Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун делегациясы Румынияда өткөн Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Генералдык  Ассамблеясынын 3-пленардык отурумуна катышты 04.09.2017

Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун делегациясы Румынияда өткөн Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Генералдык  Ассамблеясынын 3-пленардык отурумуна катышты

КР БШКнын төрагасынын орун басары, КР БШКнын мүчөсү А.Бекматов жана КР БШК мүчөсү К.Осмоналиев  Бухаресте өткөн Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Генералдык  Ассамблеясынын (ВАИО)  3-пленардык отурумуна катышышты.  Ассамблеянын максаты – шайлоону таза жана ачык  өткөрүү боюнча тажрыйба  алмашуу кызматташуусун   эл аралык  деңгээлге  жеткирүү, ошондой эле шайлоо органдарына уюштуруу-укук негиздерин бекемдөө жана өркүндөтүү,  шайлоолорду демократиялык  негизде өткөрүүгө жардам берүү болуп саналат.   Генералдык Ассамблеянын  отурумунда  ВАИОнун жаңы төрагасы, төраганын орун басары, Аткаруу комиттетинин жаңы мүчөлөрү жана Генералдык катчы кайра шайланды. Ошондой эле ВАИОнун Уставына өзгөртүүлөр киргизилип 2018-жылдагы планы талкууланды. Андан тышкары  ВАИОнун Генералдык Ассамблеясынын отурумунун алкагында 2017-жылдын 1-жана 2-сентябрында “Шайлоо бюллетендерди саноо жана саналган добуштар үчүн жооптуулук: Шайлоо процессинин ачыктыгын жогорулатуу үчүн технологияны колдонуу” аттуу Эл аралык конференция өттү.  Анда шайлоо процессинде маалыматтык технологияны колдонуу жана шайлоо кампанияларын өткөрүүдө ЖМКнын ролу тууралуу талкуу жүрдү.  Конференциянын пленардык жыйынында КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов  «Шайлоо системасындагы инновациялык технологияны киргизүү  шайлоочулардын добуш берүүгө ишенимин жогорулатуунун ыкмасы» деген темада доклад  жасады. КР Борборшайлоокомдун жаңы шайлоо модели, шайлоочуларды биометрикалык идентификациядан өткөрүү жана добуштарды автоматтык саноонун ийгиликтүү турмушка  ашышы, шайлоо  жыйынтыгын ишенимдүү жана ачык  айкын чыгышын шарттады деген Кыргызстандык делегациянын доклады конференциянын катышуучулары  арасында зор кызыгууну туудурду.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 3-сентябрындагы Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:30га карата  шайлоо участкаларынын 100 пайыздык маалыматтары АСУ (автоматтык саноо урнасы)  боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы
03.09.2017

2017-жылдын 3-сентябрындагы Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:30га карата  шайлоо участкаларынын 100 пайыздык маалыматтары АСУ (автоматтык саноо урнасы)  боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы

2017-жылдын 3-сентябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:30га карата  шайлоо участкасынан  алынган 100 пайыздык маалыматтар   АСУ (автоматтык саноо урнасы)  боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы  
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 3-сентябрында саат 20:00дө  Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын саны
03.09.2017

2017-жылдын 3-сентябрында саат 20:00дө Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын саны

Бүгүн,  2017-жылдын 3-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык  кеңешинин жана Токтогул районунун  Кызыл-Өзгөрүш айылдык  кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү.      2017-жылдын 3-сентябрында саат 20:00дө  Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун Тогуз-Торо айылдык  кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин жана Токтогул районунудагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарына добуш берүүгө 10 688 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 54,93 пайызын түздү.    Шайлоочулардын активдүү добуш берүүсү Кара-Суу шаарында байкалды, тизмедеги шайлоочулардын 61,75 пайызы  добуш берди. Айылдык кеңештер боюнча Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеште 44, 61 пайыз,  ал эми Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш  айылдык кеңешинде шайлоочулардын келиши 45,76 пайызды түздү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 3-сентябрындагы Жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоодо саат 17:00гө карата шайлоочулардын келиши
03.09.2017

2017-жылдын 3-сентябрындагы Жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоодо саат 17:00гө карата шайлоочулардын келиши

Бүгүн, 2017-жылдын 3-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине депутаттарды  шайлоолор өтүүдө. 2017-жылдын 3-сентябрында саат 17:00гө карата Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине депутаттарды  шайлоодо 8 716 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 44,8 пайызын түзөт. Кара-Суу шаарында добуш берүүнүн  активдүүлүгү байкалды, шайлоочулардын тизмесиндегилердин 50,6 пайызы добуш берди. Айылдык кеңештер боюнча,  Тогуз-Торо айылдык кеңешинде тизмедеги шайлоочулардын 40,82 пайызы добуш берип активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде 40,61 пайыз, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде тизмедеги шайлоочулардын 37,77 пайызы добуш берүүгө катышты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен активдүү текшерип жатышат
03.09.2017

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен активдүү текшерип жатышат

  2017-жылдын 16-августунан баштап «Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер!» аттуу Улуттук маалыматтык кампания жүрүп жатат. Кампаниянын башкы максаты – жарандарды 2017-жылдын 30-сентябрына чейин шайлоочулардын тизмесинен текшерүү керектигин маалымдоо. 2017-жылдын 16-августунан 3-сентябрына чейин форма 2 жана 3 боюнча жалпы 18 115 арыз келип түшкөн. Алардын 85% катталган дареги боюнча эмес, жашаган жерине ылайык добуш берүүнү каалаган шайлоочулардан №2-форма боюнча кайрылышкан. Арыздардын басымдуу бөлүгү Ош шаарына – 4 885, Ош облусуна – 4 235 жана Жалал-Абад облусуна – 1 399 туура келет. Ысык-Көл облусунда – 1 142, Чүй облусунда – 742, Баткен облусунда – 630, Бишкек шаарында – 144, Талас облусунда – 123 жана Нарын облусунда – 46 шайлоочу арыз менен кайрылган. Бишкек шаарында ачылган кошумча участоктор боюнча – 4 322 кайрылуу катталган. Борборшайлооком эскертет, эгерде шайлоочу тизмеден өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти тапса, №3-формасында арыз толтуруп, өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек. Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо дареги боюнча) 30-сентябрга чейин №2-формасында арыз жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл. Биометрикалык каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калган КР жарандары жашаган жерлери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан тактай алышат. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүңүздүн участкаңыздын номери жана дареги көрсөтүлгөн жоопту аласыз. (СМС билдирүү бекер). Бардык суроолор боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына кайрылса болот (312) 660240. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ош жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат
03.09.2017

Ош жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 2017-жылдын 3-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши менен Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 6 шайлоо участкасы уюшулган. Жалал-Абад облусу боюнча Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде 3 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы;  Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинде 2 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы; Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде 4 шайлоо округу, 4 шайлоо участкасы түзүлгөн. Жалпы 9 шайлоо округ, 16 шайлоо участкасы уюшулган. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 19 455 шайлоочу киргизилген. 19 181 шайлоо бюллетендери даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген. КР БШК эске салат, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы №125 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы №131 Жарлыгынын негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы айылдык кеңеш тарабынан шайланбай калгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун   кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун  протоколун бекитти
02.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

2017-жылдын 2-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун   кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 38 660 кол тамгалары түшкөн. КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №156-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын 57 беренесине ылайык “кол коюлган барактардагы шайлоочулардын бардык кол тамгалары, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бекиткен формага ылайык келбегендиктен кол коюлган барактар ишенимдүү эмес” деп табылды.   “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Казыбек Орозакунович Шайымбетовдун  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Жумушчу тобунун 2017-жылдын 30-августагы   Протоколу менен  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шайымбетовду колдогон шайлоочулардын 38 660 кол тамгасы ишенимдүу эмес деп табылды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун   кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун  протоколун бекитти
02.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

2017-жылдын 2-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилди.  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 33 461 кол тамгалары түшкөн.  Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулгандыгы аныкталган:   - 1-абзац 57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөөлөр коюп, башкалар толтурган” - 5-абзац 57-пункту «кол коюлган баракта шайлоочу жөнүндө маалымат өз колу менен жазылган эмес»; - 8-абзац  57-пункту «шайлоочунун кол тамгасында керектүү маалыматтар көрсөтүлгөн эмес»; - 1-абзац 58-пункту «активдүү шайлоо укугу жок жарандын колу». “Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 4 512 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 22 560ты  түздү.  Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 10 901 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Респрубликасынын мыйзамында бекитилген минималдуу эсепке  жетпей калган.     КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
3-сентябрга дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
02.09.2017

3-сентябрга дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

Бүгүн, 2-сентябрда, 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 193 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 176 шайлоочу добуш берди. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы №125 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы №131 Жарлыгынын негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы айылдык кеңеш тарабынан шайланбай калгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин депуттатарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин  депутаттарын шайлоо жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган. 2017-жылдын 3-сентябрында болуучу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде бирдиктүү 1 шайлоо округу, 6 шайлоо участкасы; Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде 3 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы;  Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинде 2 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы; Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде 4 шайлоо округу, 4 шайлоо участкасы түзүлгөн. Жалпы 9 шайлоо округ, 16 шайлоо участкасы түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 19 455 шайлоочу киргизилген. 19 181 шайлоо бюллетендери даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген. 2017-жылдын 3-сентябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочулар жөнүндө жалпы маалымат КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Ш.Масадыковдун  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
02.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Ш.Масадыковдун  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 55 440 колдору түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундуларына ылайык 853 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 4 265ти түздү. Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 51 175 колдор анык деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.К.Ташиевдин  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
02.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.К.Ташиевдин  кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 44 223 колдору түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундуларына ылайык 2593 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 12 965ти түздү. Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 31 258 колдор анык деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Т.Кочкоровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти
02.09.2017

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Т.Кочкоровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколун бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 51 391 колдору түшкөн. Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундуларына ылайык 3 835 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 19 175ти түздү. Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 32 216 колдор анык деп табылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
02.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды

2017-жылдын  2-сентябрында  КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер А.Бекназаровду  каттоо маселеси каралды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ылайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган: - Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; - өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; - паспорттун көчүрмөсүн; - иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; - шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Талапкер А.Бекназаров КР Борбордук шайлоо комиссиясына 56 439 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 31 369 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген. КР БШКнын 2017-жылдын 2-сентябрындагы  №403-токтомуна ылайык Азимбек Бекназаров  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, БШК аппаратынын жана МКК кызматкерлерин Ардак грамоталар менен сыйлады 30.08.2017

КР БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, БШК аппаратынын жана МКК кызматкерлерин Ардак грамоталар менен сыйлады

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  күнүнүн 26 жылдыгына карата салтанатуу иш-чара болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн, БШК аппаратынын  кызматкерлерин жана КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйлады. БШК төрагасы бардыгын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ар бирине иштериндеги ийгиликтерди, чың ден соолук, ошондой эле өз өлкөбүздүн максатка умтулган, жооптуу жана чынчыл жараны болушун каалады. КР Президенттик  шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө Мамлекеттик каттоо кызматынын кошкон зор салымын белгиледи.  Майрамдык иш-чарага КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Д.Догоев, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору А.Насыров, БШК жана МКК кызматкерлери катышты. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен: - Акунов Тыныбек Казыевич – БШК аппаратынын пландоо, эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн эксперти; - Маматалиева Назифа Якубовна – БШКнын Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; - Шапакова Райкул Кучкачовна – БШКнын Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү сыйланды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен: - Айтикеев Төлөгөн Ороскулович – БШК аппаратынын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн эксперти; - Кушнарева Ирина Ильинична – БШКнын Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; - Боромбаева Алмагуль Элемановна – БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; - Усенов Тазабек – БШКнын Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; - Омокоев Жыргалбек Дуйшобаевич – БШКнын Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясындагы  атайын өкүлү; - Казиев Токтосун Сатыбалдиевич – БШКнын Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясындагы  атайын өкүлү; - Сулайманов Нурмамат – БШКнын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясындагы  атайын өкүлү сыйланды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Грамотасы менен: - Суванбекова Гулнара Бакировна – БШКнын Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын системдик администратору; - Кулиев Ашыркул Тыныкулович – БШКнын Чаткал аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү; - Маматалиев Мамасали Мамытович – БШКнын Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору сыйланды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы  менен: Эгизбаев Азис Ибраимович – БШК аппаратынын маалыматтык-технологиялык башкармалыгынын начальниги; Алыбаева Чынара Бердишалиевна – БШК аппаратынын документтер менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; Камчибекова Мырза-Айым Афтандиловна – БШК аппаратынын укук бөлүмүнүн эксперти; Мамбетжанова Айгул Рыспаевна – БШКнын Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү; Молдобаев Мамыт – БШКнын Алай аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү; Сетеков Таалайбек Болокбаевич – БШКнын Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү; Турсуналиева Тинатин Болотбековна – БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын  системдик  администратору; Укубаева Айгуль Токторалиевна – БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Торокулов Омурбек Максытович – БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Атабеков Ноокатбек Канымбекович – БШКнын Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Чоронбаева Асыл Муратовна – БШКнын Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Ниязалиева Кундуз Торогелдиевна – БШКнын Талас аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Шайдуллаев Мурат Болотбекович – БШКнын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Чокоев Мирбек Ашымович – БШКнын Алай аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору; Жекшенбаев Кычан Жекшенбаевич – БШКнын Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын системдик  администратору сыйлданды. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен төмөнкү аймактык шайлоо комиссиялары  сыйланды: Бишкек АШК; Манас АШК; Ак-Суу АШК; Жумгал АШК; Аксы АШК; Алай АШК; Лейлек АШК. Ошондой эле КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 198 кызматкери сыйланды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын  Жогорку соту КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө чечимин мыйзамдуу деп тапты
30.08.2017

Кыргыз Республикасынын  Жогорку соту КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө чечимин мыйзамдуу деп тапты

2017-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Жолдошбековдун, каржылоо тартиби бузулгандыгына байланыштуу талапкер Ө.Текебаевдин кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө 2017-жылдын 17-августундагы №48 чечимин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды. Жогорку сот тарабынан талапкер Ө.Текебаевди колдоо үчүн  38 643 санда  чогултулган колдорду каржылоо тартиби бузулгандыгына байланыштуу кол коюу барактарын анык эмес деп табуу жөнүндө КР БШКнын 2017-жылдын 17-августундагы №48 чечими жүйөлүү жана мыйзамдуу деп табылды. Эскерте кетсек, 7-августта Борбордук шайлоо комиссиясына 38 643 сандагы колдорду камтыган  талапкер Ө. Текебаевдин кол коюу барактары келип түшкөн. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерге шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Ушул эле конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, кол коюу барактар талапкер тарабынан жеке шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен даярдалат: шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн: 1) уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган чараларды каржылоого. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 17.06.17-ж. №165 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын V главасынын 58-пунктунун 3-абзацына ылайык "кол коюу барактарын даярдоого талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөнгөн күнгө чейин чогултулган шайлоочулардын бардык кол тамгалары ишенимсиз деп табылат".  КР БШКнын кол коюу барактарды текшерүү боюнча жумушчу тобу 2017-жылдын 18-июнунан 17-августуна чейин  талапкердин шайлоо фондусунун эсебине акча каражаттар түшкөн эместигин жана чыгымдалбагандыгын аныктаган, бул «РСК Банк» ААКнын 2017-жылдын 17-августундагы чыг. №16-04/4726 каты менен тастыкталат. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августта финансылоо тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичти колдоо үчүн чогултулган 38 643 сандагы шайлоочулардын кол тамгасын анык эмес деп табуу тууралуу чечимин кабыл алган. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык  дагы 54 байкоочуну  аккредитациядан өткөрдү
30.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 54 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык  дагы 54 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Аккредитациядан КМШ Аткаруу Комитетинин төрагасы - Аткаруу Катчысы Сергей Лебедев башында турган КМШ Аткаруу Комитетинин байкоочулары, Элчи жана Миссиянын башчысы Александр Кельчевский жетектеген Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу/ЕККУнун эл аралык байкоочулары жана башкалар аккредитациядан өтүштү. Бүгүнкү күнгө чейин КР Борборшайлооком эл аралык 61 байкоочуну аккредитациядан өткөргөн. Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен  бул шилтемеден  таанышсаңар  болот. КР БШКнын аппаратынын маалыматык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 406 408 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти