Бүгүн Чүй областынын Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт.

11 июня 2013

Бүгүн 11-июлда Чүй областынын Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт. Бул айыл аймагынын өкмөт башчысы ушул жылдын май айында өзүнүн арызы менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен. Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилигине бир талапкер, учурда айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан  Мирлан Карагулов катталган.

Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары тарабынан, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин депутттары тарабынан шайланат. Москва аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясыны

басма сөз кызматы