Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы шайлоо участкасын жойду
2017-жылдын 25-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы №2386 шайлоо участкасын жоюу жана участкалык шайлоо комиссиясынын тутумун таркатуу тууралуу токтом кабыл алды.
Чечим Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
2017-жылдын 25-июлундагы КР БШКнын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөт башчыларын 2017-жылдын 20-июлундагы шайлоо болуп өттү деп табылды.
Ошентип:
· М.Өмүрбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы;
· С.Бараканов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы;
· Т. Айткулов Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы катары таанылды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Ош, Жалал-Абад облустарында жаңы шайлоо участкаларын түзүү боюнча токтом кабыл алдынды
КР БШКнын 2017-жылдын 25-июлундагы жыйынында Ош облусунун Ноокат районунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондорунда жаңы шайлоо участкаларын түзүү боюнча токтом кабыл алынды.
Чечим, шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде кабыл алынды.
Ошентип:
· Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу селосунун аймагында №5567 шайлоо участкасы;
· Сузак айыл аймагында №2424, №2425 шайлоо участкасы;
· Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагында №2426 шайлоо участкасы;
· Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында №2428 шайлоо участкасы;
· Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагында №2427 шайлоо участкасы түзүлдү.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
2017-жылдын 25-июлунда КР БШК Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына, Чүй облусунун Ысык-Ата, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.
Ошентип:
Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан:
· Аскарбек уулу Айдар, М.Ибраева, Б. Дүйшеналиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан) жана А.Идинова ( “Ата Мекен” саясий партиясынан) чыгарылды;
· Г.Алыбаев, Н.Мартынова, Н.Ниязова (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан ) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан:
· С. Абдыжапарова ( “Замандаш”саясий партиясынан), Р. Дунганаева ( “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан), А. Абирова, А.Төрөкулов (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан);
· А. Абазганов, Р. Шеримбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан:
· Н.Темирбеков (Республикалык коомдук-саясий партия “Кыргызстан куруучулар партиясынан”), Б.Ниязов, В.Галимова (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан) жана С.Эсенгожоев ( “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан) чыгарылды;
· А.Жумаев ( “Республика” саясий партиясынан), Г.Бөлөкбаев ( “Республика – Ата Журт”саясий партиясынан), У.Мусабаев, А.Чунгулов, А.Нурбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан ) комиссиянын тутумуна резервден киргизилди.
Ошондой эле айрым аймактык шайлоо комиссиясынын резервине толуктоолор киргизилди.
-Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервине А.Абазганова жана Р.Шеримбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан);
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине У.Мусабаев, А.Чунгулов, А. Нурбекова (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан);
-Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине А.Илебаева, А.Узакбаева, С.Матаева, Э.Багышов, Ж.Түнкатаров, Б.Байышбеков, А.Секиев, Ш.Турумбеков, К.Шыгаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан);
-Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Б.Матаев, М.Эргешова, Эсенали уулу Ысманали, Р.Сражов, Ш.Жанботоев (жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан);
-Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясына резервине Сейталиева Рита Жуматаевна (“Замандаш”саясий партиясынын сунушу менен) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу К.Мактымбаевден арыз келип түштү
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1952-жылы 12-сентябрда туулган, пенсионер, Мактымбаев Калмаматтан арыз түштү.
2017-жылдын 25-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 31 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев).
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 7 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы).
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Турсунбек Акун, А.Бекназаров жана И.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
КР БШКнын 2017-жылдын 25-июлундагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Турсунбек Акун, А.Бекназаров жана И.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Ошентип:
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
1. Мурзагожоев Керемет Нурбекович
2. Алишерова Айгул Якуббек кизи
3. Тургуналиева Чынаргул Мамбетказиевна
4. Ажиев Кишенбек
5. Бостериева Уулкан Арзыкуловна
6. Кулакматов Калмырза Джумалиевич
7. Жакыпбеков Канымет Шакиевич
8. Алчынбеков Тынчтыкбек Жумабаевич
9. Мадалбеков Элдияр Мадалбекович
10. Бабаназаров Нургазы Жолдошович
11. Өскөналиева Айганыш Аваскановна
12. Айбашов Абдрахман Шаразакович
13. Шаршембиев БектурганАсанович
14. Төрөгелдиев Токтобай Акыевич
15. Мурсадаирова Чолпон Талантовна
16. Балтабаев Ырысбай Амирбекович
17. Сатаев Замир
18. Курманалиев Муратбек Аблабекович
19. Мамбетисаев Алтымыш
20. Турусбеков Исмаил Русланович
21. Исакова Гулбара Зиябидиновна
22. Усубалиев Жумадил Эмилович
23. Жээнбеков Алишер
24. Молдакмат кызы Айдай
25. Юнусов Усар Усманович
26. Жумабаев Морхабой Бектемирович
27. Рахманова Ырыскул
28. Кожомбердиев Тургун Телемишевич
29. Суранчиева Жазгул Каныбековна
30. Жапарбеков Азат Жапарбекович
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
1. Райымбеков Капарбек Аттокурович;
2. Тойгонбаев Чолпонкул Бекмырзаевич;
3. Саркулов Баялы Кадырбаевич;
4. Шатманова Ляйлекан Амановна;
5. Уркунов Алыбай Керимбекович.
6. Бабатаев Жалынбек Абдыназарович.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
-шайлоо боюнча Аникеева Галина Анатольевна;
-каржы маселеси боюнча Старостина Лариса Александровна катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын кыймылы жөнүндө 2017-жылдын 24-июлуна карата төмөнкү маалыматты жайгаштырат:
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Муратбекова З.А.
391
-
391
2
Карасартова Р.Р.
37 900
16 069
21 831
3
Шаршекеева К.Д.
40 000
7 160
32 840
4
Чороев К.А.
67 580
66 200
1 380
5
Масадыков Т.Ш.
130 000
101 790
28 210
6
Абдылдаев А.Б.
815 000
715 000
100 000
7
Сариев Т.А.
3 000 000
1 223 635
1 776 365
8
Бабанов О.Т.
15 000 000
13 917 827
1 082 173
9
Малиев А.К.
4 259 800
115 660
4 144 140
10
Жээнбеков С.Ш.
3 000 000
14 550
2 985 450
11
Мамедов Н.М.
520
-
520
12
Абрахманов С.У.
40 000
-
40 000
13
Турсунбек Акун
9 000
5 000
4 000
14
Кочкоров У.Т.
117 900
108 513
9 387
15
Джунусов Р.Э.
35 000
11 040
23 960
16
Бекназаров А.А.
15 000
4 950
10 050
Кененирээк билүү >>
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн тестирлөөнүн тартибин бекитти
2017-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия КР Президенти кызматына талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн тааныштыруу жолугушуусун өткөрүп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин “Кыргызтест” тутуму боюнча аныктоонун тартиби менен тааныштырды.
Ошондой эле 2017-жылдын 25-июлунда КР Президенти кызматына талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн «Кыргызтест» тутумунун иштөөсүнүн расмий бет ачары өткөрүлөт.
2017-жылдын 17-июлунда мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия өзүнүн буйругу менен “КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомуна ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо үчүн тесттен өткөрүүнүн тартиби тууралуу” Жобону бекиткенин эске салабыз.
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча 2017-жылдын 26-июлунда түзүлгөн графикке ылайык, мамлекет башчысынын кызматына талапкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү үчүн тесттирлөө башталат.
Тутумга ылайык бардык шарттар эки этаптан, төрт субтесттен турат. Биринчи этапта талапкер каттоодон өтөт жана идентификациялык код алат, тестирлөөдөн өтүүнүн жол жобосу менен таанышат. Экинчи этапта талапкер тестирлөөдөн өтүп, жыйынтыгын алат.
KР Президенти кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү КР Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сертификатын (ортодон жогорку же В2) шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен тапшыруусу керек.
Тестирлөө Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн, №547-дарегинде (7200330) өтөт.
Кененирээк билем десеңиз ушул шилтемеге кирсиңиз: http://kyrgyztest.gov.kg/
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына И.Масалиевди көрсөтүү тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын чечими келип түштү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан коммунисттер партиясынын 2017-жылдын 22-июлундагы ХI кезексиз съездинин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына И.Масалиевди көрсөтүү тууралуу чечими келип түштү.
2017-жылдын 24-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 30 жаранынан арыз келген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Үмөталиева).
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлерин көрсөткөн 7 саясий партиянын чечими келген. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков- «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – Политическая партия «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Үмөталиева, К.Ташиев жана А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
2017-жылдын 23-июлундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Үмөталиева, К.Ташиев жана А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каралып, катталды.
Ошентип:
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Үмөталиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- Когай Леонтий Николаевич;
- Муратов Акылбек Иркинович;
- Уметалиева Назгул Джунушбаевна;
- Тенизбаева Чинара Турсунбековна катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
-шайлоо боюнча Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич жана Сатыев Медербек Асанбекович;
-каржы маселеси боюнча Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич жана Матиева Ырысхан Рустамовна катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
-шайлоо боюнча Бекназаров Жаныбек Денисбекович;
-каржы маселеси боюнча Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна катталды.
Ошондой эле КР БШК КР Президенти кызматына талапкер С.Карасартованын берген арызынын негизинде шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырып алуу боюнча токтом кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
2017-жылдын 23-июлдагы КР БШКнын жыйынында 2017-жылдын 11-июлунда өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди.
Протоколдорду карап чыгуунун жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүндө шайлоо болуп өттү деп табылды.
Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Н.Мурзакматов шайланды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Эңилчек айыл аймагында шайлоо участкалары бириктирилди
КР БШКнын 2017-жылдын 21-июлундагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы №3114 жана №3115-шайлоо участкаларын №3113 шайлоо участкасына бириктирүү тууралуу токтом кабыл алынды.
Бул чечим Жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен, Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча шайлоо участокторун бириктирүү жөнүндө Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилди
КР БШК 2017-жылдын 21-июлундагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде 2017-жылдын 3-сентябрында өтүүчү мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти.
Жалпы чыгымдоо суммасы 164 000 (жүз алтымыш төрт миң) сомду түзөт.
“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ат-Башы жана Жайыл АШКларынын тутумуна жана резервине өзгөртүү киргизилди
КР БШКнын 2017-жылдын 21-июлундагы жыйынында Ат-Башы жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүү киргизилди.
Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан К.Жапаров Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды жана “Республика” саясий партиясынан Р.Нишанова резервден чыгарылып, комиссиянын тутумуна киргизилди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Г.Өмүрзакова Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды жана “Республика” саясий партиясынан С.Дильманова резервден чыгарылып, комиссиянын тутумуна киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Масадыков, А.Малиев, А.Бекназаров жана С. Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
2017-жылдын 21-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Масадыков, А.Малиев, А.Бекназаров жана С. Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Масадыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
Турсунбаев Нурбек Шаршеналиевич;
Текешов Рахимбек Анарбекович;
Шейшеналиев Нурдин Канатбекович;
Кулумбаева Бэла Темировна;
Токомбаева Нуржамал Сейиткановна;
Данияров Айбек Бахтыбекович.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
Анарбаев Эркин Мухтаржанович;
Саксанбаев Абдразак;
Асаналиев Таштанбек Токтомушевич.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Бекназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп :
Айтикеев Кенешбек Ороскулович;
Абыкеев Чолпонбек;
Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович;
Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович;
Кошалиев Кадырали Амракулович;
Алымбаев Абдрахман Мырзагулович.
КыргызРеспубликасынын Президенти кызматына талапкер С.Жапаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мамбеткулов Муратбек Камилжанович, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жапаров Давлетбек Нуркожоевич катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер катары А.Келдибековду жана К.Ташиевди талапкерликке көрсөткөн «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясынын чечими келип түштү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына А.Келдибековду жана К.Ташиевди талапкерликке көрсөткөн «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы кезексиз XI съездинин чечими келип түштү.
2017-жылдын 21-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 30 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева).
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 6 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков, К.Ташиев - «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясы).
Жалпысынан талапкерлердин саны 37.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти