Түркиянын байкоочулар миссиясынын башчысы: “Кыргызстандын БШКсы элдин шайлоого ишенимин кайтаруу үчүн канчалык көп иш жасаганын биз көрдүк”

12 декабря 2016

11-декабрда Түркиянын байкоочуларыКыргызстандын Борборшайкомунун басма сөз борборунда журналисттер менен жолугушуу өткөрүштү. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гювен өз сөзүн бүгүн Стамбулда теракттын натыйжасында курман болгондордун туугандарына көңүл айтуу менен баштап, жарадар болгондорго тез сакайып кетүүлөрүн каалады.

Түркиянын байкоочуларынын делегациясы №1219 жана №1213 шайлоо участокторунун ачылышында болуп,шайлоо процессинде мыйзам бузууларды аныкташкан жок. Сади Гювен минтип айтты: “Кыргызстандын БШКсы элдин шайлоого ишенимин кайтаруу үчүн канчалык көп иш жасаганын биз көрдүк.

Бул биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануунун натыйжасында мүмкүн болду. Бизде биометрикалык каттоонунтехнологиясы эми гана киргизилүүдө, Кыргызстандын тажрыйбасы Түркияда колдонулат”. Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүнүн пикири боюнча добуш берүү процесси ачык-айкын өттү, участоктордо саясий партиялардан, үгүт топторунан, жарандык коомдон байкоочуларболушту. Участоктор жабылгандан кийин протоколдор добуштарды кол менен саноонун негизинде түзүлдү.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы