КР БШК: Ош жана Нарын областарында жаңы шайлоо участкалары түзүлдү
14 июля 2017
Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, жашоочулардын кайрылууларынын негизинде жана шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Он беш жаш айылынын аймагына (№5566), Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагына (№4170), Кочкор районунун Кочкор айыл аймагына (№4169) жаңы шайлоо участкаларын түзүү чечими кабыл алынды.
КР БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына кайрадан түзүлгөн шайлоо участкаларынын участкалык шайлоо комисссияларынын тутумун жана резервин түзүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
