Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Борбордук шайлоо …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган колтамга баракчалардын контролдук текшерүүсү ишке ашырылды

30-Сен, 2011

Бүгүн, 30-сентбрда саат 14.00 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Токтайым Уметалиева, Аскарбеком Абышев, Уланбеком Сооданбеков, Калыбеком Арабаев, Нариманом Тюлеев, Бакир уулу Турсунбай, Торобаем Колубаев жана Салмоорбеком Дыйканов тапшырган колтамга баракчалардын контролдук текшерүүсүн ишке ашырышты. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын кайталап кабарлагандан дагы кийин бул текшерүүгө катышуу үчүн келишкен жок.

  КР БШК мүчөлөрү талапкерлердин колтамгаларын текшерүүдө ачык-айкын чагылдыруу үчүн катышуучуларды колтамга баракчалары бар папкалардын мазмуну менен тааныштырды. Журналисттер жана өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү талапкерлердин колтамга баракчалары менен өздөрү көрүп таанышкандыгын белгилей кетели.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жогоруда аталган талапкерлердин колтамга баракчаларын текшерүү жөнүндө маалыматтарды келтиребиз:

 

Уметалиева Токтайым: тапшырды 34860 колтамга, 17604 - так, 17256 – так эмес.

Арабаев Калыбек: тапшырды 43271 колтамга, 9119 - так, 14152 – так эмес.

Дыйканов Салморбек: тапшырды 35644 колтамга, 20820 - так, 14824 – так эмес.

Абышев Аскарбек: тапшырды 31165 колтамга, 28516 - так, 2649 – так эмес.

Бакир уулу Турсунбай: тапшырды 64442 колтамга, 18689 - так, 45753 – так эмес.

Колубаев Торобай: тапшырды 33472 колтамга, 24200 - так, 9272 – так эмес.

Сооданбеков Уланбек: тапшырды 39106 колтамга, 27776 - так, 11330 – так эмес.

Тюлеев Нариман: тапшырды 135782 колтамга, 28515 - так, 107267 – так эмес.

 “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Президенттин кызматына талапкер колдоого 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултушу керектигин эскертебиз.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>