КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова референдумда жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Люксембург айылында добуш берди

11 декабря 2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабековареферендумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга байланыштуу колу бошобогонуна карабай, Люксембург айылындагы 7139 шайлоо участогунда добуш берди.

Бул шайлоо округунда сегиз депутаттык мандатка 19 талапкер ат салышууда. Тизмеге ылайык ал участокто1524 шайлоочу жанареферендумдун 1563 катышуучусу добуш бериши керек.

КР БШК төрагасы өзүнүн жарандык милдетин аткаруу менен бирге он сегиз жаштагы Жалилбек Даниярды биринчи жолу шайлоого катышып жатканы менен куттуктап, ыраазычылык кат тапшырды.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы