Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
30.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын 30-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер А.Мадумаровду каттоо маселеси каралды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган: - Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; - өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; - паспорттун көчүрмөсүн; - иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; - шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Талапкер А.Мадумаров КР Борбордук шайлоо комиссиясына 42 303 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 36 128 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. КР БШКнын 2017-жылдын 30-августундагы №401-токтомуна ылайык Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
30.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын 30-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер Э.Зарлыковду каттоо маселеси каралды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган: - Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; - өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; - паспорттун көчүрмөсүн; - иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; - шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Талапкер Э.Зарлыков  КР Борбордук шайлоо комиссиясына 48 075 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 40 510 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. КР БШКнын 2017-жылдын 30-августундагы №400-токтомуна ылайык Эрнис Зарлыков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова брифинг өткөрдү 29.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова брифинг өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда төрага Н.Шайлдабекованын: Шайлоо процессинин кезектеги этабынын  аякташы - талапкерлердин кол коюлган барактарын тапшыруунун жыйынтыгы боюнча брифинги өттү. БШКнын төрагасы 29-августка карата шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө баяндап  берди. Календардык планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдөгү иш-чарасында 25-августта саат 23.59да президенттикке талапкерлерден кол коюлган барактарды кабыл алуу аяктады. Ушул убакка чейин, керектүү болгон, кол коюлган 30 миңден ашуун барактарды төмөнкү талапкерлер тапшырды: 1. Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, коомдук ишмер – 32 045 кол тамга, 2. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, убактылуу иштебейт – 51 391 кол тамга, 3. Турсунбек Акун, “Адам укугу”саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 163 кол тамга, 4. Шайымбетов Казыбек Орозакунович, пенсионер – 38 660 кол тамга, 5. Масалиев Исхак Абсаматович, "Кыргызстан Коммунисттер партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 528 кол тамга, 6. Малиев Арсланбек Касымакунович, Чет мамлекеттер менен кызматташуу жана кыргыз достук" коомунун президенти - 55 806 кол тамга, 7. Карасартова Рита Рахмановна, «Коомдук анализ институтунун” директору - 31 777 кол тамга, 8. Исаев Канатбек Кедейканович, ЖК депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн - 37 633 тамга, 9. Чороев Кубан Аманбекович, “Байыркы көчмөндөр цивилизациясы” жана тарыхий-маданий мурас жана ички дүйнөнүн кайра жаралышы” КФ төрагасы -39 808 кол тамга, 10. Уметалиева Токтайым Джумаковна, КЭУ жана ӨЭУ ассоциациясынын төрагасы - 48 777 кол тамга, 11. Асанбеков Темирбек Ишенбаевич, "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы – 33 269 кол тамга, 12. Шаршекеева Камила Дуйшебаевна, Борбордук Азия эл аралык университетинин провосту – 39 237 кол тамга. 