
2011-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси дагы бир жаңы талапкер менен толукталды-Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө өзүн өзү көрсөткөн экономикалык илимдердин доктору, РЕАН академиги Акылбек Жапаров, 1964-жылы туулган, “Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча Комитетинин төрагасы, мурдагы КРнын биринчи вице-премьер министри, КРнын экономикалык жөндөө министри, КРнын финансы министри арыз менен кайрылды.
Мурда төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз беришкен: Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп эсептелгендер: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.
Саясий партиялардан төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлүштү: Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунисттер партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт” партиясы), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Партия зеленых Кыргызстана” партиясы), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”) партиясы).
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын шайлоочулардын тизмеси боюнча тактоосу
2011-жылдын 27–июлунда “24.kg” маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовдун атына шилтеме жасоо менен “программаны ким иштеп чыкпасын, кошумча тизме баары бир болот” деген маалымат чыккандыгына байланыштуу, төмөнкү тактоону киргизебиз:
Ушул жылдын 27-июлунда өткөн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү И. Д. Кадырбеков тарабынан шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн. Аталган маселени талкуулоонун жүрүшүндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимов шайлоочулар буга чейин республиканын шайлоо мыйзамдарына ылайык, кошумча тизме боюнча да добуш беришкен болсо, эми алдыдагы президенттик шайлоолордо да кошумча тизмени талап кылышаары мүмкүн экендиги туурасында пикирин билдирген. Бирок “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы конституциялык Мыйзамда кошумча тизме түзүү каралган эмес. Добуш бериле турган күнү шайлоочулардын тизмесине кийирилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 24 талапкер арыз беришкен, анын 19 у өзүн өзү көрсөткөндөр
2011-жылдын 27-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен өзүн өзү көрсөткөн Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн кайрылган. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.
27-июлга карата беш партия талапкерлерди көрсөттү: Кыргызстан коммунисттер партиясы Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы- Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”)-Адахан Мадумаровду, “Партия зеленых Кыргызстана”-Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”)-Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер КР мамлекеттик тилин билүүсүн аныктоо үчүн тил боюнча Комиссиянын он мүчөсүнө талапкерлерди бекитти.
Бүгүн, 27-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Боршайком Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Акбаралы Айтикеевдин, Камчыбек Ташиевдин, Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Каримовдун жана Нурлан Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин тилди билишин аныктоо боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитишти. Конституциялык Мыйзамга ылайык мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тил боюнча Комиссиянын курамын 12 адамдан түзүүнү сунуштайт, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
Бүгүн, БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия сунуш кылган 14 талапкердин он адамын Комиссиянын курамына бекитти, алар: Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик; Батаканова Светлана Топчуевна, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент; Василькова Галина Алексеевна, Кыргыз-Россиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты; Исаков Каныбек Абдуваситович, Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор; Искендерова Суусар Искендеровна, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору; филология илимдеринин доктору; Исамидинов Искендер Чоңмурунович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор; Казиев Нурбек Кожоярович, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты; Нурманбетов Тынчтыкбек, “Кырчын” журналынын башкы редактору, акын, Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, Рыскулова Гүлжамал Үмөткуловна, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, Өмүрканов Анатай, Кыргыз Республикасынын эл акыны.
КР БШК мүчөсү, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Жеңишбек Акматов түшүндүргөндөй, БШК мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга Комииссияны толук түзүү үчүн талапкерлерди көрсөтүүгө кайрадан суроо-талап жиберет.
КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун сунушу боюнча күн тартибине Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо округунун (АШО) курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө маселе кошулган. Берген арызынын негизинде комиссиянын курамынан “Улуу Биримдик” Улуттук-демократиялык партиясынан Бектемир Султаналиев чыккан. Анын ордуна АШО курамына “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Чапрашты Сатыбалдиев киргизилген.
КР БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун сунушу боюнча күн тартибине шайлоочуларды эсептөөнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча маселе киргизилген. Аталган долбоор боюнча техникалык тапшырманы ПРООН иштеп чыгып, тапшырып берген. Бул маселени талкуулашкандан кийин БШК мүчөлөрү аталган маселени IT-иштеп чыгуучулардын катышуусу менен иш арасында карап чыгуу андан кийин БШК жыйналышына көтөрүүнү жакынкы күндөргө чыгаруу чечимин кабыл алышты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК төрагасы Т.Абдраимов: Маалымат агенттиктерин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн акредитациялабай, Боршайком алардын шайлоочуларды маалымдоодогу укуктарын чектебейт
Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун басмасөз жыйыны болуп өттү. Төрага Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышуу үчүн КР жалпыга маалымдоо каражаттарын акредитациялоого тиешелүү маселелер боюнча негиздүү жана кеңири маалымат берди.
21-июлдагы БШКнын жыйналышында 40 телерадиокомпанияны жана 103 басмасөз басылмаларын акредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынгандыгы белгилүү. Арыз берген 11 маалымат агенттиктерин (интернет-ресурстар) БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда алардын шайлоо алдындагы үгүткө катышышы каралбагандыгына байланыштуу акредитациялаган эмес.
Төрага Т.Абдраимов ЖМК өкүлдөрүнөн дагы бир жолу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын “Шайлоочууларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү” 22-беренесин терең карап чыгууну жана мындан ары “шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү” түшүнүктөрүн алмаштырбоону суранды.
Ал аталган мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагында таркатылган чет элдик массалык маалымат каражаттарына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө тыюуу салынгандыгын эскертти. Айрым серепчилердин, депутаттардын, журналисттердин айткан сөздөрүнө комментарий берүү менен Т.Абдраимов БШК мыйзамга ылайык так иш алып барып жаткандыгын белгиледи.
Журналисттердин эмне үчүн мурдагы шайлоо процессинде интернет-ресурстарга шайлоо алдындагы үгүткө жол берилген деген суроосуна Т.Абдраимов андай көрүнүш болгон, анда БШК этиканын ченемин бузган интернет-басылмаларга жеткиликтүү таасир бере алган эмес деп жооп берди.
“Ушул басмасөз жыйынынан кийин маалымат агенттиктери акредитацияланабы” деген суроого БШК төрагасы мыйзамдарга өзгөртүү же толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гана прерогативасы, жана эгерде интернет басылмаларды акредитациялоого карата мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилсе БШК аларды акредитациялайт деп белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түздү
Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы кезектеги жыйналышын өткөрдү.
Боршайком күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Дамира Токтосунованын жана Нурлан Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Жыйналышта ошондой эле республика боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө БШКнын токтому кабыл алынды. Аталган токтомго ылайык аймактык шайлоо комиссиялары Сузак районунан башкасында калыптандырылган. Маселени талкуулоонун жүрүшүндө аталган райондун кеңеши БШКнын ченемдик-укуктук актысы талап кылган кезексиз сессияны өткөрбөгөндүгү, аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын тизмеси райкеңештин президиумунда бекитилгендиги белгилүү болду. БШК аталган райондо аймактык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерди кабыл алууну 2011-жылдын 28-июлуна чейин узартууга токтом кабыл алды. Бул маселеге БШК ушул жылдын 29-июлунда кайрадан кайрылат.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери боюнча келип чыккан тактоолордон улам КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамы тууралу токтом кабыл алды.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, шайлоочулардын чогулуштарынын өкүлдөрүн көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктады. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өз талапкерлерин 27 саясый партия көрсөткөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык өлкөнүн шайлоо системасы үч деңгээлдеги-участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) деп тураарын эскертип кетмекчибиз.
Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү менен аймактык шайлоо комиссиялары алектенишет. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү у.ж.10-августунда аяктайт жана жана алардын курамын түзүү у.ж. 15-августунда аяктайт.
Боршайком ошондой эле бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Куштарбек Айтматовдун (“Республика” саясый партиясы) ыйгарым укуктарын анын берген арызына ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 24 талапкер арыз беришти
2011-жылдын 25-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр кайрылышкан: Акбаралы Айтикеев, 1958 ж.т.,Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ), Балтия жана Чыгыш Европа 22 (жыйырма эки) мамлекеттин Эл аралык өнөр – жайчылар жана ишкер адамдар Конгрессинин (МКППнын) Вице – Президенти (Москва шаары, Россия Федерациясы), «Кыргыз Республикасынын өнөр – жай, айыл – чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй – бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын Төрагасы; 2005 жана 2009 жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болгон; Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК башкы директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору; Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Игорь Трофимов, 1975-ж.т., “Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору” ЖЧК Генералдык директору; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 5 саясый партиядан келип түшкөн.
Кыргызстан коммунисттер партиясы Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы- Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”)-Адахан Мадумаровду, “Партия зеленых Кыргызстана”-Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”)-Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн.
19-июлда өзүн өзү көрсөткөн Игорь Трофимов арызын кайтарып алгандыгын эскертебиз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн арасында чүчүкулак өткөрүлдү
Бүгүн, 22-июлда БШК өзүнүн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер С.А.Турдумалиевдин жана И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Ошондой эле, бүгүн саясий партиялардын арасында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүлдү.
Чүчүкулакты өткөрүүгө 27 саясий партиянын өкүлдөрү катышты.
Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлмөкчү. Ар бир комиссия кеминде 11 адамдан болушу керек, алардын 6 адамы саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, калган бөлүгү коомдук уюмдардан, шайлоочулардын чогулушунан, жергиликтүү бийлик органдарынан болот.
Аймактык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктады. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү ушул жылдын 25-июлунда аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 22 талапкер арыз беришкен, анын бири арызын кайра кайтарып алган
2011-жылдын 22-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр кайрылышкан: Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Игорь Трофимов, 1975-ж.т., “Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору” ЖЧК Генералдык директору; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 5 саясый партиядан келип түшкөн.
Кыргызстан коммунисттер партиясы Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы- Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”)-Адахан Мадумаровду, “Партия зеленых Кыргызстана”-Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”)-Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн.
19-июлда өзүн өзү көрсөткөн Игорь Трофимов арызын кайтарып алгандыгын эскертебиз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн КР ЖМКларын акредитациялады
Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын акредитациялоо тууралу маселени карады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, шайлоо алдында үгүттөө 2011-жылдын 25-сентябрында башталат жана у.ж. 29-октябрында аяктайт.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24,25-беренелерине ылайык, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү телеберүү, радио жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалары аркылуу жүргүзүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясына акредитациялоого бардыгы 40 телерадиокомпаниядан жана 103басма сөз басылмаларынан арыз түшкөн.
Мындан тышкары Боршайлоокомго акредитациялоо үчүн 11 маалыматтык агенттиктери кайрылышкан (интернет-ресурстар), алардын шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда каралган эмес.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарына газеталар, журналдар, алардын тиркемелери, альманахтар, китептер, бюллетендер, такай аты бар, элге таркатуу үчүн дайындалган бир жолку басылмалар, ошондой эле мамлекеттик органдар, маалыматтык агенттиктер, саясый, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар чыгарган теле жана радио берүүлөр, кино жана видео студиялар, аудиовизуалдык жазуулар, программалар кирет.
КР Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн КР ЖМКларын акредитациялоо маселесин талкуулоонун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы токтом кабыл алды, ага ылайык акредитациялангандардын тизмеси бекитилди (40 телерадиокомпания жана 103 басма сөз басылмалары).
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 19 талапкер арыз беришкен, анын бири арызын кайра кайтарып алган
2011-жылдын 21-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр кайрылышкан: Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамра Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Игорь Трофимов, 1975-ж.т., “Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору” ЖЧК Генералдык директору; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 5 саясый партиядан келип түшкөн.
Кыргызстан коммунисттер партиясы Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы- Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”)-Адахан Мадумаровду, “Партия зеленых Кыргызстана”-Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”)-Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн.
19-июлда өзүн өзү көрсөткөн Игорь Трофимов арызын кайтарып алды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
2011-жылдын 22-июлунда аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак өткөрүлөт
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын эсине салабыз.
2011-жылдын 22-июлунда саат 14-00дө Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт.
Чүчүкулак Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жыйындар залында өткөрүлөт (Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 59).
Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлмөкчү. Ар бир комиссия 11 адамдан, алардын ичинен алтоосу саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, калган бөлүгү – коомдук уюмдардан, шайлоочулардын чогулуштарынан, жергиликтүү бийлик органдарынан түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктады. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү ушул жылдын 25-июлунда аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 15 талапкерден арыз түштү, алардын 10 өзүн-өзү көрсөткөндөр
2011-жылдын 20-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүлүү ниети жөнүндө арыздар менен төмөнкүлөр кайрылышкан: Өмүрбек Эгембердиев, 1956-жылы туулган, “Инсанат” эл аралык фондусунун президенти; Улукбек Бабакулов, 1971-жылы туулган, “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-жылы туулган, КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-жылы туулган, “Азамат Компани” ЖЧКнын башкы директору; Курманбек Осмонов, 1953-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-жылы туулган, убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарыкеев, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт; Игорь Трофимов, 1975-жылы туулган,; “Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору” ЖЧКнын башкы директору; Барктабас Аземкулов, 1967-жылы туулган, КР Аскердик сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор беш саясий партиядан түшкөн:
Кыргызстан коммунисттер партиясы президенттикке Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы – Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан (“Единый Кыргызстан”) – Адахан Мадумаровду, “Партия Зеленых Кыргызстана” – Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”) партиясы – Арстанбек Абдылдаевди көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты