Майлуу-Суу, Көк Жаңгак шаардык кеңештеринин жана Аксы районунудагы КараЖыгач айылдык кеңешинин депутатттарын шайлоо өттү деп табылды
04 июня 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында « Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жпана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Майлуу-Суу, Сузак, Аксы аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан келип түшкөн протоколдордун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк Жаңгак шаардык кеңештеринин жана Аксы районунудагы КараЖыгач айылдык кеңешинин депутатттарын шайлоо өттү деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине жарандардан жазуу жүзүндөгү арыздар, даттануулар, актылар келип түшкөн жок. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
