Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери конкурстук тандоодон өтүп жатат
Жаңы түзүмдү жана штаттык ырааттаманы бекитүүгө байланыштуу 2013-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) аппаратынын конкурс өткөрүлгөнгө чейин өзүнүн функциялык милдеттерин убактылуу аткарган кызматкерлери, ошондой эле КР БШКнын борбордук аппаратындагы бош администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө катышуу ниетин билдирген талапкерлер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунда компьютердин тестирлөөдөн өттү.
«Түзүмдү жана штаттык ырааттаманы бекитүү жөнүндө» КР БШКнын төрагасынын буйругуна жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматтарга дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүгө тийиш.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобого» ылайык бош мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкүдөй үч этап менен жүргүзүлөт: конкурстун катышуучуларынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигин карап чыгуу, компьютердик тестирлөө жана маектешүү.
Конкурстук тандоонун биринчи этабынан кийин бош мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөгө катышуу үчүн 46 арыз берилген. Алардын ичинен 24 талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү, 6 талапкер зарыл баллды топтой алган жок жана 16 талапкер келген жок.
Азыркы учурда талапкерлер конкурстук тандоонун үчүнчү этабына даярданып жатат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындашты
Бүгүн, 2013-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өтүп, анда КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындашты.
Төмөндө 2013-жылдын 16-февралын дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги берилет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги
№ к/н
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы
Шайлоо өткөрүү датасы
Кайра шайлоону өткөрүүнүн себеби
Чүй облусу
Жайыл району
Сосновка
16.02.2013ж.
Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген
Кемин району
Көк-Ойрок
16.02.2013ж.
Депутаттардын кворуму жок
Нарын облусу
Жумгал району
Учкун
16.02.2013ж.
Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген
Баткен облусу
Лейлек району
Катран
16.02.2013ж.
Талапкерлер добуштардын зарыл санын алган жок
Ош облусу
Кара-Суу району
Кашкар-Кыштак
16.02.2013ж.
2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын зарыл санын алган жок
Ак-Таш
16.02.2013ж.
Депутаттардын кворуму жок
Алай району
Корул
16.02.2013ж.
Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген
Ноокат району
г.Ноокат
16.02.2013ж.
Депутаттардын кворуму жок
Өзгөн району
Ийри-Суу
16.02.2013ж.
2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын керектүү санын алган жок
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
10 .
Отрадное
16.02.2013ж.
Эки талапкер добуштардын тең санын алышты
Ысык-Көл району
11.
Бостери
16.02.2013ж.
2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын керектүү санын алган жок
12.
Темир
16.02.2013ж.
2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын керектүү санын алган жок
Тоң району
13.
Улахол
16.02.2013ж.
Депутаттардын кворуму жок
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон району
14.
Арстанбап
16.02.2013ж.
Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоону дайындашты
Бүгүн 2013-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү.
Жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү “Ар-Намыс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арызынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы кызматына дайындалгандыгынын негизинде, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алышты.
Анын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп Мадалиев Нуркамил Алишевич катталган.
КР БШКнын мүчөлөрү Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитишти.
Мындан тышкары, КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоону 2013-жылдын 12-февралына дайындашты
Төмөндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоонун графиги берилет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону өткөрүүнүн графиги
Чүй облусу
Катар №
Айыл өкмөтүнүн аталышы
Шайлоону өткөрүү датасы
Кайталап шайлоону өткөрүүнүн себеби
Жайыл району
Полтавка
12.02.2013-ж.
Депутаттардын кворумунун жоктугу
Москва району
Предтеченка
12.02.2013-ж.
Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген
Петровка
12.02.2013-ж.
Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген
Панфилов району
Кайыңды шаары
12.02.2013-ж.
Катталган талапкерлердин жоктугу
Сокулук району
Жаңы-Жер
12.02.2013-ж.
Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген
Ысык-Ата району
Кочкорбаев
12.02.2013-ж.
Талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Нарын облусу
Жумгал району
Түгөл -Сай
12.02.2013-ж.
Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Баткен облусу
Баткен шаары
12.02.2013-ж.
2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Кадамжай району
Масалиев
12.02.2013-ж.
2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Ош облусу
Араван району
10.
Нурабад
12.02.2013-ж.
Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Алай району
11.
Ленин
12.02.2013-ж.
2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
12.
Теплоключенка
12.02.2013-ж.
Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген
Жети-Өгүз району
13.
Тамга
12.02.2013-ж.
Эки талапкер бирдей сандагы добуштарды алган
Талас облусу
Бакай-Ата району
14.
Миң-Булак
12.02.2013-ж.
Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген
Жалал-Абад облусу
15.
Майлуу-Суу шаары
12.02.2013-ж.
Депутаттардын кворумунун жоктугу
16.
Жалал-Абад шаары
12.02.2013-ж.
Депутаттардын кворумунун жоктугу
Аксы району
17.
Кара-Жыгач
12.02.2013-ж.
Депутаттардын кворумунун жоктугу
Сузак району
18.
Көк-Жаңгак шаары
12.02.2013-ж.
Депутаттардын кворумунун жоктугу
Тогуз-Торо району
19.
Тогуз-Торо
12.02.2013-ж.
Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өтөт
2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейин 20 шаарда жана 250 айылдык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтөт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындаган.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
Шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен өткөрөт.
Шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырат. Шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде ага тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, өттү деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун графигин көрүүгө болот - здесь.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
Бүгүн, 2013-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү, анда КР БШКнын мүчөлөрү 4 маселени карады.
КР БШКнын мүчөлөрү 2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейин өтө турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Москва, Ысык-Ата, Кара-Кулжа, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» 2012-жылдын 15-декабрындагы №153 жана «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155 токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун графигин көрүүгө болот – бул жерде.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Бүгүн, 2013-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү.
КР БШКнын мүчөлөрү Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
«Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №154 токтомунун 15-пунктунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6-бөлүктөрүнө ылайык, КР БШКнын мүчөлөрү Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түздү.
КР БШКнын мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графигине ылайык, шаарлардын мэрлерин шайлоо – 20 шаарда, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 250 айылдык аймакта 2013-жылдын 28-январынан тартып 2-февралына чейин өтөт.
Ошондой эле жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак жана Чет–Нура айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Мындан тышкары, КР БШКнын мүчөлөрү «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимовдун пресс-конференциясы болду
2012-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун 2012-жылдын 25-ноябрыдагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференциясы болуп өттү.
Пресс-конференциянын жүрүшүндө Т.Абдраимов мындай деп белгиледи: республика боюнча бүтүндөй алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өзгөчө кыйчалыштар болбостон, бейпил, кыйла ачык жана таза өттү. Ошого карабастан, бул шайлоодо ыплас технологиялар колдонулганын жана айрым шайлоо участкаларында шайлоо мыйзамдарын одоно бузуулар белгиленди.
Төмөндө КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимовдун сөзүн толук келтиребиз:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерге 2012-жылдын 25-ноябрында республиканын 25 шаарында жана 415 айылдык аймагында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалымат берүүгө уруксат этиңиздер.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого республика боюнча 1291541 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 51,13%ын түзөт.
2012-жылдын 25-ноябрында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорционалдык система боюнча өттү, мында талапкерлерге партиялык тизмелер боюнча гана добуш беришти. Бул Кыргызстанда саясий партияларды ургаалдуу өнүктүрүү жана демократиялык өзгөрүүлөрдү өркүндөтүү үчүн олуттуу дем берет.
415 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча өттү, ал система шайлоочуларыбызга мурдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор боюнча алда канча маалым.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык, 7545 депутат шайланды, алардын ичинен партиялык тизмелер боюнча шаардык кеңештердин депутаттары 699 же пайыздык катышта (9,3%); көп мандаттуу округдарда 1695 депутат (22,5%) партиялардан көрсөтүлгөндөр, шайлоочулардын топторунан 369 (4,89%) жана өзүн-өзү көрсөткөн 4770 (63,22%) депутат бар, алардын ичинен:
- 6534 (86,60%) эркек жана 1011 (13,39%) аял;
- жогорку билимдүүлөр – 3981 (52,76%);
- толук эмес жогорку же атайын орто билими барлар – 1591 (21,08%);
- орто билими барлар - 1973 адам (26,14%).
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын курагы:
- 943 адам (12,49%) 30 жашка чейинки куракта;
- 3353 адам (44,44%) 30 – 45 жашта;
- 3249 адам (43,06%) 45 жаштан улуу.
Улуттук курамы боюнча: кыргыздар – 6469 (85,73%), орустар – 181 (2,39%), өзбектер – 518 (6,86%), башка улуттардын өкүлдөрү – 377 (4,99%).
