Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу …

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу мөөнөтү боюнча КР БШКнын түшүндүрмөсү

10-Окт, 2017

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу мөөнөтү боюнча  кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жөнүндө”  конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылаарын билдирет: 

1) талапкер өз талапкерлигин  алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн  каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын  жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун  каражаттарынан чыгымдарды шайлоо  фондундагы  каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын ичинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын  21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкерлердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо  максатында  кызмат ордунун  же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында  кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн  шайлоо алдындагы  үгүт жүргүзүү эрежелерин  бузууга түздөн түз  катышуу фактылары  далилденгенде;

7) талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын,  ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде;

8) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн  күчүнө кириши.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык  талапкер ушул эле конституциялык Мыйзамдын 22-27-беренелеринин ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиясы  бузуулар жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу.

Талапкер тарабынан жогоруда айтылган талаптар бир нече жолу бузулганда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен талапкердин каттоосун жокко чыгаруу чечимин чыгарууга   укуктуу.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык  Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн  нормаларын  милдеттүү түрдө аткаруу  туурасында билдирет.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>