13. Масадыков Таалатбек Шамудинович,  “Тынчтыктын генералдары  тынчтык үчүн”  КБнин эл аралык байланыштар боюнча консультанты  - 56 771 кол тамга, 14. Келдибеков Ахматбек Келдибекович, саясий-коомдук ишмер, "Ата Журт" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн – 53 827 кол тамга, 15. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич, директор ОсОО «Аурдин» ЖЧКнын директору  - 50 913 кол тамга. 16. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, саясий-коомдук ишмер, "Ата Журт" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн – 45 498 кол тамга, Борбордук шайлоо комиссиясынын Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу 10 жумушчу күндүн ичинде тапшырылган кол тамгалардын  аныктыгын текшерип чыгуусу керек.  «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш. Мурун Кол коюлган барактарды текшерүү жумушчу тобунун берген тыянагынын негизинде, КР БШКнын чечими менен  29-августта Э.Зарлыковдун - 40 510, А.Бекназаровдун - 31 369, А.Мадумаровдун - 36 128, Б.Төрөбаевдин - 67 976,  С Жээнбековдун - 45 969, Ө.Бабановдун - 103 165, Т.Сариевдин - 58 612 кол тамгалары анык деп табылды. Бардыгы болуп  7 талапкердин кол коюлган барактары ишенимдүү деп табылды. Шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежесинин бузулгандыгына байланыштуу талапкер Ө. Текебаевдин 38 643 кол тамгасы жараксыз деп табылган. Мурун, кол коюлган барактарды жана берилген документтерди текшерүүдөн  кийин,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талабына ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Т.Сариев, Ө. Бабанов, С. Жээнбеков жана  Б. Төрөбаев мамлекет башчысынын кызматына  талапкер катары катталган. Ошондой эле БШКнын төрагасы КР Президенти кызматына талапкер катары каттоодон 26 жарандан баш тартылгандыгын маалымдады. Алар: Н.Нышанов, Бакир уулу Турсунбай, З. Муратбекова, С.Энназаров,  М.Чолпонбаев, И. Трофимов, М.Жумабеков, Р. Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С. Жапаров, К.Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К.Бешбаков,  Т.Акимов, Т.Өмүралиев, П.Кенжекулов, О.Бөлтүрүков, К.Токтобаев, Р. Ремнев, А.Абышев, С.Абыкулов, Б.Керимбеков, М.Мергенов, М.Айманбаев. 9 жаран: Б. Дегенбаев, С.Султанидинов, С.Абдрахманов, А.Сартаев, Н.Мамедов, А.Каримов, А.Айтикеев, А.Мансуров, М.Иманкулов өздөрүнүн арыздарын кайтарып алышкан. 29-августка карата КР Президенти кызматына талапкер болуп 24 адам калды. КР БШКнын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
29.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 28-августуна карата маалыматы     Талапкер Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Карасартова Р.Р. 64 180 21 118 43 062 2 Шаршекеева К.Д. 215 040 167 868 47 132 3 Чороев К.А. 275 580 270 444 5 136 4 Масадыков Т.Ш. 2 536 700 1 134 400 1 402 300 5 Абдылдаев А.Б. 1 015 000 915 000 100 000 6 Сариев Т.А. 14 000 000 6 653 717 7 346 283 7 Бабанов О.Т. 52 200 000 48 113 683 4 086 317 8 Малиев А.К. 4 259 800 3 525 823 733 977 9 Жээнбеков С.Ш. 29 250 000 8 920 981 20 329 019 10 Турсунбек Акун 134 000 133 625 375 11 Кочкоров У.Т. 1 420 900 1 404 918 15 982 12 Бекназаров А.А. 426 600 305 957 120 643 13 Уметалиева Т.Д. 1 563 275 1 530 150 33 125 14 Масалиев И.А. 100 000 67 000 33 000 15 Ташиев К.К. 100 000 93 975 6 025 16 Келдибеков А.К. 87 985 62 682 25 303 17 Торобаев Б.Э. 26 680 000 2 550 353 24 129 647 18 Зарлыков Э.З. 1 260 000 1 239 461 20 539 19 Исаев К.К. 274 000 153 433 120 567 20 Шайымбетов К.О. 20 000 12 020 7 980 21 Кожогулов Т.А. 1 015 500 1 005 080 10 420 22 Мадумаров А.К. 103 000 102 959 41 23 Асанбеков Т.И. 215 000 214 520 480 24 Текебаев О.Ч. - - -
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу отчету
29.08.2017

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу отчету

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун 2017-жылдын 28-августуна карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу маалыматы. Кара-Суу шаары   Саясий партиялар Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Өнүгүү-Прогресс 154 650 153 510 1 140 2 КСДП 186 000 143 458 42 542 3 Мекеним Кыргызстан 20 200 20 020 180 4 Бир Бол 20 500 20 020 480 5 Республика 81 000 60 149 20 851 6 Кыргызстан 182 500 165 080 17 420
Кененирээк билүү >>
Түп, Кара-Буура, Жайыл районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоонун жыйынтыгы
28.08.2017

Түп, Кара-Буура, Жайыл районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоонун жыйынтыгы

28-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  Кыргыз Республикасынын бир катар райондорунда 2017-жылдын 21-августунда жана 25-августундагы өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Протоколдор бекитилди. КР БШКнын токтому менен А.Асакеев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп; М.Темирбеков Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп; А.Манапов Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп бекитилди.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э.З.Зарлыковдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти
28.08.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э.З.Зарлыковдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э.Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 48 075 колдору түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 1 513 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 7 565ти түздү. Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык 40 510 колдор анык деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
​​​​​​​КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.А. Бекназаровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти
28.08.2017

​​​​​​​КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.А. Бекназаровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 56 439 колдору түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 5 014 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 25 070ти түздү. Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 31 369 колдор анык деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.К.Мадумаровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти
28.08.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.К.Мадумаровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 42 303 колдору түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 1 235 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 6 175ти түздү. Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 36 128 колдор анык деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК №2 жана №3 формалары боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 29-сентябрында саат 20:00до аяктаарын эске салат!
27.08.2017

КР БШК №2 жана №3 формалары боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 29-сентябрында саат 20:00до аяктаарын эске салат!

№2 жана №3 формалары боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 16-августунан башталып 29-сентябрда саат 20:00до аяктайт. 2017-жылдын 29-сентябрында саат 20:00го чейин  Кыргыз Республикасынын шайлоочулары өздөрүн шайлоочулардын жалпы тизмесинен жеке маалыматтарын текшерүүлөрү зарыл. Муну участкалык  шайлоо комиссияларынан же shailoo.srs.kg интернет сайтына кирип  текшерсе болот, ошондой эле 16-августтан баштап, бардык шайлоо участкаларында  милдеттүү түрдө шайлоочулардын тизмелери илинип турат, ал жерден карап текшерүүгө болот. Эгерде шайлоочу шайлоо тизмесинен өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти тапса, №3 формасында арыз жазып, өзүнүн участоктук шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек. Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо адреси боюнча) 29-сентябрында саат 20:00го чейин №2 формасында  арыз  жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл.  Биометрикалык каттоодон  өтүүгө үлгүрбөй калган  КР жарандары жашаган жерлери  боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан  тактаса болот. Ошондой эле  Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүңүздүн участкаңыздын номери жана дареги көрсөтүлгөн жоопту  аласыз. (СМС билдирүү бекер) Кыргызстандан тышкары жерлерде жашаган КР жарандары 15-октябрда Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелериндеги  37 шайлоо  участкаларында добуш бере алышат. Ал үчүн чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын Консулдугуна каттоого туруш керек . Бардык суроолор боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына  кайрылса болот (312) 660240. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Кыргыз Республикасынын жараны С.Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигинен баш тартуу арызын карады
26.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын жараны С.Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигинен баш тартуу арызын карады

2017-жылдын 26-августунда КР БШК  Кыргыз Республикасынын жараны С.Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигинен баш тартуу арызын карады.  КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, С.Абдрахмановдун арызын канааттандырып жана документтерин кайтарып берүү токтому кабыл алды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 20 талапкерди каттоодон баш тартты
26.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 20 талапкерди каттоодон баш тартты

