Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова брифинг өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова брифинг өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова брифинг өткөрдү
29-Авг, 2017

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда төрага Н.Шайлдабекованын: Шайлоо процессинин кезектеги этабынын  аякташы - талапкерлердин кол коюлган барактарын тапшыруунун жыйынтыгы боюнча брифинги өттү.

БШКнын төрагасы 29-августка карата шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө баяндап  берди.

Календардык планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдөгү иш-чарасында 25-августта саат 23.59да президенттикке талапкерлерден кол коюлган барактарды кабыл алуу аяктады. Ушул убакка чейин, керектүү болгон, кол коюлган 30 миңден ашуун барактарды төмөнкү талапкерлер тапшырды:

1. Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, коомдук ишмер – 32 045 кол тамга,
2. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, убактылуу иштебейт – 51 391 кол тамга,
3. Турсунбек Акун, “Адам укугу”саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 163 кол тамга,
4. Шайымбетов Казыбек Орозакунович, пенсионер – 38 660 кол тамга,
5. Масалиев Исхак Абсаматович, "Кыргызстан Коммунисттер партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 528 кол тамга,
6. Малиев Арсланбек Касымакунович, Чет мамлекеттер менен кызматташуу жана кыргыз достук" коомунун президенти - 55 806 кол тамга,
7. Карасартова Рита Рахмановна, «Коомдук анализ институтунун” директору - 31 777 кол тамга,
8. Исаев Канатбек Кедейканович, ЖК депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн - 37 633 тамга,
9. Чороев Кубан Аманбекович, “Байыркы көчмөндөр цивилизациясы” жана тарыхий-маданий мурас жана ички дүйнөнүн кайра жаралышы” КФ төрагасы -39 808 кол тамга,
10. Уметалиева Токтайым Джумаковна, КЭУ жана ӨЭУ ассоциациясынын төрагасы - 48 777 кол тамга,
11. Асанбеков Темирбек Ишенбаевич, "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы – 33 269 кол тамга,
12. Шаршекеева Камила Дуйшебаевна, Борбордук Азия эл аралык университетинин провосту – 39 237 кол тамга.
13. Масадыков Таалатбек Шамудинович,  “Тынчтыктын генералдары  тынчтык үчүн”  КБнин эл аралык байланыштар боюнча консультанты  - 56 771 кол тамга,
14. Келдибеков Ахматбек Келдибекович, саясий-коомдук ишмер, "Ата Журт" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн – 53 827 кол тамга,
15. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич, директор ОсОО «Аурдин» ЖЧКнын директору  - 50 913 кол тамга.

16. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, саясий-коомдук ишмер, "Ата Журт" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн – 45 498 кол тамга,

Борбордук шайлоо комиссиясынын Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу 10 жумушчу күндүн ичинде тапшырылган кол тамгалардын  аныктыгын текшерип чыгуусу керек. 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.

Мурун Кол коюлган барактарды текшерүү жумушчу тобунун берген тыянагынын негизинде, КР БШКнын чечими менен  29-августта Э.Зарлыковдун - 40 510, А.Бекназаровдун - 31 369, А.Мадумаровдун - 36 128, Б.Төрөбаевдин - 67 976,  С Жээнбековдун - 45 969, Ө.Бабановдун - 103 165, Т.Сариевдин - 58 612 кол тамгалары анык деп табылды. Бардыгы болуп  7 талапкердин кол коюлган барактары ишенимдүү деп табылды.

Шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежесинин бузулгандыгына байланыштуу талапкер Ө. Текебаевдин 38 643 кол тамгасы жараксыз деп табылган.

Мурун, кол коюлган барактарды жана берилген документтерди текшерүүдөн  кийин,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талабына ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Т.Сариев, Ө. Бабанов, С. Жээнбеков жана  Б. Төрөбаев мамлекет башчысынын кызматына  талапкер катары катталган.

Ошондой эле БШКнын төрагасы КР Президенти кызматына талапкер катары каттоодон 26 жарандан баш тартылгандыгын маалымдады. Алар: Н.Нышанов, Бакир уулу Турсунбай, З. Муратбекова, С.Энназаров,  М.Чолпонбаев, И. Трофимов, М.Жумабеков, Р. Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С. Жапаров, К.Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К.Бешбаков,  Т.Акимов, Т.Өмүралиев, П.Кенжекулов, О.Бөлтүрүков, К.Токтобаев, Р. Ремнев, А.Абышев, С.Абыкулов, Б.Керимбеков, М.Мергенов, М.Айманбаев.

9 жаран: Б. Дегенбаев, С.Султанидинов, С.Абдрахманов, А.Сартаев, Н.Мамедов, А.Каримов, А.Айтикеев, А.Мансуров, М.Иманкулов өздөрүнүн арыздарын кайтарып алышкан.

29-августка карата КР Президенти кызматына талапкер болуп 24 адам калды.

КР БШКнын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>