Түп, Кара-Буура, Жайыл районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоонун жыйынтыгы
28 августа 2017
28-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын бир катар райондорунда 2017-жылдын 21-августунда жана 25-августундагы өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Протоколдор бекитилди.
КР БШКнын токтому менен А.Асакеев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп;
М.Темирбеков Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп;
А.Манапов Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
