Башкы Жаңылыктар БШК жыйналышында колтамга баракчаларды контролдук текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө …

БШК жыйналышында колтамга баракчаларды контролдук текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды

29-Сен, 2011

Бүгүн, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү кезектеги жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 19-пункттарына ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер К.К.Ташиевдин, А.К.Мадумаровдун, А.К.Абдылдаевдин, Т.И.Асанбековдун ишенимдүү адамдарын катташты. Ошондой эле,  жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү деп  Жазгуль Ильичевна Бейшекееваны  каттоо тууралуу чечим кабыл алынды. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйналышында  аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.

Күн тартибине ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2- жана 4-бөлүктөрүн жетекчиликке алып,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө маселе каралып, кайталап шайлоону дайындоонун  графиги бекитилди. Талас облусунун Кара-Бура районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоосу дайындалды.

Ошондой эле, К.Арабаев, А.М.Абышев, Н.Т.Тюлеев, Т.Ж.Уметалиева, У.С.Сооданбеков тапшырган колтамга баракчаларын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ӨЭУ өкүлдөрүнүн, талапкерлердин, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда  контролдук текшерүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эскерте кетсек, 2011-жылдын 29-сентябрында Жогорку сотунун токтомдору менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына карата К.Арабаевдин, А.М.Абышевдин, Н.Т.Тюлеевдин, Т.Ж.Уметалиеванын, У.С.Сооданбековдун доо арыздары боюнча 2011-жылдын 24-сентябрындагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн  негиздер  менен сотко кайрылган  айрым талапкерлердин дагы колтамга баракчалары контролдук текшерүүдөн өткөрүлөт, тактап айтканда, Бакир уулу Турсунбайдын, Т.К.Кулубаевдин, С.Дыйкановдун.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга баракчалары контролдук текшерүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечимге ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун курамына кошумча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери жана чакырылган адистери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭКБнын экспертиза жана учет бөлүмүнүн кызматкерлери,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы соттук колжазмалар экспертиза бөлүмүнүн эксперттери киргизилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында  2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо бюллетенинин коргоо формасын жана даражасын бекитүү тууралуу маселе оң жагына чечилди.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>