КР БШК: Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду

14 июля 2017

КР  БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы жыйынында  Бакай-Ата, Аксы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн  мурда  токтотуу  тууралуу  жана  жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бошогон мандаттарын кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечим  бекитилди.  

Ошентип:

-Бакай-Ата жергиликтүү кеңешинин депутаты Бакеев Байсеит Дастемкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, анын ыйгарым укуктары  “Эрешов Сооронкул” дыйкан чарбасынын  жетекчиси Төлөшов Данияр Шабдановичке;

 

-Аксы жергиликтүү кеңешинин депутаты Аманбаев Рахматилла Тажимырзаевичтин  берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, анын ыйгарым укуктары “Келечек ХХ1 кылым” №13-бала бакчасынын тарбиячысы Сапарова Азиза Жолчуевнага;

 

-Ысык-Ата жергиликтүү кеңешинин депутаты Молдобаев Мирбек Жумашевичтин  берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду анын ыйгарым укуктары “НБТ” ЧНТ ЖЧКнын кызматкери Насыров Абдирахимжан Уморджановичке берилди.”

 КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү