Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерге үчүнчү жолу эскертүү берилди
10.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерге үчүнчү жолу эскертүү берилди

Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары–Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темур (эски аталышы Он-Адыр) кичи районунда сөз сүйлөгөнүнө байланыштуу бир катар даттануулар жана арыздар келип түштү. 2017-жылдын 29-сентябрында талапкердин сүйлөгөн сөзүнө даттануу менен Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акун кайрылды. 2017-жылдын 30-сентябрында ушундай даттануулар менен «Элдик сакчы» элдик кошуну коомдук бирикмеси, -Ош облусунун Араван районунун коомдук консультациялык кеңеши, -Ош шаарындагы №3 Сулайман–Тоо аймактык кеңешинин тургундары, - «Ош облусунун Кара-Кулжа районунун согуштун, эмгектин жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери» коомдук бирикмесинин Президиумунун мүчөлөрү, - Ош облусунун Ноокат районунун этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши, -Ош облусунун Кара-Суу районунун коомдук консультациялык кеңеши, -Баткен облусунун Лейлек районунун коомдук консультациялык кеңеши, -Баткен облусунун Баткен шаарынын коомдук консультациялык кеңеши -Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы этностор аралык мамилелермамлекеттик агенттиги, -Жалал-Абад облусунун Кыргызстан калкынын Ассамблеясы, -Ош облусунун Өзгөн районунун коомдук консультациялык кеңеши, -Ош шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши кайрылган. 2017-жылдын 2 жана 3-сентябрында Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү, Достук, Масы айылдарынын тургундары даттануулар менен кайрылган. 2017-жылдын 4-жана 5-сентябрында өзбек улутундагы элдин атынан Өзгөн шаарынын тургундары, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундары, Ноокен районунун Масы айылынын тургундары, Ош шаарынын тургундары даттануулар менен кайрылган. Бардыгы болуп 19 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Берген даттанууларында арыз ээлери 2017-жылдын 28-сентябрында калкын басымдуу түрдө өзбек улутундагы адамдар түзгөн Ош шаарынын Амир-Темур (эски аталышы Он-Адыр) кичи районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун шайлоочулар менен жолугушуусу болуп өттү деп көрсөтөт. Шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө Ө.Бабанов тургундарга төмөнкүдөй сөздөр менен кайрылган: «Өзбек калкым, чөгөлөп туруп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы. Баардыгыңар  бирге болсоңор, бирөөңөрдү уруп атса бардыгыңар каршы турсаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Бардыгыңар өзбек калкына чалгыла, бир туугундарыңарга чалгыла, бир милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет, мен сөз берем». Арыз ээлеринин пикири боюнча, бул аракеттер, талапкер Ө.Бабанов айткан бул сөздөр бийликке каршылык көрсөтүү элементтерин, улуттар аралык келишпестик элементтерин камтыйт жана эки боордош элдин ортосунда от жагат. Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, арыз ээлери талапкер Ө.Бабановго карата дээрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катарында анын каттоосун жокко чыгарууга чейин эскертүү чыгаруу түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну өтүнөт. Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун 2017-жылдын 30-сентябрындагы даттануусун кароодо, арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумуна арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков чакырылды. Арыз ээси Турсунбек Акун өз даттануусунда көрсөтүлгөн далилдерди толугу менен жактады. Ошондой эле ал Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунда шайлоочулар менен жолугушууда Ө. Бабановдун үгүт командасында белгилүү юморист Б. Кудайбергенов катышканын көрсөткөн. Б.Кудайбергенов элди Ө.Бабанов үчүн добуш берүүгө чакырган жана «Казакстандын Президенти Ө.Бабановду өзү чакырып Президент боло электе эле келип кетсин деп жатат. Мына ал Кыргызстанга жаңы, жаш Президент келээрин билип чакырып жатат» деп айткан. Бирок Б.Кудайбергеновдун жанында турган Ө.Бабанов чет өлкөлүк саясий ишмерлерди пайдалануу менен үгүт жүргүзүү шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп санала тургандыгын билип туруп, Б.Кудайбергеновду токтотуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес, тескерисинче, жанында жылмайып турган. Турсунбек Акун ошондой эле 2017-жылдын 28-сентябрында 21:00дө НТС телеканалында талапкерлер Ө.Бабановдун жана Б.Төрөбаевдин Ош шаарынын клубдарынын биринде шайлоочулар менен жолугушуусу көрсөтүлгөн. Шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө талапкер Б.Төрөбаев ошондой эле Ө.Бабанов үчүн добуш берүүгө чакырып, Ө.Бабановдун Казакстандын Президенти Н. Назарбаев менен жолугушуусу жана Н. Назарбаев Ө.Бабановду колдой тургандыгы жөнүндө айткан. Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков Турсунбек Акундун даттануусунда көрсөтүлгөн сөздөр контекстен бөлүп алынганын жана Ө.Бабанов эч кандай чакырыктарды жасабаганын түшүндүрдү. Талапкер Ө.Бабановдун сөзүндө улуттар аралык чыр-чатакты тутантууга байланышкан жазык кылмышынын элементтери бар же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Жумушчу топтор тараптар берген видеоматериалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү чечимин кабыл алды. 2017-жылдын 4-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундан арыз келип түштү, анда ал 2017-жылдын 29-сентябрында даттанууну бергенин жана ал боюнча чечим кабыл алынбаганын көрсөткөн. Шайлоо мыйзамдарында арыздарды, даттанууларды кароо мөөнөттөрү белгиленгенин эске алып, Турсунбек Акун ал берген даттанууну маңызы боюнча кароону жана ал боюнча чечим кабыл алууну талап кылган. Андай болбогон учурда ал сот органдарына кайрылаарын билдирген. 2017-жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук  комитетинен кат келип түшкөн. Катта Комитет буларды көрсөткөн: «Жөнөтүлгөн материалдар боюнча чечим кабыл алуу үчүн комплекстүү филологиялык-политологиялык жана соттук-видео фонографиялык экспертизалар дайындалды. Ушул учурга карата эксперттердин иши аяктай элек жана алардын корутундусу али келип түшө элек. Буга байланыштуу материалдар боюнча чечим кабыл алына элек. Материалдарды карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө маалыматты кошумча жөнөтөбүз». Өз кезегинде Турсунбек Акун, «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү жана калган арыз ээлери өздөрү берген даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жана алар боюнча чечим кабыл алуу талабы менен бир нече жолу кайрылды. Конституциялык Мыйзамда белгиленген даттанууларды (арыздарды) кароонун кыска мөөнөтүн, ошондой эле өздөрү берген даттанууларды кароого арыз ээлеринин талаптарын эске алып, Жумушчу топтор 2017-жылдын 9-октябрында биргелешкен отурумду өткөрдү. Отурумда Турсунбек Акун, «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү А.Кылычов сөз сүйлөдү, алар талапкер Ө.Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун шайлоочулары менен жолугушууда айткан сөздөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузат деп түшүндүрдү. Арыз ээлери, алардын пикири боюнча, Ө.Бабановдун сөздөрүндө бийликке баш ийбөөгө чакыруу, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу элементтери бар, анткени талапкер Ө.Бабанов өзбек элин чөгөлөп, кысым көрсөтүлгөн абалда жашайт деп көрсөткөнүн айткан. Өз сөзүндө «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү 2010-жылы К. Батыров ушундай сөздөрдү: «Биз канча жыл күттүк, эми тизени көтөрүүгө убакыт жетти» деп айтканын көрсөттү. Арыз ээлери Ө.Бабановдун өзбек улутундагы адамдарга карата милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кете тургандыгы жөнүндө кайрылуусу бийликке каршы чакыруу болуп саналат, анткени милициянын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп саналат деп көрсөткөн. Өз сөзүндө «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү А. Кылычов шайлоочулар менен жолугушуулардын учурунда талапкер Ө.Бабанов дайыма шайлоочуларды добуш берүү күнү 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүү үчүн участокко кечинде келүүгө жана шайлоонун натыйжаларын коргоп калууга чакырат деп көрсөтөт. Арыз ээсинин пикири боюнча, талапкер Ө.Бабановдун ушундай сөздөрүн шайлоо комиссияларынын ишине кысым көрсөтүү катары баалоого болот. Арыз ээси мындай сөздөр добуш берүү күнү участоктордо тартипсиздиктерге жана дестабилдешүүгө алып келиши мүмкүн деп көрсөткөн. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков Ө.Бабановдун сөздөрү контексттен бөлүп алынган жана Борбордук шайлоо комиссиясынын бул маселени кароого ыйгарым укугу жок, ал бардык даттанууларды жана арыздарды аларга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүүгө тийиш деп көрсөткөн. Арыз ээлери укук коргоо органдары өзү компетенциясынын алкагында жазык ишин козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө маселени чечүүгө тийиш экендигин көрсөтүп, иштерди укук коргоо органдарына жөнөтүүгө каршы чыгышты. Ал эми шайлоо процессинин алкагында жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени түздөн-түз Борбордук шайлоо комиссиясы чечүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды, материалдарды, арыз ээлеринин жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрсөтүүлөрүн иликтеп чыгып, арыз ээлеринин талаптары төмөнкүдөй негиздер боюнча канааттандырылууга тийиш деген тыянакка келди: -Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнөылайык, улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат; -«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 7.5-пунктунда үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер үгүт иш-чараларын көйгөйлөр түзүлүштү өзгөртүүгө, мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү  тутантууга, согушту жана зомбулукту пропагандалоого карата чакырык жана башка тыюу салынган чакырык максатында пайдаланууга тийиш эмес деп белгиленген. Берилген материалдардан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабанов шайлоочуларга кайрылып, «Өзбек элим» деп, ошонун өзү менен аны менен жолугушууга келген шайлоочулардын этноско таандык болушун өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Мында талапкер өзбек элине чөгөлөп туруп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы деген сөздөрдү айтты. Ошонун өзү менен Ө.Бабанов өзбек улутундагы жарандар кысымга алынган абалда турат деп жатат. Бул ири өзбек коомчулугу жашаган Он-Адырда айтылганын эске алып, бул лозунг чагымчылык мүнөздө. Талапкер Ө.Бабановдун «Баардыгыңар бирге болсоңор, бирөөңөрдү уруп жатса бардыгыңар каршы турсаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Бардыңар өзбек калкына чалгыла, бир туугундарыңарга чалгыла, бир милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет, мен сөз берем» деген сөздөрү бул учурда эки ача мааниде. Бул учурда сөз биринчи кезекте бийликтин өкүлдөрүнө – милициянын кызматкерлерине баш ийбөө жөнүндө жүрүп жатканын эске алып, бул сөздөрдү баш ийбөөгө кыйыр чакырык катары баалоого болот. Талапкер Ө.Бабановдун көрсөтүлгөн сөзүнө байланыштуу өлкөнүн калкынын арасында нааразычылык толкуну пайда болду. Өлкөнүн бардык региондорунун тургундары, анын ичинде өзбек улутундагы адамдар Ө.Бабановдун айткан сөздөрүнө өздөрүнүн ачык нааразычылыктарын билдирди. Өз сөздөрүндө адамдар Ө.Бабанов өз сөзү менен 2010-жылдагы каргашалуу окуялардан кийин жаңыдан айыгып келаткан жараны кайра тырмап жатат деп белгилөөдө. Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү эң жогорку кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын жараны үчүн мындай сөздөрдү айтуу жол берилгис, татыктуу эмес жана алгылыктуу эмес деп эсептейт. Өзүн бүтүндөй мамлекеттин башчысы катары көргөн өлкөнүн жараны катары Ө. Бабанов бардык өзүнүн айткан сөздөрүн жана аракеттерин аңдап-түшүнүүгө, өзүнүн ар бир сөзүн таразалап жана акыл-эстүү мамиле кылууга, биринчи кезекте мамлекеттин жана анда жашаган элдердин бүтүндүгү жана стабилдүүлүгү жөнүндө ойлонууга тийиш. 2010-жылдагы окуялардан кийин эки боордош элдин ортосундагы мамилелерди кандай эмгек жана кыйынчылык менен калыбына келтире алганыбызды билип, талапкер шайлоо алдындагы үгүттүн жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын алуу максатында элди бөлүп-жарууга жана өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылууга алып келүүчү ыкмаларды колдонууга тийиш эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле талапкер Ө.Бабанов дайыма шайлоочуларды добуш берүү күнү 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүү үчүн шайлоо участогуна кечинде келүүгө жана шайлоонун натыйжаларын коргоп калууга чакырган сөздөрүнө өзүнүн кооптонуусун билдирет. Чыныгы демократиялык, ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте эбегейсиз зор ишти жүргүзүп жатат. Шайлоо процессине эң жаңы технологиялар: шайлоочуларды манжаларынын издери жана бетинин параметрлери боюнча идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу менен шайлоочулардын добуштарын автоматтык эсептөө, шайлоочулар АЭУнун маалыматтары менен, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор менен түздөн-түз сайтта тааныша алышы үчүн ар бир участокто добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду сканерлөөнүн жана борбордук серверге жөнөтүүнүн жаңы жол-жобосу киргизилди. Шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын иш жүзүндө эч бир шартта бурмалоо мүмкүн эмес. Бул талапкер Ө.Бабановго да жакшы белгилүү. Ушундан улам, Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун шайлоочуларга добуш берүү күнү участокторго кечинде келүүгө чакырыгын добуш берүү күнү олку-солку кылуу аракети катары кабылдайт. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ортосундагы шайлоо алдындагы күрөштүн ыкмалары жана методдору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жана шайлоочулардын эркине кысым көрсөтүү аракеттери болбостон, талапкерлердин ортосундагы жакшы атаандаштык  жагдайында өтүүгө тийиш деп эсептейт. Көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясыталапкер Ө.Бабанов тарабынан шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузуу орун алган деп эсептейт. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алган №89 чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлерге өзүнүн үгүт кампаниясында чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин пайдалануунун жол берилгистиги, ал жазуу жүзүндөгү эскертүүгө жана талапкердин каттоосун жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө эскерткенин белгилейт. Бирок Турсунбек Акундун даттануусунан жана Он-Адыр кичи районундагы шайлоочулар менен жолугушуунун берилген видеосунан жолугушууда Б.Кудайбергенов сөз сүйлөгөнү, өз сөзүндө ал талапкер Ө.Бабановду колдоп, Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев Ө.Бабановду колдой тургандыгын айтканы көрүнүп турат. Мында жанында турган талапкер Ө.Бабанов үгүт кампаниясында чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин пайдаланууга тыюу салына тургандыгы жөнүндө билип туруп, Б.Кудайбергеновду токтотуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес. Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сөздөр контексттен алынгандыгы жөнүндө далилдери жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун өзүнүн штабы жарыялаган видеодоталапкер Ө. Бабанов ошол эле сөздөрдү айтып жатканын белгилейт. «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 9.8-пунктуна ылайык талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жөнүндө талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жасоого укуктуу. Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 9-октябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы арызды канааттандыруу чечимин  кабыл алды. Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун,«Элдик сакчы» ЭК КБнын, Ош облусунун Араван районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Ош шаарындагы № 3 Сулайман – Тоо аймактык кеңешинин тургундарынын, «Ош облусунун Кара-Кулжа районунун согуштун, эмгектин жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери» коомдук бирикмесинин Президиумунун мүчөлөрүнүн, Ош облусунун Ноокат районунун этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин,Ош облусунун Кара-Суу районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Баткен облусунун Лейлек районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Баткен облусунун Баткен шаарынын коомдук консультациялык кеңешинин,Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы этностор аралык мамилелермамлекеттик агенттигинин, Жалал-Абад облусунун Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын, Ош облусунун Өзгөн районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү, Достук, Масы айылдарынын тургундарынын, өзбек улутундагы элдин атынан Өзгөн шаарынын тургундарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын, Ноокен районунун Масы айылынын тургундарынын, Ош шаарынын тургундарынын арыздары канааттандырылды. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановго үчүнчү жазуу жүзүндө  эскертүү берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 54 байкоочуну  аккредитациядан өткөрдү
10.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 54 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 54 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Эл аралык университеттин студенттери аккредитациядан өткөрүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 57 мамлекетинен 765 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин  каттоосун жокко чыгаруу мөөнөтү боюнча КР БШКнын түшүндүрмөсү
10.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу мөөнөтү боюнча КР БШКнын түшүндүрмөсү

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу мөөнөтү боюнча  кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жөнүндө”  конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылаарын билдирет:  1) талапкер өз талапкерлигин  алып салуу жөнүндө арыз бергенде; 2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда; 3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн  каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын  жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун  каражаттарынан чыгымдарды шайлоо  фондундагы  каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын ичинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда; 4) ушул конституциялык Мыйзамдын  21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда; 5) талапкерлердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо  максатында  кызмат ордунун  же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында  кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде; 6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн  шайлоо алдындагы  үгүт жүргүзүү эрежелерин  бузууга түздөн түз  катышуу фактылары  далилденгенде; 7) талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын,  ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде; 8) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн  күчүнө кириши. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык  талапкер ушул эле конституциялык Мыйзамдын 22-27-беренелеринин ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиясы  бузуулар жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Талапкер тарабынан жогоруда айтылган талаптар бир нече жолу бузулганда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен талапкердин каттоосун жокко чыгаруу чечимин чыгарууга   укуктуу. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык  Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн  нормаларын  милдеттүү түрдө аткаруу  туурасында билдирет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамын каттады
10.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамын каттады

2017-жылдын 10-октябрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Ө.Бабановдун  ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун ишенимдүү адамы болуп Конутаев Алмаз Болушевич катталды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы  Бишкек шаарынын   участкаларынын шайлоо комиссияларынын   активи менен жолугушту
09.10.2017

КР БШК төрагасы Бишкек шаарынын участкаларынын шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту

2017-жылдын 9-октябрында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Бишкек шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыйындын катышуучуларын шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыгы, шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу туурасында маалымат берди. Жолугушууда  шайлоону уюштуруу-техникалык маселелери, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн  автоматтык саноо урнасынын технологиясын үйрөтүү, мамлекеттик,  укук коргоо жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өз ара аракеттери тууралуу маселе козголду. Н.Шайлдабекова жыйындын катышуучулдарына  кайрылып, АШК жана УШКнын бардык кызматкерлеринин, адистеринин башкы милдети шайлоо учурунда мурдагыдай эле колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана нормаларын сактоо, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарт түзүү болуп саналат-деп белгиледи. Ошондой эле Борбордук шайлоо колмиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн көптөгөн суроолоруна жооп берди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо фондусунун акча каражаттарынын чыгымдоо жөнүндө отчету
09.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо фондусунун акча каражаттарынын чыгымдоо жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо фондусунун акча каражаттарынын чыгымдоо жөнүндө отчету Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү топтун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин 2017-жылдын 9-октябрына карата шайлоо фондусунун акча каражаттарын чыгымдоо жөнүндө маалыматы:     Талапкерлер Түштү Чыгымдалды Калдык 1 Абдылдаев А.Б. 2 300 000 2 296 500 3 500 2 Малиев А.К. 7 914 300 7 913 361 939 3 Зарлыков Э.З. 2 487 970 2 444 016 43 954 4 Сариев Т.А. 40 501 000 39 467 419 1 033 581 5 Масадыков Т.Ш. 4 796 150 4 718 591 77 559 6 Бабанов Ө.Т. 200 589 866 197 203 561 3 386 305 7 Мадумаров А.К. 1 373 888 1 372 474 1 414 8 Жээнбеков С.Ш. 103 400 000 98 527 041 4 872 959 9 Кочкоров У.Т. 3 521 465 3 458 208 63 257 10 Бекназаров А.А. 2 426 600 2 393 388 33 212 11 Уметалиева Т.Д. 2 340 115 2 125 500 214 615   КР БШК мүчөсү,                          КР БШК КТТ жетекчиси Баатырова Г.М.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын арызын жарым-жартылай канааттандыруу чечимин кабыл алды
07.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын арызын жарым-жартылай канааттандыруу чечимин кабыл алды

КР БШКга  (мындан ары–Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова (мындан ары – арыз ээси) 2017-жылдын 3-октябрындагы  № 01-12/2570 арызы менен кайрылды. Арыз ээси 2017-жылдын 3-октябрында МК «Азия» газетасынын интернет-сайтына (http://www.mk.kg) «Сариев канча турат?» деген баш сөз менен макала жарыяланган деп көрсөтөт. Арыз ээси МК «Азиянын» редакциясы чындыкка коошпогон, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирген маалыматты таратып жатат деп ырастайт. Арыз ээси интернет-басылма тараткан маалыматтар терс болуп саналат жана шайлоочулардын талапкерге карата мамилесине таасир этүү максатын көздөйт. Ал гана эмес, жогоруда көрсөтүлгөн макалада жасалган бардык ырастоолор жана тыянактар же чындыкка коошпойт, же болбосо атайылап чындыкты бурмалайт-деп билдирди. Арыз ээси «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнөылайык, МК «Азияны» «Сариев канча турат?» деген макалага расмий төгүндөөнү жарыялоого милдеттендирүүнү жана билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ар-намысына, кадыр-баркына жана иштиктүү аброюна зыян келтирген макаланы жарыялагандыгы үчүн МК «Азиянын» аккредитациясын кайра чакыртып алууну өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумунда МК «Азия» газетасынын башкы редактору А.Банников, бул макалага тиешем жок, бул аракетти МК «Азия» газетасынын редакциясынын кызматкерлери жана журналисттери жасаган жок деп түшүндүрдү. А.Банников МК «Азия» газетасы менен www.mk.kg интернет сайтынын, башкача айтканда, «MK RU» ортосунда франчайзинг келишими жок, МК «Азия» газетасы менен «MK RU» интернет сайты ар башка ресурстар деп билдирди. «MK RU Киргизия» бул «MK RU» интернет ресурсундагы бет, МК «Азия» газетасы материалдарды жөнөтөт, ал эми «MK RU» жарыялайт, ал Россия Федерациясынын Москва шаарында жайгашкан. А.Банников «MK RU» интернет ресурсу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн аккредитациядан өткөн эмес деп түшүндүрдү жана борбордук уюмга көрсөтүлгөн материалды алып салуу жана бул макалага төгүндөөнү жайгаштыруу үчүн интернет-сайтта орун берүү өтүнүчү менен кайрылууга даяр экенин билдирди. Жумушчу топтор арызды, «MK RU» интернет-сайтындагы макаланы карап, арыз ээсин, МК «Азия» газетасынын башкы редактору А. Банниковду  угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып  Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын даттануусу жарым-жартылай канааттандырылсын, МК «Азия» газетасынын башкы редактору www.mk.kg интернет-бетине жайгаштырылган «Сариев канча турат?» деген материалды алып салсын жана төгүндөөнү жарыяласын деген тыянакка келди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үгүткө дин ишмерлерин тарткандыгы үчүн  Ө. Бабановго эскертүү берилди
07.10.2017

Үгүткө дин ишмерлерин тарткандыгы үчүн Ө. Бабановго эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Сманбаеванын 2017-жылдын23-сентябрындагы кириш № 01-12/2315 даттануусу келип түшкөн. Берилген даттануусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Сманбаева (мындан ары–Арыз ээси) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусунда Камалов Садыкжан ажы Ө.Бабановду колдоо менен сөз сүйлөгөнүн көрсөткөн. Арыз ээсинин сөзүнө караганда  бул бузуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.Осмоналиевдин «gezitter.org» интернет-басылмасына  2017-жылдын 22-сентябрындагы интервьюсунда белгилүү болгон. Арыз ээси «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзамы) 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу орун алган деп эсептейт, анткени Камалов Садыкжан ажы «Ислам Цивилизациясынын борбору» коомдук кайрымдуулук уюмунун президенти болгон, азыркы учурда Ош шаары, Кыргызстан көчөсү, 25-үй дареги боюнча катталган «Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынынэл аралык борбору» диний уюмун уюштуруучу жана анын жетекчиси болуп саналат. Берилген арызга арыз ээси «Кыргызстандын Исламдыккызматташтыгынынэл аралыкборбору» диний уюмун эсептик каттоо жөнүндө 1997-жылдын 18-сентябрындагы № 0048 ЦФО күбөлүктү, Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө 1997-жылдын 9-октябрындагы ГР № 001922 күбөлүктү, «Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиумунун 7 адамдан турган мүчөлөрүнүн тизмесин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бул юридикалык жактардын электрондук маалымат базасынан көчүрмөнү тиркеген. Өз даттануусунда Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановго жазуу жүзүндө эскертүү жасоону өтүнөт. Арыз ээсинин далилдерин объективдүү карап чыгуу жана изилдөө, аларга баа берүү максатында Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумуна арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков чакырылган. Жумушчу топтордун 2017-жылдын 26-сентябрындагы биринчи отурумунун жүрүшүндө Арыз ээси Ош шаарынын шайлоочуларынын талапкер Ө.Бабанов менен жолугушуусун Ө.Бабановдун штабы уюштурганын түшүндүрдү. Мында Ө.Бабановдун штабы жолугушууну өткөрүү үчүн жайды бөлүү жөнүндө арыз тиешелүү менен Ош шаарынын мэриясына кайрылган. Келтирилген далилдерин ырастоо үчүн арыз ээси Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 871/08-4 катынын көчүрмөсүн берген. Өз кезегинде Э.Ирискулбеков Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борборундагы мүчөлүктү токтотуу жөнүндө, ден соолук абалы боюнча уюштуруучулардын курамынан чыгаруу жана Төраганын кызматынан бошотуу жөнүндө Камалов Садыкжандын арызын канааттандыруу тууралуу Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борборунун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун 2017-жылдын 7-сентябрындагы чечиминин көчүрмөсүн берген. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) бирдиктүү реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгени же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине суроо-талап жөнөткөн. КР Юстиция министрлигинин берген жообуна ылайык Камалов Садыкжан ажы «Кыргызстандын  Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борбору» диний уюмунун жетекчиси болуп саналат. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Камалов Садыкжан ажы «Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борбору» диний уюмун уюштуруучу жана анын жетекчиси, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан  каары Камалуддин» медресесинин жана «Имам Азам» мечитинин уюштуруучу болуп санала тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2017-жылдын 27-сентябрындагы  каты келип түшкөн. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков 2017-жылдын 28-майында С.Камалов  көрсөтүлгөн медресенин директорунун кызматынан бошотуу жөнүндө арыз жазганын билдирди. Бирок бул арызды Э.Ирискулбеков көрсөткөн эмес. Көрсөтүлгөн жагдайга байланыштуу Жумушчу топтордун кезектеги отуруму 2017-жылдын 4-октябрына дайындалган. Мында С.Камалов «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин директорунун кызматынан бошотулгандыгын же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгына суроо-талаптар жөнөтүлгөн. 2017-жылдын 4-октябрында Жумушчу топтордун кезектеги биргелешкен отуруму болуп өттү. Көрсөтүлгөн отурумдун жүрүшүндө Ө. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү ден соолук абалы боюнча жана узак убакытка өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу зарылчылыгына байланыштуу өзүн көрсөтүлгөн медресенин директорунун кызматынан бошотуу жөнүндө «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин уюштуруучулар кеңешинин дарегине С.Камаловдун 2017-жылдын 28-майындагы арызынын көчүрмөсүн көрсөттү. Ошондой эле Э.Ирискулбеков талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочуларменен жолугушуусун Ө.Бабановдун штабы уюштурган, ал эми шайлоочуларменен жолугушууга чакырылган шайлоочулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин штабы түзгөнүн билдирди. Б.Төрөбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаев талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна чакырылган адамдардын тизмесин  Б.Төрөбаевдин штабы түзгөнүн билдирди. Ошондой эле Э.Ирискулбеков арыз ээси тарабынан «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9-пунктунда белгиленген эки күндүк мөөнөт өткөрүп жиберилгенин белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү У.Дооталиев «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиуму 7 адамдан турат, алардын ичинен азыркы учурда үчөөнүн көзү өткөн деп түшүндүрдү. Уставга ылайык «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун жалпы чогулушу Президиум тарабынан чакырыла тургандыгынын жагдайын эске алып, У.Дооталиев Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борборундагы мүчөлүктү токтотуу жөнүндө, ден соолук абалы боюнча уюштуруучулардын курамынан чыгаруу жана Төраганын кызматынан бошотуу жөнүндө Камалов Садыкжан ажынын арызын канааттандыруу тууралуу «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун Чечиминен көчүрмөнүн легитимдүүлүгү жагынан шектенүүсүн билдирди. Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош шаардык Мусулмандар казыятынын 2017-жылдын 3-октябрындагы  катына ылайык каралды, ага ылайык «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиуму 7 адамдан турат, анын төрагасы болуп Камалов Садыкжан ажы саналат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругуна ылайык С.Камалов чындыгында эле «Садык каары Камалуддин» медресесинин директору болуп санала тургандыгы жөнүндө Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош областтык Казыятынын 2017-жылдын 3-октябрындагы № 364 маалымкатын жөнөткөн. Колдо болгон материалдардын жана арыз ээси менен талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрсөтүүлөрүнүн негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээсинин талаптары төмөнкүдөй негиздер боюнча канааттандырылууга тийиш деген тыянакка келди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык  Мыйзамынын 22-беренсинин 15-бөлүгүнө ылайык, үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу болбогон адамдардын ичинде диний уюмдардын өкүлдөрү көрсөтүлгөн. Жумушчу топтордун отурумдарынын жүрүшүндө талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусунда Камалов Садыкжан ажы аны колдоп үгүттөө менен сөз сүйлөгөнү белгиленди.   Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясы С.Камаловду көрсөтүлгөн диний уюмдун жетекчисинин ыйгарым укуктарынан бошотууну ырастаган башка документ берилген эмес деп белгилейт. Ошондой эле «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун жаңы жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим берилген эмес. Ошону менен бирге суроо-талаптарга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош шаардык  Мусулмандар башкармалыгы берген расмий жоопторго жана документтерге ылайык С.Камалов «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиумунун төрагасы, жетекчиси болуп саналат. Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочуларменен жолугушуусунун алдында үгүт жүргүзүү күнүнө карата Камалов Садыкжан ажы көрсөтүлгөн диний уюмдун төрагасы болуп саналган деп белгилейт. Ушундай жагдайларда Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгү бузулгандыгы жөнүндө тыянакка келди. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, талапкер 22-27-беренелерде белгиленген талаптарды бузган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы ага жазуу жүзүндө эскертүү жасоого укуктуу. Чакырылгандардын тизмесин Б.Төрөбаевдин штабы түзгөнү жөнүндө ыйгарымукуктуу өкүл Э.Ирискулбековдун далилдери жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы С.Камалов сөз сүйлөгөн Ош шаарындагы шайлоочуларменен жолугушуу 2017-жылдын 13-сентябрында болгон деп белгилейт. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Б.Төрөбаевдин жана Ө.Бабановдун биригиши 2017-жылдын 17-сентябрында болгон. Мындан тышкары, Арыз ээси берген Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы катынын негизинде талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарындагы шайлоочулар менен көрсөтүлгөн жолугушуусун түздөн-түз Ө.Бабановдун штабы уюштургандыгы белгиленген. Арыз ээси талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарындагы шайлоочуларменен жолугушуусунун жүрүшүндөС.Камаловдун үгүтүнүн фактысы жөнүндө ал Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.Осмоналиевдин 2017-жылдын 22-сентябрында «gezitter.org» интернет – сайтында жарыяланган «Биз экс-муфтий Садыкжан Камалов боюнча Бабановго дагы бир эскертүү бере алабыз» деген интервьюсунан билгенин көрсөткөн. Даттанууну Ж.Сманбаева 2017-жылдын 23-сентябрында, башкача айтканда, ал ушул факт жөнүндө билгенден кийинки күнү берген. Көрсөтүлгөн жагдайга  байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Арыз ээси тарабынан арызды (даттанууну) берүүнүн мыйзамдарда белгиленген эки күндүк өткөрүп жиберилген эмес деп эсептейт. Баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-октябрындагы биргелешкен Чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаеванын 2017-жылдын 23-сентябрындагы  арызы канааттандыруу чечилди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановго кайталап жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди. Кыргыз  Республикасынын диний иштер боюнча  мамлекеттик  комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына бир талапкердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышып, колдогондугу үчүн С.Камаловго  жазуу жүзүндө эскертүү берилди. КР БШК  аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жамааты Жумакадыров Темир  Курмангазиевичтин, трагедиялуу каза болушуна байланыштуу жакындарына жана  туугандарына чын жүрөктөн чыккан  көңүл айтуусун билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт
07.10.2017

КР БШК жамааты Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин, трагедиялуу каза болушуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуусун билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жумакадыров Темир  Курмангазиевичтин, трагедиялуу каза болушуна байланыштуу жакындарына жана  туугандарына чын жүрөктөн чыккан  көңүл айтууну билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт. Темир  Курмангазиевич  мамлекеттин чыныгы патриоту, өз ишинин профессионалы жана моралдык жогорку принциптеги адам  болгон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат. Биз Жумакадыров Темир  Курмангазиевичтин, жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эриковичтин жана айдоочусу  Муканов Нурбектин жакындарына жана туугандарына, үй-бүлөлөрүнө орду толгус жоготууларына байланыштуу чын ниеттен көңүл айтып, ушул оор күндөрү, терең кайгыруу менен азаларын тең бөлүшөбүз. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр  киргилизди
07.10.2017

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

2017-жылдын 7-октябрындагы КР БШК жыйынында айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды Берген арызынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Р.Сарбаев Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунун чыгарылды. Берген арызынын негизинде “Республика” саясий партиясынан Д.Жороева комиссиянын резервинен чыгарылды. “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Ч.Койгельдиева резервден чыгарылып комиссиянын тутумуна киргизилди. Берген арызынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан А.Шейшенов Москва аймактык шайлоо комиссиясынын тизмесинен чыгарылды. Берген арызынын негизинде “Акшумкар” саясий партиясынан К.Осмонкулова комиссиянын резервинен чыгарылды. “Кыргызстан социал-демократиялык” саясий партиясынан Б.Тазабекова резервден чыгарылып комиссиянын тутумуна киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкек  шаарындагы №1064  шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү
07.10.2017

Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү

2017-жылдын 7-октябрындагы КР БШК жыйынында Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1064 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү. Бишкек шаарынын Ленин районунун №1064 шайлоо участкасы “Улан” кафесинен “Газпром-балдарга” дене тарбия чыңдоо комплексинин имаратына көчүрүлдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 283 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
07.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 283 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Бүгүн, 2017-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссисы эл аралык 283 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. КМШ Миссиясынан, ШКУ Миссиясынан, ЕККУнун Адам укугу боюнча демократиялик институттар Бюросунан өкүлдөр эл аралык байкоочу катарында аккредидациядан өтүштү. Бардыгы 283 эл аралык байкоочу. Борбордук шайлдоо комиссиясы 2017-жылдын 7-октябрына карата дүйнөнүн 57 мамлекетинен 712 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтемеден таанышсаңыздар болот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамынын ыйгарым укуктарын токтотту
07.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамынын ыйгарым укуктарын токтотту

2017-жылдын 7-октябрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ишенимдүү адамы Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Сариевдин  ишенимдүү адамдарынын  ыйгарым укуктарын токтотту
07.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Сариевдин ишенимдүү адамдарынын ыйгарым укуктарын токтотту

2017-жылдын 7-октябрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү адамдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Төмөнкү адамдардын укуктары токтотулду: 1. Орозбаев Айбек Муктарович, 2. Абакиров Жоломан Шайлообекович, 3. Дуйшоев Кубанычбек Асангазиевич, 4. Жунусов Мэлс Жолдошович, 5. Калбаев Талантбек Сагындыкович. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевдин каттоосун  жокко  чыгарды
07.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевдин каттоосун жокко чыгарды

2017-жылдын  7-октябрындагы КР БШК жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Төрөбаевдин каттоосун  жокко  чыгаруу боюнча токтом кабыл алынды.  Б.Төрөбаевге берилген күбөлүк (КР БШК 2017-жылдын 23-августундагы №362 Токтому менен бекитилген)  күчүн жоготту деп табылды. Ошондой эле Б.Төрөбаевдин  шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары, Жобого ылайык  токтотулду.  Б.Төрөбаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликтен баш тартуу жөнүндө арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 6-октябрында келип түшкөн. КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын  каттады
07.10.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады

2017-жылдын 7-октябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдары болуп: 1.Эшеналиева Назгуль Арстановна, 2.Буребеков Улукбек Баитович, 3.Субанкулов Данияр Рысбекович, 4.Жээнкулов Асранкул Назаркулович, 5.Мамизаир уулу Руслан, 6.Мураталиев Таалайбек Айтмырзаевич, 7.Талантбек уулу Адилет, 8.Саттаров Мавлянкул Камчиевич, 9.Ажыбеков Мээрбек Капалбекович катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 396 398 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти