Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин жана Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылды
04 июня 2013
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин жана Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп тапты жана “Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” токтом кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» өлкөнүн Президентинин Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго ылайык Бостери айылдык кеңешине - 21, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешине – 21 талапкер депутат болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