Быйылкы шайлоону 2008-жылдын 5-октябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен салыштырсак, шайлоого катышкан шайлоочулардын санын кошпогондо, жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр өтө айырмаланбайт. Алсак, 2008-жылдын 5-октябрындагы шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын жалпы санынын 63,7%ын түзгөн, ал эми 2012-жылдын 25-ноябрында 51,13%ды түздү. Бул ушул шайлоодогу добуш берүүнүн акыйкат цифрасын көрсөтүп жана 2012-жылдын 25-ноябрындагы шайлоо объективдүү жана таза өткөнүн айгинелеп турат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын азыркы курактык курамы алардын мурдагы курамына салыштырганда алда канча жаш экенин белгилеп кетүү керек.
Республика боюнча бүтүндөй алганда азыркы шайлоодо 7545 мандатка атаандашкан талапкерлердин саны 27082 талапкерди түздү, бул 2004- жана 2008-жылдары катталган шайлоочулардын санынан алда канча көп. 2004-жылдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 6731 мандатка 10954 талапкер атаандашкан. 2008-жылы 7647 мандатка 15139 адам талапкер болуп катталган.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан, талапкерлерден, өкмөттүк эмес уюмдардан 30978 байкоочу, анын ичинде 17 эл аралык байкоочу мониторинг жана контроль жүргүздү. Баткен облусунда байкоочулардын саны - 3235, Жалал-Абад облусунда – 4047, Ысык-Көл облусунда – 4091, Нарын облусунда – 2521, Ош облусунда – 5892, Талас облусунда – 1460, Чүй облусунда – 4114 жана Бишкек шаары боюнча 5601 адамды түздү.
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чыгымдарды кыйла кыскартканын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Алсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого каралган 168,6 млн. сомдун ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы, алдын ала эсептөөлөр боюнча, 46,0 млн. сомго жакын суммадагы акча каражаттарын үнөмдөдү. Бул үнөмдөө чыгымдарды кыскартуунун жана иретке келтирүүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдар менен зор ишти жүргүзүүнүн эсебинен алынды, бул уюмдар басылма продукцияны даярдоо, мыйзамдарды чыгаруу, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу боюнча финансылык камсыз кылуунун көп бөлүгүн көтөрдү.
Буга байланыштуу 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын суммасы 408,6 млн.сом суммасында бекитилгенин, анын ичинен 173,7 млн.сомду Борбордук шайлоо комиссиясы бюджетке кайтарганын кошумчалап кетким келет.
Бүтүндөй алганда республикада жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өзгөчө кыйчалыштар болбостон, бейпил, кыйла ачык жана таза өттү. Ошого карабастан, бул шайлоодо кантсе да ыплас технологиялар колдонулду жана айрым шайлоо участкаларында шайлоо мыйзамдарын одоно бузуулар белгиленди. Бул айрым участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесиптик деңгээлинин төмөндүгү, ошондой эле шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятынын пастыгы жөнүндө тастыктап турат.
Шайлоо мезгилинин ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына республиканын бардык региондорунан участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан ар кандай укук бузуулар жөнүндө 200дөн ашык кат, арыз жана даттануу келип түштү, алар жайдан тышкары жерде добуш берүү; бюллетендерди күр таштоо; бир нече жолу добуш берүү; партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнө жана байкоочуларга талап кылынган маалыматты, шайлоо документтеринин, атап айтканда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөлөрүн бербей коюу маселелерине тиешелүү; ошондой эле айрым шайлоо участкаларында администрациялык ресурсту колдонуу аракеттери болду.
Бардык каттар, арыздар жана даттануулар белгиленген мөөнөттөрдө каралды жана алар боюнча мыйзамдарга ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Каттарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгуунун натыйжалары боюнча аймактык шайлоо комиссиялары жана Борбордук шайлоо комиссиясы айрым шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечимдерди кабыл алды.
Республика боюнча бардыгы болуп 19 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды жана 61 шайлоо участкасында добуштарды кайрадан эсептөө жүргүзүлдү
Участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалары боюнча Нарын аймактык шайлоо комиссиясын жана 10 участкалык шайлоо комиссиясын (Бишкек шаарынын №№1017, 1305, 1340 УШКлары, Сокулук районунун №№7230, 7231, 7235, 7237 УШКлары, Аламүдүн районунун №№7188, 7194 УШКлары) таратуу чечими кабыл алынды.
Добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурунда укук бузууга жол берген адамдарга карата тиешелүү чара көрүү үчүн 26 укук бузуу боюнча материалдар укук коргоо органдарына жана прокуратура органдарына жөнөтүлдү.
Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинин ичинде ар кандай инстанциядагы сотторго 28 даттануу келип түштү, аларды соттор карап чыкты жана алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Өткөн шайлоонун негизги кемчиликтерин көрсөтүп кетүү керек, алар: шайлоочулардын сапатсыз тизмелери, мында шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба алган эмес, ID карталар жагындагы көйгөйлөр, шайлоо процессинин катышуучуларынын кесиптик жана маданий деңгээли жана башкалар.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо масштабдуу жана татаал болду, мында шайлоону ийгиликтүү өткөрүүдө участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө зор роль таандык.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аткарган иши үчүн участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдиргим келет.
Ошондой эле шайлоону даярдоодо жана ийгиликтүү өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү жана жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Финансы министрлигине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн объективдүү чагылдырып турганы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
2012-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жигердүү катышканыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы 2013-жылда сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубат жашоо жана ийгилик каалоого уруксат этиңиздер!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти
2012-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Баткен облусунун Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
Жалал-Абад облусу боюнча КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл алууда тиешелүү түрдө Ысык-Көл районунун №3026 жана Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык округунун №3134 участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. КР БШКнын мүчөлөрү «Жан-Булак» шайлоо округунда Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешин жана «Орто-Саз - Ак-Кыя» шайлоо округунда Чет-Нура айылдык кеңешин шайлоонун натыйжаларын бекиткен жок.
КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл алууда Араван районунун №5352 жана Кара-Суу районунун №5245, №5198 участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
КР БШКнын мүчөлөрү Талас шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп тапты жана Талас шаарынын №6108 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Талас шаардык АШКнын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №15 токтомун жокко чыгарды. Талас шаарынын калган бардык участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жарактуу деп табылды. Талас облусу боюнча бүтүндөй алганда, КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
Чүй облусу боюнча КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Токтом кабыл алууда КР БШКнын мүчөлөрү Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин №7281 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө №16 Москва аймактык шайлоо комиссиясынын жана тиешелүү түрдө №7057 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануу жөнүндө №12 Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун жокко чыгарды. Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Москва районунун №№ 7273, 7280, Жайыл районунун №7327 жана Аламүдүн районунун №7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө жүргүзүлдү
Бүгүн, 2012-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдун жана Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.К. Мамыровдун 2012-жылдын 6-ноябрында келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү депутаттыкка катталган талапкерлер тиешелүү түрдө Тулобаев Балбакты жана Каримов Бекболотту жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешинин №3041 Семеновка көп мандаттуу шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Чечимге ылайык Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда №3041 шайлоо участкасында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин арыздарында көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Атап айтканда, талапкерлер Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жараксыз деп табууну өтүнгөн. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин № 4 Батыш көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин №3189 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №3135 Таш-Кыя УШКда жана №3137 Бурма-Суу УШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча даттанууларды карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү Ак-Суу АШК шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептеп чыксын деген чечимди кабыл алды. Шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешинин №3122 шайлоо участкасында жүргүзүлдү.
КР БШКнын мүчөлөрү жыйналышта ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы №№7208, 7230, 7231, 7237, 7258 шайлоо участкалары боюнча чечим кабыл алды. Чечимге ылайык Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы), саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын сөзсүз катышуусу менен шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.
КР БШКга келип түшкөн депутаттыкка талапкерлердин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө шайкеш эместиктерге арыздары менен даттанууларына жана Талас облусунун: Талас районундагы №№, 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098, 6099, Бакай-Ата районундагы №6066 жана Кара-Буура районундагы №6031 шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан эсептөөнү жүргүзүү өтүнүчтөрүнө байланыштуу КР БШКнын мүчөлөрү жогоруда саналган участкаларда БШКнын мүчөсүнүн, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайрадан эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Талас шаарына келсек, КР БШКнын мүчөлөрү Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы №14 чечиминин №№ 6106, 6111 шайлоо участкаларында бюллетендерди кайрадан эсептөөнү жүргүзүүдөн баш тартуу бөлүгүн жокко чыгарууну, калган бөлүгүн күчүндө калтырууну чечти. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык №№ 6106, 6111 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен бюллетендерди кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
«Ар-Намыс», КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлеринин кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин: «Ар-Намыс», КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлери кайрылды. Кайрылууда 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнү саясий партиялардын жана жарандык сектордун байкоочулары шайлоо мыйзамдары бузулушунун фактыларын белгилегендиги жөнүндө айтылат.
Кайрылууда шайлоочулардын тизмелерин ылгап текшерүү үчүн БШКнын, саясий партиялардын жана жарандык сектордун өкүлдөрүнөн турган комиссияны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө белгиленген.
Кайрылуунун толук текстин көрүүгө болот – бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акча каржаттардын кыймылы жөнүндө отчет
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин “РСК БАНК” ААКда ачылган шайлоо эсекптери боюнча 01.10.2012-ж. тартып 23.11.2012-ж. чейинки мезгил үчүн маалыматтар – бул жерде .
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
ЖМК өкүлдөрү үчүн КР БШКнын төрагасынын пресс-конференциясы
Бүгүн, 2012-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз-борборунда КР БШК төрагасы Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимовдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн пресс-конференциясы өттү.
КР БШК төрагасы Т.Абдраимов үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына ыраазычылыгын билдирди.
Ал, жалпысынан республика боюнча жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого алдын ала маалымдоолорго карата 48,67% шайлоочу катышкандыгын айтты. Бишкек шаарында 35,85% шайлоочу добуш берген, Чүй облусунда –47,50%, Ош облусунда – 57,80%, Жалал-Абад облусунда – 53,10%, Баткен облусунда – 44,13%, Ысык-Көл облусунда – 48,63%, Нарын облусунда – 51,50%, Талас облусунда – 56,60%.
КР БШК төрагасы ЖМКлардын өкүлдөрүнө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1 беренесине ылайык талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышаарын белгиледи. Алсак, алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоочулардын добушунун 7% көбүн алган төмөндөгү 4 саясий партия өтө тургандыгын айтты: КСДП (32,83%), «Республика» (18,07%), «Ата Мекен» (10,24%) и «Замандаш-Современник» (9,6%). Ошондой эле ал башка 24 шаардык кеңештерине шайлоонун алдын ала натыйжаларына токтолуп кетти.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып КР БШК төрагасы Т. Абдраимов келип түшүп жаткан кайрылууларга, даттанууларга жана арыздарга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары айрым участкалардагы шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо жөнүндө чечим кабыл алгандыгын айтты. Атап айтканда Бишкек шаарында 14 УШКда кайрадан саноо өткөрүлгөн. Ысык-Көл облусунда 3 УШКда кайрадан саноо өткөрүлөт, Талас облусунда 2 УШКда, Нарын облусунда 3 УШКда. Чүй облусунда 3 УШКда, Жалал-Абад облусунда 7 УШКда кайрадан саноо өткөрүлөт. Ошондой эле БШК төрагасы КР БШК мүчөлөрү шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноого катышуу үчүн облустарга жөнөп кетишкендигин айтты, анткени “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык КР БШКнын мүчөсүнүн саноого катышуусу милдеттүү.
Пресс-конференцияны бүтүрүп жатып Т. Абдраимов ЖМКлардын өкүлдөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы бузуулар белгиленген жана алар жөнүндө мыйзамга ылайык арыз түшкөн бардык шайлоо участкаларында кайрадан добуштарды саноого даяр экендигин ынандырды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борбору
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын келиши боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түшүндүрмөсү
Маалымат агенттиктеринде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан шайлоочулардын саны эсептелген шайлоо бюллетендеринин санынан аша тургандыгы жөнүндө маалымат пайда болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 25 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын келиши юридикалык мааниси болбогон болжолдуу маалымат болуп саналат. Тиешелүү түрдө бул маалыматты маалымат агенттиктеринде көрсөтүлгөндөй расмий маалымат деп атоого болбойт.
БШКнын маалыматтары боюнча, шайлоо күнү чындыгында эле Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо добуш берүүгө катталган 346 338 шайлоочунун ичинен 109 495 шайлоочу катышты. Ошого карабастан, саат 19:00гө карата БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын келиши жөнүндө маалыматта мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочулар киргизилбегенин белгилеп кетүү керек.
Шайлоонун натыйжаларын аныктоого келсек, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде шайлоонун натыйжаларын добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен аныктайт, бирок эч качан БШК аныктабайт. Ушундан кийин гана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөргөн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо документтерин БШКга берет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Бүгүн, 2012-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
КР БШКнын мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, 19-беренесиндеги 7-бөлүккө, «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты
Бүгүн, 2012-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү жол-жоболорун бузгандыгына «Коалиция за демократию и гражданское общество» коомдук бирикмесинин жана бир катар саясий партиялардын жетекчилеринин кайрылуусун эске алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2-пункттарды жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү жол-жобосун текшерүү зарыл болгон участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин аныктоону сунуш кылуу чечимин кабыл алды.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү сунуш кылынган материалдарды, ошондой эле Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Маматовдун докладын талкуулап, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 25-ноябрындагы №33 чечимин негиздүү кабыл алынган деп тапты. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайлардан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти