Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Көзөмөл-текшерүү тобу КР Президенти кызматына талапкерлердин экинчи каржылык отчету боюнча маалыматты сунуш кылат
06.10.2017

Көзөмөл-текшерүү тобу КР Президенти кызматына талапкерлердин экинчи каржылык отчету боюнча маалыматты сунуш кылат

Көзөмөл-текшерүү тобу КР Президенти кызматына талапкерлердин экинчи каржылык отчету боюнча маалыматты сунуш кылат
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы МКК менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу презентация өткөрдү
06.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы МКК менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу презентация өткөрдү

Бүгүн, 2017-жылдын 6-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу презентация өткөрдү. Жолугушууга КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, МККнын төрагасы Д.Догоев, Кыргыз Республикасындагы Элчиликтердин башчылары, БШКнын мүчөлөрү, жарандык коомдун жана илимий-эксперттик кеңештин өкүлдөрү, аккредитациядан өткөн эл аралык жана коомдук байкоочулар, ошондой эле ММК өкүлдөрү катышты. Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо процессинин негизги этаптары жөнүндө жыйындын катышуучуларына  кенен маалымат берди. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо урнасынын (АСУ) технологиясын окутуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды. КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова белгилегендей, азыркы учурда шайлоого соңку даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 3 млн. 31 миң 811 шайлоо бюллетендери даярдалып, аймактарга жөнөтүлдү. Ал эми участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө жүрүүдө. МККнын башчысы Д.Догоев өз сөзүндө шайлоочулардын биротоло тизмеси даяр болгонун айтып, 16-августтан баштап 29-сентябрга чейинки аралыкта форма 2 боюнча 316064, ал эми форма 3 боюнча 28397 арыз түшкөнүн кошумчалады. 2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системасы (МШС) 2016-жылкы  референдумда жана  2017-жылы май айындагы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо  сыноодон өткөн, эл аралык компаниянын сертификатына ээ, ушуга байланыштуу ал эч кандай күмөндүүлүк  туудурбаш керек. Жаңы шайлоо технологиясы  КР БШК менен Түштүк Кореянын кызматташуусу боюнча эл аралык агенттиги менен биргелешип иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө программанын бардык тейлөө коду  кыргыз тарапка берилген жана БШКнын адистери тарабынан тейленет. МШС-маалыматтык шайлоо системасы Кыргыз Республикасында референдум жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү  ошондой эле анын жыйынтыгы жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат жарыялоого ылайыкташкан. Маалыматтык шайлоо системасынын тутумуна төмөнкүлөр кирет: -УШКларда  шайлоо бюллетендерин кабыл алуучу автоматтык саноочу урна (АСУ); -МШС программалык камсыздоо (ПК), чогултуу функциясын аткарган, сактоо жана  шайлоо жөнүндө маалымат сунуш кылуу; -АСУ маалыматтары корголгон байланыш каналы аркылуу БШКнын борбордук серверине берүү; -сервер жабдуусу, маалыматтык шайлоо системасынын программалык камсыздоосу жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу жабдуулардын комплекси. Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык саноо урнасынын (АСУ) иши көрсөтүлдү. БШКнын кызматкерлери  жолугушуунун  катышуучулары  үчүн “Сенин добушуң-сенин келечегиң” аттуу добуш  берүү   кампанияны тестирлөө өткөрүшүп, добуш берүүнүн процессин көрсөтүштү.  АСУ шайлоо бюллетендерин кабыл алып санагандан кийин, шайлоо күнү  20:00дөн соң, модем маалыматтарды добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын  серверине жөнөтөт. Борборшайлоокомдун серверинде АСУнун маалыматтарын  чогултуу жана сактоо  жүрөт, андан кийин маалыматтар расмий порталга жайгаштырылат http://ess.shailoo.gov.kg. Коомдук  институттардын жана уюмдардын Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүүсү- КР  БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза   жана ишенимдүү  чыгарууда  биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен  жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу  болду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге)  КАЙРЫЛУУСУ
05.10.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өз макулдугун, шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоодо катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 –беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт: 1)Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2)мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; 3)судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; 4)талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; 5)башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; 6)мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; 7)башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү. Көрсөтүп жаткан субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине найлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду, жыйналыштын  төрагасы жана катчысы өз колдору менен күбөлөндүрүшү керек. Протоколго, алардын колу коюлган, жашаган жерин көрсөтүлгөн жыйналыштын катышууларынын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: - талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү; - иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, өмүр баянынын таржымалы); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үй, уюлдук, электрондук дарек). Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине шайлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын                     10-октябры саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 10-октябры саат 18.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: (0312) 66 01 16, www.shailoo.gov.kg.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Ирискулбековдун  арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алды
04.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Ирискулбековдун арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон (мындан ары-арыз ээси) 2017-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун (мындан ары-талапкер) шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө арыз келип түштү. Арыздануучу арызында 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров журналисттерге: “Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга бардык мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал аны демилгеледи, бирок акырына чыккан жок...” деп билдиргенин көрсөткөн. Арыз ээси Т. Жумакадыров тарабынан жайылтылган “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга байланышкан окуяларды талкууланышы талапкердин абийирине жана ар-намысына, ишкер беделине шек келтирет, анткени чындыкка дал келбейт, атайын жалган болуп эсептелет жана анын ишкер беделине жана шайлоочулардын ага карата мамилесине таасир этиши мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле арыз ээси Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровдун Ө.Т. Бабановго карата зекүү менен анын “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырбагандыгы жөнүндө жогоруда чыгып сүйлөгөн сөзү анын иш жүзүндө Ө.Т. Бабановдун талапкерлигине каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналат деп эсептейт.  Демек, арыз ээси Т. Жумакадыров тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгүнүн талаптары бузулган жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечими четке кагылган деп эсептейт жана Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүнөт:  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун шайлоо укуктарынын,ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров тарабынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечиминин бузулушу жөнүндө маселени кароону. 2.  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун дарегине караштуу бөлүгүнө төгүндөө жарыялоого милдеттендирүүнү.  3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечиминин 2-пунктун жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо укуктарын бузууга жол берилбестиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу кабыл алууну. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу (мындан ары-Жумушчу топ) жогоруда айтылган арызды карап чыкты. Өз далилдерин негиздөөгө арыз ээси, чындыгында эле Ө.Т. Бабанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматын ээлеп турганда “Коопсуз шаар” долбоорун демилгелегенин көрсөткөн. Бирок Т. Жумакадыров, Ө. Т. Бабанов бул долбоорду ага көз каранды болбогон жагдайлардан улам жүзөгө ашыра албаганын, ал саясий интригалардан улам 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз болгонун айтпай, коомчулукту адаштырганын көрсөткөн. Андан бери 5 жыл өттү, бирок бул мезгилде бир да Өкмөт, жадагалса, аны аяктамак тургай, аталган долбоорду жүзөгө ашырууга киришкен да эмес.  Борбордук шайлоо комиссиясы арызды, «Информационное агентство 24.kg» интернет-сайтынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы макаласын карап чыгып жана арыз ээсин угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт: Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 12 –абзацына ылайык, жарандардын шайлоо укугу бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу. Өзүнүн арызында жана Жумушчу топтун жыйналышында арыз ээси Т. Жумакадыров тарабынан талапкердин кайсы шайлоо укугу бузулганын көрсөткөн эмес.  Конституциялык Мыйзамдын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эркин аң-сезимдүү билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 185 Мыйзамы менен ратификацияланган 2002-жылдын 7-октябрындагы КМШ катышуучу-мамлекеттердеги демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарты жөнүндө Конвенциянын 8-беренесинин 2–пунктуна ылайык, жарандын шайлоого катышуусу эркин жана ыктыярдуу болуп эсептелет. Аны эч ким кайсы бир талапкерге (талапкерлерге), кайсы бир талапкерлердин тизмесине“макул” же “каршы” добуш бергенге мажбурлай албайт, эч ким ага шайлоого катышууга же катышпоого, ошондой эле анын эркин билдирүүсүнө мажбурлоо максаты менен таасир эте албайт. Бир да шайлоочу ким тарабынан болбосун, ал талапкерге (талапкерлерге), талапкерлердин тизмесине кандай добуш бере тургандыгы же кандай добуш бергендигин жарыялоого мажбурланууга тийиш эмес. Демек, “эркин аң-сезимдүү билдирүү” түшүнүгү өзүнө купуя добуш берүү, б.а. шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө көзөмөлдүн жоктугу жана эркин билдирүү процессинде мажбурлоо жок экендиги сыяктуу түзүмдөрдү камтыйт.  Жогоруда айтылгандарды көңүлгө алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Т.Жумакадыровдун билдирүүсүн жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө таасир этүүчү форма деп эсептей албайт, демек, аталган билдирүү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечиминин бузулушу боло албайт. Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 22–абзацына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери таанылат. Арыз берүүгө негиз болгон Т.Жумакадыровдун басма-сөз жыйынында жасаган билдирүүсү шайлоо өнөктүгү мезгилинде маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча ишмердүүлүк болуп эсептелбейт жана Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10 –бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүттөөнүн бир да белгисин камтыбайт. Мындан тышкары, өзүнүн билдирүүсүндө Т. Жумакадыров аракеттер кийинчерек да болгонун, бирок долбоорду эч ким жүзөгө ашыра албаганын белгилеген. Арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун дарегине караштуу бөлүгүнө төгүндөө жарыялоого милдеттендирүүгө карата Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5–бөлүгүнө ылайык, талапкердин талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө төгүндөө же түшүндүрмө жарыялоого милдети мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттарына жүктөлгөн. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин,“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 07-июлундагы №212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.6. пунктун, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 2017-жылдын 3–октябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү          
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызы  канааттандырган жок
04.10.2017

КР БШК «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызы канааттандырган жок

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин Президенти А.М. Адилов тарабынан (мындан ары–арыз ээси) “Кыргыз темир жолу” МИ “УК” башкы директору А.Б. Ногойбаев тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгүнүн талаптарын бузуу туурасында 2017-жылдын 30-сентябрында (кир.№ 01-13/2485) арыз келип түшкөн. Арыз ээсинин айтымында 2017-жылдын 26-сентябрында“Кыргыз темир жолу” МИ “УК” башкы директору А.Б. Ногойбаев НТС телеканалынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековду артык көрөөрүн билдирген. Арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан А.Б. Ногойбаев тарабынан конституциялык мыйзамдын нормаларынын бузулушу жөнүндө маселени кароону өтүнгөн. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобу (мындан ары - Жумушчу топтор) 2017-жылдын 3-октябрындагы биргелешкен жыйналышында берилген арызды маңызы боюнча карап чыгышты. Жыйналыштын жүрүшүндө арыздануучу А.Б.Ногойбаев конституциялык Мыйзамдын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок экени көрсөтүлгөн 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузгандыгын түшүндүргөн. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 3–беренелерине ылайык, мамлекеттик бийликтин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюштурулган, республикалык бюджеттен каржылануучу орган эсептелет. Демек, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы адамдардын көрсөтүлгөн категориясынын үгүттөөгө катышуусуна тикелей чектөөлөрдү камтыйт. Бул тизмекке кирбеген башка бардык адамдар, демек, үгүттөөгө катыша алат. Аны менен бирге «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9. пунктуна ылайык, шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө арыз (даттануу) шайлоо процессинин субъектилери (катышуучулар) тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясына токтоосуз, аларга шайлоо укуктары бузулушу, чечим кабыл алынгандыгы, аракет жасагандыгы (аракетсиздиги) туурасында маалым болгон учурдан тартып, бирок 2 календарлык күндөн кечиктирбей берилет. Жогоруда айтылгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43, 44-беренелерин, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9. пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобу жөнүндө” Жобонун 3.1 пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Жарандык коом жана демократия” Коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартты
04.10.2017

КР БШК “Жарандык коом жана демократия” Коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартты

КР БШКга  “Жарандык коом жана демократия” Коомдук бирикмесинин арызы келип түшкөн. (мындан ары-Арыздануучу)  28.09.2017-ж, кир. № 01-13/2445.  Арыздануучунун жазгандары  боюнча 2017-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарындагы №26-мектеп гимназиясынын директору Е.Б. Селезнева ата-энелердин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  С.Ш. Жээнбековду колдоо боюнча үгүт жүргүзгөн.  Арыздануучунун билдиргенине караганда бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана  КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15 бөлүгүнө карама каршы келет.  Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка субьектеринин  арыз жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча  жумушчу топ 2017-жылдын 30-сентябрындагы биргелешкен жыйында  берилген арызды олуттуу карап чыкты. Жумушчу топтордун жыйынында Е. Селезнева 2017-жылдын 25-сентябрында мектепте ата-энелердин жалпы жыйналышы болгонун түшүндүрдү. Жыйналыштын жүрүшүндө ал ата-энелер алдында бюджеттен тышкаркы каражаттарды чыгымдоо тууралуу отчет берип, жардам бергени үчүн ата-энелер комитетине ыраазычылык билдирген.  Чогулуштун аягында Е.Селезнева Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жарандык позицияны билдирип, алдыдагы шайлоого катышууга чакырган, ошону менен бирге биометрикалык маалыматтарды жыйноочу стационардык пункттун жакынкы дарегин  айтып берген.  Е.Селезнева эч бир талапкерге үгүт жүргүзбөгөнүн билдирип, ошол жыйындын катышуучулары бул боюнча жазуу жүзүндө далилдеп беришээрин айтып берди. №26-орто мектептин директорунун орун басарлары Саманчинова Т., Лугинина О., окуучулардын ата-энелери  Кадралиева Н., Мурсакматова А., Мухамедова Т., Мамутова Ж., класстын кураторлору Ниязалиева З., Патанина Н. 2017-жылдын 25-сентябрында мектептин директору үгүт жүргүзгөн эмес, бир гана жарандык позицияны билдирген деген жазуу жүзүндөгү  өздөрүнүн арыздарын беришкен. Ошондой эле жумушчу топтордун жыйынында 2017-жылдын 25-сентябрында мектептеги ата-энелердин жыйынына катышкан ата-энелерди каттоо баракчасы көрсөтүлдү.  Жумушчу топтордун жыйынында  коалиция тарабынан сунуш кылынган аудиожазууда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбеков тууралуу бир да сөз жок экенин билдиришти.  Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка субьектеринин (катышуучуларынын)  арыз жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө” Жобонун 1.6, 1.10 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конститиуциялык Мыйзамынын  43-беренесинин 4 бөлүгүнө таянып, Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүүдө  шайлоо алындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процесстеринин башка субьектеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушу топтун биргелешкен чечимине ылайык  КР БШК  арызды  канааттандыруудан баш тартты.     КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү  кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка  талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды
04.10.2017

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды

2017-жылдын 4-октябрында  КР БШК  жыйынында  Лейлек жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиясында  жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жана бошогон  мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү боюнча токтом кабыл алынды.  Ошентип: - Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинде А.Тагаев депутаттык  ишти айкалыштырууга  мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына  байланыштуу   ыйгарым укуктарын  токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер, Лейлек районунун  айыл чарба боюнча департаментинин бухгалтери Ж.Туйчиевага берилди; -Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинде Г.Тураркулованын берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары  токтотулду, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер жеке ишкер Б.Дадабаевге берилди;  -Чүй облусунун Сокулук районунун Саз айыл кеңешинин  Алым у. Р депутаттык ишти айкалыштырууга мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер Д.Бекбалаевге берилди.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
-
04.10.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы” Коомдук бирикмесинин  арызын канааттандыруудан баш тартты
04.10.2017

КР БШК “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы” Коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартты

КР БШКга “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы”  Коомдук бирикмесинен арыз түшкөн.  Өзүнүн  кайрылуусунда  арыз  ээси,  2017-жылдын 29-сентябрында «akipress.org» маалымат агенттигинин интернет-баракчасындагы маалыматта КР ЖК депутаты И.Өмүркулов  массалык иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына бир талапкерди колдоого ачык эле үгүт жүргүзүлгөнү белгилүү болгон.   Арыз берүүчүнүн ою боюнча, Кыргыз Республикансынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” (мындан ары конституциялык Мыйзам) КР конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүмүн бузуу орун алган.   Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн шартта арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты И.Өмүркуловду административдик жоопко тартууну суранып, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековго карата чара көрүүнү  суранган. Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын жана шайлоочулардын арыз жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда  шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча 2017-жылдын 3-октябрындагы  жумушчу топтун биргелешкен заседаниесинде берилген арыз каралды. Эки Жумушчу топтун биргелешкен  чечими менен “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы” Коомдук бирикмесинен Президенти Б. Керимбековдун  арызын канааттандыруудан баш тартылды. Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу олргандарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок. Ошентип, конституциялык Мыйзам тарабынан мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы  эмгек мыйзамында, келишимдин негизинде же ыктыярдуу кошулуушунун негизинде өндүрүштүк  уюмга көрсотмөгө байланышкан  иштижеке өзүнүн эмгеги менен аткарууга тийиш болгон  адам кызматкер болуп саналат деп каралган.  Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясына И.Өмүркуловдон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы №289 Буйругунун көчүрмөсү келген, анда 2017-жылдын 28-29-сентябрында ал акысыз эмгек өргүүсүндө болгондугу жазылган. Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын  Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-беренсин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 7,18-беренеси менен,  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоочулардын арыз жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда  шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча 2017-жылдын 3-октябрындагы Жумушчу топтун биргелешкен чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы”  Коомдук  бирикмесинен Президенти Б. Керимбековдун  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты И.Өмүркуловду административдик жоопко тартуу, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековго карата чара көрүү  өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга  455  билдирүү  түшкөн
04.10.2017

КР БШКга 455 билдирүү түшкөн

16-августтан 4-октябрга чейин Whatsapp каналы аркылуу   0(770) 660-240 номерине  Кыргыз Республикасынын жарандарынан 455 кайрылуу, анын ичинен 266 СМС шайлоо тизмесинен өздөрүн тактоо маалыматтары түшкөн. Аткарылган иштери  үчүн 36 алкыш, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге байланыштуу 26 суроо, республикадан тышкары жерлерде добуш берүүнүн тартиби жөнүндө 36 суроо түшкөн. 17 суроо Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин үгүт иштерине байланыштуу болгон, Борбордук шайлоо комиссиясынын милдетине кирбеген 71 суроо берилген,  жана  43 суроо уюштуруу маселелерине арналган. Берилген суроолордун  көпчүлүгү сурап-билүү мүнөзүндө болду. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!  КР БШК  Whatsapp каналы  аркылуу суроолорду кабыл алып, ыкчам маалымат, сунуш берүүнү улантат. КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевге КР КТРКда эфир убактысын бөлүп берүү тууралуу КР БШКнын маалыматы
04.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевге КР КТРКда эфир убактысын бөлүп берүү тууралуу КР БШКнын маалыматы

КР БШКда 15-сентябрда өткөн Коомдук телерадио корпорациясынын акысыз берилген эфири боюнча өткөн чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаев теледебатка 2017-жылдын 3-октябрында саат 21:30да катышуусу аныкталган. 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаевдин арызына ылайык талапкер теледебаттарга катышуудан баш тарткан. 29-сентябрда ушул эле кайрылууну кайра чакыртып алуу жөнүндө жана Б.Төрөбаев мындан ары коомдук телерадиокорпорациясы тарабынан уюштурулган теледебаттарга жана акысыз берүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин катыша тургандыгы жөнүндө экинчи кат жиберилген. КТРКнын берген расмий маалыматына ылайык, БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча Жумушчу тобунун сунушун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевге 9-октябрда саат 17:55те эфир бөлүнүп берилди. Бөлүнгөн эфирдин жалпы убактысы 25 мүнөт.  КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Н. Нишановдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду
04.10.2017

Жогорку Кеңештин депутаты Н. Нишановдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 2017-жылдын 4-октябрындагы КР БШК жыйынында КР ЖК депутаты Нургазы Нишановдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Токтом кабыл алынды. КР ЖК депутатынын бошогон мандаты “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмесиндеги депутаттыкка кийинки талапкер Зарылбек Рысалиевге тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Михайловка айыл өкмөт башчысын шайлоонун натыйжасы  жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилди
04.10.2017

Михайловка айыл өкмөт башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилди

Бүгүн, 2017-жылдын 4-октябрында КР БШК жыйынында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл өкмөт башчысын 2017-жылдын 22-сентябрындагы шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилди. Юсупова Тоту Жумашевна Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл башчысына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү Түп аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 91 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
04.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 91 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

2017-жылдын 4-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы  эл аралык 91 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. КМШ Миссиясынан, ШКУ Миссиясынан, Армения БШКсынан, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнөн, Грузиянын РКдагы элчилигинен, Азербайжандын КРдагы  элчилигинен, ЕККУнун демократия жана адам укуктары боюнча Бюросунан, Түрк тилдүү мамлекеттер Кызматташтык  Кеңешинин  жана Европа Парламентинин өкүлдөрүнөн  эл аралык байкоочулар  аккредитациядан өтүштү. Бардыгы болуп  91 эл аралык байкоочу. КР Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 4-октябрына карата дүйнөнүн  52 мамлекетинен 496 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтеме боюнча  таанышсаңыздар болот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы жумушчу сапар менен Чүй облусунда болду
03.10.2017

КР БШК төрагасы жумушчу сапар менен Чүй облусунда болду

Бүгүн, 2017-жылдын 3-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабекова  Чүй облусунун аймактык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушуу өткөрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жумушчу жолугушуунун катышуучуларына шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыктары, шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө баяндап берди. Жолугушуу учурунда шайлоонун уюштуруу-техникалык маселелери, участкалык шайлоо комиссиялардагы техникалык жабдууларды тестирлөө, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды. Жолугушуу учурунда Н.Шайлдабекова, бардык АШК жана УШК кызматкерлерине, адистерине башкы талап мурдагыдай эле, аракеттеги мыйзамдын нормаларын жана талаптарын сактап, шайлоо учурунда шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле, Борборшайлоокомдун башчысы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун сактоо керектигин,  жана “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акциянын мааниси тууралуу айтып, бул социалдык акцияга катышып, кошуна майып жарандарга жардам берип, алардын активдүү укугун ишке ашырууга жардам бере аларын билдирди.. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР  БШК   шайлоо бюллетендерин  аймактарга  жөнөттү
03.10.2017

КР БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

2017-жылдын 3-4-октябрында «Учкун» басмаканасында  Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй  облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары үчүн  шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана жөнөтүү актына кол коюу аземи өттү. Жалал-Абад облусуна – 544 795, Ош облусуна– 588 948, Баткен облусуна – 243 263, Нарын облусуна – 162 228 , Ысык-Көл – 259 562, Талас – 130 508, Чүй облусуна – 492 283 бюллетень жөнөтүлдү. Жалпысынан 3 млн 31 миң 811 бюллетень даярдалган, анын ичинен 2 млн 461 миң 219 – мамлекеттик тилде, ал эми 570 миң 592 - расмий тилде. “Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын басалышына КР БШК мүчөлөрүнөн турган жумушчу топ, аппаратын кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды. Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык саноо урнасы (АСУ) ар бир бюллетенди  окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн. Кыскача маалымат: Басмаканадагы ылгоо жумушунан кийин шайлоо бюллетендери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүлүп берилет. Актыга кол коюу иш-чарасына КР БШКнын  кеминде үч мүчөсүнүн  жана талапкерлердин, саясий партиялардын, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жараксыз жана ашыкча шайлоо бюллетендери бардык катышуучулардын көзүнчө жок кылынып, акт түзүлүп, алардын колдору коюлат.  Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүү ишине катышууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык шайлоо бюллетендерин тиешелүү шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү, күнүнө 10 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 2-1 күн калганда  жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайыздан ашышы мүмкүн эмес. Басмаканын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана тартууга тыюу салынат. Шайлоо бюллетени атайын байланыш менен коопсуздугун камсыз кылуу менен жөнөтүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 397 399 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти