Башкы Жаңылыктар КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана …

КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады

КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады
24-Сен, 2026

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясынын Беларусь Республикасындагы эки күндүк стажировкасы аяктады. Бул таанышуу сапары КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖБББ) демилгеси менен уюштурулду. Сапар жаштар менен иштөөдөгү беларусь тажрыйбасын үйрөнүүгө жана шайлоо процессине заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө багытталган.

Делегациянын курамында КР БШКнын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева, ЖБББнын директору Анара Бейшембаева жана ЖБББнын эксперти Роза Дуйшеева болушту.

Сапардын алкагындагы негизги иш-чара Беларусь БШКнын төрагасы Игорь Карпенко менен жолугушуу болду. И. Карпенко жаштар арасында туруктуу негизде маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, түз диалог аң-сезимдүү жарандык позицияны калыптандырарын белгиледи. Жолугушуу Беларусь БШКсынын катчысы Елена Балдовская менен баарлашуу менен уланды, анда тараптар биргелешкен долбоорлордун практикалык аспектилерин жана Беларусь БШКсынын укуктук-методикалык кабинетинин материалдарын изилдешти.

Беларустун жарандык тарбия берүү тутуму менен комплекстүү түрдө таанышуу болду:

1. Жалпы орто билим берүү - Минск шаарындагы № 52 орто мектебинде коом таануу сабагына катышуу, шайлоо процесси боюнча Республикалык олимпиаданын регламентин жана «Шайлоо укугу» маалыматтык сааттарынын методикалык сунуштарын үйрөнүү.

2. Жогорку мектеп жана студенттик өзүн-өзү башкаруу - Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында Беларусь БШКсынын алдындагы Жаштар кеңеши жана «Выбор» шайлоо клубу менен жолугушуу; «Жаш шайлоочунун мектеби» долбоорунун жана «2х2/татаал нерсе жөнөкөй тил менен» интерактивдүү платформасынын бет ачары.

3. Мамлекеттик башкаруу жана коомдук демилгелер - Республикалык жаштар үйүнө баруу, жаштар саясатына идеологиялык вертикалдын мамилесин изилдөө, ошондой эле Беларусь республикалык жаштар союзунун (БРЖС/БРСМ) ишмердүүлүгү жана долбоорлору менен жакындан таанышуу.

4. Жаштар инфраструктурасы жана волонтёрлук - «Студенттик айыл» комплексине баруу, студенттерди колдоо инфраструктурасы, ошондой эле Республикалык жаштар борборунун (РЖБ) жана Республикалык волонтёрдук борбордун (РВБ) иштери менен таанышуу.

«Беларусь БШКсынын жетекчилиги менен жолугушуу, профилдик мекемелерге, билим берүү уюмдарына жана жаштар борборлоруна сапарлар республикада жарандарды тарбиялоонун натыйжалуу жана бирдиктүү экосистемасы түзүлгөнүн тастыктайт. Маалыматтык-түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулушу, волонтёрлук жана жаштар кыймылынын өнүгүшү, ошондой эле бийлик органдарынын, академиялык чөйрөнүн жана мектептердин ортосундагы тыгыз синергия жаңы муундун укуктук маданиятын ийгиликтүү калыптандырууга өбөлгө түзөт», - деп белгилешти КР БШК делегациясынын өкүлдөрү.

Бул иш сапар эки өлкөнүн профилдик түзүмдөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик диалогдун жана жарандык билим берүү чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларды жайылтуунун бекем пайдубалын түптөөгө багытталган.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>