2017-жылдын 26-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 20 талапкерди каттоодон баш тартуу маселеси каралды.  Алардын ичинен 15 адам конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кол коюлган барактарын тапшырган эмес, бул “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 52,53 беренелерин бузгандык болот. Каттоодон төмөндөгү жарандардан баш тартылды:   1. С. Абыкулов 2. А. Абышев 3. Т. Акимов 4. Турсунбай Бакир уулу 5. О. Болтуруков 6. М. Жумабеков 7. З. Муратбекова 8. Н. Нышанов 9. Т. Өмуралиев 10.Т. Таласбаева 11.Д. Токтосунова 12.М. Чолпонбаев 13.С. Энназаров 14.Б.Керимбеков 15.М. Мергенов.   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  дагы  беш  талапкер Борборшайлоокомго мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты, кол коюлган барактарды тапшырган эмес. Бул талапкерлерди каттоодон баш тартууга негиз болду. Ошого  ылайык  каттоодон:   1. Р. Джунусовго 2. И.Трофимовго 3. К. Мактымбаевго 4. Шерикул уулу Мирланга 5. П. Кенжекуловго баш тартылды. 26-августта  4 талапкер катталган. Кол коюлган барактарды  24 талапкер тапшырган.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге жарандар тарабынан кол топтоо аяктады
26.08.2017

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге жарандар тарабынан кол топтоо аяктады

Календарлык планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүү иш чарасында  КР Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 25-августта саат 23.59да президенттикке талапкерлерден кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү ишин аяктады.  «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш. Ушул учурда төмөндөгү талапкерлер 30 миңден ашуун  кол тамгаларды тапшырды: 1.Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, коомдук ишмер – 32 045 кол тамга, 2.Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, убактылуу иштебейт – 51 391 кол тамга,  3.Турсунбек Акун,  “Адам укугу”саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 163 кол тамга, 4.Шайымбетов Казыбек Орозакунович, пенсионер – 38 660 кол тамга, 5.Масалиев Исхак Абсаматович, Кыргызстан Коммунисттер саясий партиясынан көрсөтүлгөн  – 36 528 кол тамга, 6.Малиев Арсланбек Касымакунович, Чет мамлекеттер менен кызматташуу жана кыргыз достук коомунун Президенти - 55 806 кол тамга, 7.Карасартова Рита Рахмановна, «Коомдук анализ институтунун” директору - 31 777 кол тамга, 8.Исаев Канатбек Кедейканович, ЖК депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн - 37 633 тамга, 9.Чороев Кубан Аманбекович, “Байыркы көчмөндөр цивилизациясы” жана тарыхий-маданий мурас жана ички дүйнөнүн кайра жаралышы” КФ төрагасы  -39 808 кол тамга, 10.Уметалиева Токтайым Джумаковна, КЭУ жана ӨЭУ ассоциациясынын төрагасы - 48 777 кол тамга, 11.Асанбеков Темирбек Ишенбаевич,  "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы – 33 269 кол тамга, 12.Шаршекеева Камила Дуйшебаевна, Борбордук Азия эл аралык университетинин провосту   – 39 237 кол тамга. КР БШКнын кол коюлган барактарды  кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу талапкерлер А. Мадумаров, А. Бекназаров, Т.Масадыков, А,Келдибеков, К.Ташиев,  А. Абдылдаев жана Э. Зарлыковдун кол тамгаларын текшерүүдө. Мурун шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен, кол тамгаларын текшерүүдөн кийин жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамына ылайык, талап кылынган документтерди тапшыруудан кийин мамлекет башчысынын кызматына Т.Сариев, Ө.Бабанов, С.Жээнбеков жана Б.Төрөбаев талапкер катары катталган.    Ө. Текебаевдин кол коюлган барактары шайлоо кампаниясын каржылоо эрежеси бузулгандыктан жараксыз деп табылган.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин кол тамгалары келип түштү
26.08.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин кол тамгалары келип түштү

Бүгүн, 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Арсланбек Малиев Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 55 806 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын кол тамгалары келип түштү
26.08.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын кол тамгалары келип түштү

Бүгүн, 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Рита Карасартова Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 31 777 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиеванын кол тамгалары келип түштү
26.08.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиеванын кол тамгалары келип түштү

Бүгүн, 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Токтайым Уметалиева Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 48 777 кол коюлган барактарды тапшырды. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 407 409 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти