Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер …

КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын жетекчиси Михаил Кротов менен жолугушту

29-Сен, 2011

Бүгүн 2011-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин (ПАК) Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мониторингине КМШ ПАКынан эл аралык байкоочулар тобунун катышуусуна байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушуу убагында КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңылыктарга жана Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы  шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мониторингине катыша турган эл аралык байкоочулардын санына кызыкты.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Т.Абдраимов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык “шайлоо дареги” деген жаңы термин пайда болгондугу, ага ылайык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо дареги боюнча шайлоочуларды тизмеге киргизүүгө жана бул тууралуу шайлоочуга добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү экендигин айтты. Ал ошондой эле азыркы шайлоо өнөктүгүндө мурда колдонулуп келгендей шайлоочулардын кошумча тизмеси болбой тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары, Т.Абдраимов КР Президентин шайлоону өткөрүүгө эл аралык уюмдардан байкоочулардын катышуусу тууралуу да маалымат берди.

Жолугушуу убагында КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо тутумундагы жаңылыктар жөнүндө айтып берди, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынан биздин республикага байкоочулар келе тургандыгына ишендирди.

Жолугушууда ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин ишине байланыштуу маселелер да талкууланды. Белгилүү болгондой  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Т.Абдраимов бул уюм менен иштөөдө чоң тажрыйбасы бар экендиги белгилүү, анткени  ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда  КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ченемдик укуктук документтерин иштеп чыгууга активдүү катышкан.

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын  Т.Абдраимовдун КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин (ПАК) Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов менен жолугушуусуна демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШнын ПАК катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг боюнча эл аралык институттун эксперттик тобунун жетекчиси Роман Амбурцов, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШ ПАКтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатывалдиев, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг боюнча эл аралык институттун Бишкектеги филиалынын директору Исламбек Мурсабеков катышты.

 

БШКнын басма сөз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>