Башкы Жаңылыктар КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге жарандар …

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге жарандар тарабынан кол топтоо аяктады

26-Авг, 2017

Календарлык планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүү иш чарасында  КР Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 25-августта саат 23.59да президенттикке талапкерлерден кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү ишин аяктады. 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.

Ушул учурда төмөндөгү талапкерлер 30 миңден ашуун  кол тамгаларды тапшырды:
1.Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, коомдук ишмер – 32 045 кол тамга,
2.Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, убактылуу иштебейт – 51 391 кол тамга, 
3.Турсунбек Акун,  “Адам укугу”саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 163 кол тамга,
4.Шайымбетов Казыбек Орозакунович, пенсионер – 38 660 кол тамга,
5.Масалиев Исхак Абсаматович, Кыргызстан Коммунисттер саясий партиясынан көрсөтүлгөн  – 36 528 кол тамга,
6.Малиев Арсланбек Касымакунович, Чет мамлекеттер менен кызматташуу жана кыргыз достук коомунун Президенти - 55 806 кол тамга,
7.Карасартова Рита Рахмановна, «Коомдук анализ институтунун” директору - 31 777 кол тамга,
8.Исаев Канатбек Кедейканович, ЖК депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн - 37 633 тамга,
9.Чороев Кубан Аманбекович, “Байыркы көчмөндөр цивилизациясы” жана тарыхий-маданий мурас жана ички дүйнөнүн кайра жаралышы” КФ төрагасы  -39 808 кол тамга,
10.Уметалиева Токтайым Джумаковна, КЭУ жана ӨЭУ ассоциациясынын төрагасы - 48 777 кол тамга,
11.Асанбеков Темирбек Ишенбаевич,  "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы – 33 269 кол тамга,
12.Шаршекеева Камила Дуйшебаевна, Борбордук Азия эл аралык университетинин провосту   – 39 237 кол тамга.

КР БШКнын кол коюлган барактарды  кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу талапкерлер А. Мадумаров, А. Бекназаров, Т.Масадыков, А,Келдибеков, К.Ташиев,  А. Абдылдаев жана Э. Зарлыковдун кол тамгаларын текшерүүдө.
Мурун шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен, кол тамгаларын текшерүүдөн кийин жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамына ылайык, талап кылынган документтерди тапшыруудан кийин мамлекет башчысынын кызматына Т.Сариев, Ө.Бабанов, С.Жээнбеков жана Б.Төрөбаев талапкер катары катталган.   

Ө. Текебаевдин кол коюлган барактары шайлоо кампаниясын каржылоо эрежеси бузулгандыктан жараксыз деп табылган.
 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>