Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылды

04 июня 2013

    Бүгүн, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин Кара-Ой шайлоо округу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыктарын расмий чыгарды. Шайлоо «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги Жарлыгына ылайык 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. 

     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Депутат болуп шайлангандарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.

                             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы