КР БШК: Ош жана Баткен облустарынын айрым АШКларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
14 июля 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы жыйынында Ош жана Баткен облусунун тийиштүү аймактык комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде айрым АШКларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди.
Ошентип:
- Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан “Туран” саясий партиясынан Бегматова Фариада Кочкоровна жана “Республика” саясий партиясынан Шайырбек уулу Руслан чыгарылды.
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлчүлүгүнөн Полотова Гүлдаргүл Ганыевна, Махмутов Кумарбек Исмаилович, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлчүлүгүнөн Гайбекова Урумкан Исмаиловна, Кадирова Елена Ягафаровна жана Бекаева Зылалай Азамкуловна чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
