Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерге үчүнчү жолу эскертүү …

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерге үчүнчү жолу эскертүү берилди

10-Окт, 2017

Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары–Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темур (эски аталышы Он-Адыр) кичи районунда сөз сүйлөгөнүнө байланыштуу бир катар даттануулар жана арыздар келип түштү.

2017-жылдын 29-сентябрында талапкердин сүйлөгөн сөзүнө даттануу менен Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акун кайрылды. 2017-жылдын 30-сентябрында ушундай даттануулар менен «Элдик сакчы» элдик кошуну коомдук бирикмеси,

-Ош облусунун Араван районунун коомдук консультациялык кеңеши,

-Ош шаарындагы №3 Сулайман–Тоо аймактык кеңешинин тургундары,

- «Ош облусунун Кара-Кулжа районунун согуштун, эмгектин жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери» коомдук бирикмесинин Президиумунун мүчөлөрү,

- Ош облусунун Ноокат районунун этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши,

-Ош облусунун Кара-Суу районунун коомдук консультациялык кеңеши,

-Баткен облусунун Лейлек районунун коомдук консультациялык кеңеши,

-Баткен облусунун Баткен шаарынын коомдук консультациялык кеңеши

-Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы этностор аралык мамилелермамлекеттик агенттиги,

-Жалал-Абад облусунун Кыргызстан калкынын Ассамблеясы,

-Ош облусунун Өзгөн районунун коомдук консультациялык кеңеши,

-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши кайрылган.

2017-жылдын 2 жана 3-сентябрында Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү, Достук, Масы айылдарынын тургундары даттануулар менен кайрылган.

2017-жылдын 4-жана 5-сентябрында өзбек улутундагы элдин атынан Өзгөн шаарынын тургундары, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундары, Ноокен районунун Масы айылынын тургундары, Ош шаарынын тургундары даттануулар менен кайрылган.

Бардыгы болуп 19 арыз жана даттануулар келип түшкөн.

Берген даттанууларында арыз ээлери 2017-жылдын 28-сентябрында калкын басымдуу түрдө өзбек улутундагы адамдар түзгөн Ош шаарынын Амир-Темур (эски аталышы Он-Адыр) кичи районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун шайлоочулар менен жолугушуусу болуп өттү деп көрсөтөт. Шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө Ө.Бабанов тургундарга төмөнкүдөй сөздөр менен кайрылган: «Өзбек калкым, чөгөлөп туруп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы. Баардыгыңар  бирге болсоңор, бирөөңөрдү уруп атса бардыгыңар каршы турсаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Бардыгыңар өзбек калкына чалгыла, бир туугундарыңарга чалгыла, бир милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет, мен сөз берем». Арыз ээлеринин пикири боюнча, бул аракеттер, талапкер Ө.Бабанов айткан бул сөздөр бийликке каршылык көрсөтүү элементтерин, улуттар аралык келишпестик элементтерин камтыйт жана эки боордош элдин ортосунда от жагат.

Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, арыз ээлери талапкер Ө.Бабановго карата дээрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катарында анын каттоосун жокко чыгарууга чейин эскертүү чыгаруу түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун 2017-жылдын 30-сентябрындагы даттануусун кароодо, арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумуна арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков чакырылды.

Арыз ээси Турсунбек Акун өз даттануусунда көрсөтүлгөн далилдерди толугу менен жактады. Ошондой эле ал Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунда шайлоочулар менен жолугушууда Ө. Бабановдун үгүт командасында белгилүү юморист Б. Кудайбергенов катышканын көрсөткөн. Б.Кудайбергенов элди Ө.Бабанов үчүн добуш берүүгө чакырган жана «Казакстандын Президенти Ө.Бабановду өзү чакырып Президент боло электе эле келип кетсин деп жатат. Мына ал Кыргызстанга жаңы, жаш Президент келээрин билип чакырып жатат» деп айткан. Бирок Б.Кудайбергеновдун жанында турган Ө.Бабанов чет өлкөлүк саясий ишмерлерди пайдалануу менен үгүт жүргүзүү шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп санала тургандыгын билип туруп, Б.Кудайбергеновду токтотуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес, тескерисинче, жанында жылмайып турган.

Турсунбек Акун ошондой эле 2017-жылдын 28-сентябрында 21:00дө НТС телеканалында талапкерлер Ө.Бабановдун жана Б.Төрөбаевдин Ош шаарынын клубдарынын биринде шайлоочулар менен жолугушуусу көрсөтүлгөн. Шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө талапкер Б.Төрөбаев ошондой эле Ө.Бабанов үчүн добуш берүүгө чакырып, Ө.Бабановдун Казакстандын Президенти Н. Назарбаев менен жолугушуусу жана Н. Назарбаев Ө.Бабановду колдой тургандыгы жөнүндө айткан.

Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков Турсунбек Акундун даттануусунда көрсөтүлгөн сөздөр контекстен бөлүп алынганын жана Ө.Бабанов эч кандай чакырыктарды жасабаганын түшүндүрдү.

Талапкер Ө.Бабановдун сөзүндө улуттар аралык чыр-чатакты тутантууга байланышкан жазык кылмышынын элементтери бар же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Жумушчу топтор тараптар берген видеоматериалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү чечимин кабыл алды.

2017-жылдын 4-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундан арыз келип түштү, анда ал 2017-жылдын 29-сентябрында даттанууну бергенин жана ал боюнча чечим кабыл алынбаганын көрсөткөн. Шайлоо мыйзамдарында арыздарды, даттанууларды кароо мөөнөттөрү белгиленгенин эске алып, Турсунбек Акун ал берген даттанууну маңызы боюнча кароону жана ал боюнча чечим кабыл алууну талап кылган. Андай болбогон учурда ал сот органдарына кайрылаарын билдирген.

2017-жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук  комитетинен кат келип түшкөн. Катта Комитет буларды көрсөткөн: «Жөнөтүлгөн материалдар боюнча чечим кабыл алуу үчүн комплекстүү филологиялык-политологиялык жана соттук-видео фонографиялык экспертизалар дайындалды. Ушул учурга карата эксперттердин иши аяктай элек жана алардын корутундусу али келип түшө элек. Буга байланыштуу материалдар боюнча чечим кабыл алына элек. Материалдарды карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө маалыматты кошумча жөнөтөбүз».

Өз кезегинде Турсунбек Акун, «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү жана калган арыз ээлери өздөрү берген даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жана алар боюнча чечим кабыл алуу талабы менен бир нече жолу кайрылды.

Конституциялык Мыйзамда белгиленген даттанууларды (арыздарды) кароонун кыска мөөнөтүн, ошондой эле өздөрү берген даттанууларды кароого арыз ээлеринин талаптарын эске алып, Жумушчу топтор 2017-жылдын 9-октябрында биргелешкен отурумду өткөрдү.

Отурумда Турсунбек Акун, «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү А.Кылычов сөз сүйлөдү, алар талапкер Ө.Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун шайлоочулары менен жолугушууда айткан сөздөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузат деп түшүндүрдү. Арыз ээлери, алардын пикири боюнча, Ө.Бабановдун сөздөрүндө бийликке баш ийбөөгө чакыруу, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу элементтери бар, анткени талапкер Ө.Бабанов өзбек элин чөгөлөп, кысым көрсөтүлгөн абалда жашайт деп көрсөткөнүн айткан.

Өз сөзүндө «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү 2010-жылы К. Батыров ушундай сөздөрдү: «Биз канча жыл күттүк, эми тизени көтөрүүгө убакыт жетти» деп айтканын көрсөттү.

Арыз ээлери Ө.Бабановдун өзбек улутундагы адамдарга карата милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кете тургандыгы жөнүндө кайрылуусу бийликке каршы чакыруу болуп саналат, анткени милициянын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп саналат деп көрсөткөн.

Өз сөзүндө «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү А. Кылычов шайлоочулар менен жолугушуулардын учурунда талапкер Ө.Бабанов дайыма шайлоочуларды добуш берүү күнү 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүү үчүн участокко кечинде келүүгө жана шайлоонун натыйжаларын коргоп калууга чакырат деп көрсөтөт. Арыз ээсинин пикири боюнча, талапкер Ө.Бабановдун ушундай сөздөрүн шайлоо комиссияларынын ишине кысым көрсөтүү катары баалоого болот. Арыз ээси мындай сөздөр добуш берүү күнү участоктордо тартипсиздиктерге жана дестабилдешүүгө алып келиши мүмкүн деп көрсөткөн.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков Ө.Бабановдун сөздөрү контексттен бөлүп алынган жана Борбордук шайлоо комиссиясынын бул маселени кароого ыйгарым укугу жок, ал бардык даттанууларды жана арыздарды аларга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүүгө тийиш деп көрсөткөн.

Арыз ээлери укук коргоо органдары өзү компетенциясынын алкагында жазык ишин козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө маселени чечүүгө тийиш экендигин көрсөтүп, иштерди укук коргоо органдарына жөнөтүүгө каршы чыгышты. Ал эми шайлоо процессинин алкагында жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени түздөн-түз Борбордук шайлоо комиссиясы чечүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды, материалдарды, арыз ээлеринин жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрсөтүүлөрүн иликтеп чыгып, арыз ээлеринин талаптары төмөнкүдөй негиздер боюнча канааттандырылууга тийиш деген тыянакка келди:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнөылайык, улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат;

-«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 7.5-пунктунда үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер үгүт иш-чараларын көйгөйлөр түзүлүштү өзгөртүүгө, мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү  тутантууга, согушту жана зомбулукту пропагандалоого карата чакырык жана башка тыюу салынган чакырык максатында пайдаланууга тийиш эмес деп белгиленген.

Берилген материалдардан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабанов шайлоочуларга кайрылып, «Өзбек элим» деп, ошонун өзү менен аны менен жолугушууга келген шайлоочулардын этноско таандык болушун өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Мында талапкер өзбек элине чөгөлөп туруп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы деген сөздөрдү айтты. Ошонун өзү менен Ө.Бабанов өзбек улутундагы жарандар кысымга алынган абалда турат деп жатат. Бул ири өзбек коомчулугу жашаган Он-Адырда айтылганын эске алып, бул лозунг чагымчылык мүнөздө.

Талапкер Ө.Бабановдун «Баардыгыңар бирге болсоңор, бирөөңөрдү уруп жатса бардыгыңар каршы турсаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Бардыңар өзбек калкына чалгыла, бир туугундарыңарга чалгыла, бир милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет, мен сөз берем» деген сөздөрү бул учурда эки ача мааниде. Бул учурда сөз биринчи кезекте бийликтин өкүлдөрүнө – милициянын кызматкерлерине баш ийбөө жөнүндө жүрүп жатканын эске алып, бул сөздөрдү баш ийбөөгө кыйыр чакырык катары баалоого болот.

Талапкер Ө.Бабановдун көрсөтүлгөн сөзүнө байланыштуу өлкөнүн калкынын арасында нааразычылык толкуну пайда болду. Өлкөнүн бардык региондорунун тургундары, анын ичинде өзбек улутундагы адамдар Ө.Бабановдун айткан сөздөрүнө өздөрүнүн ачык нааразычылыктарын билдирди. Өз сөздөрүндө адамдар Ө.Бабанов өз сөзү менен 2010-жылдагы каргашалуу окуялардан кийин жаңыдан айыгып келаткан жараны кайра тырмап жатат деп белгилөөдө.

Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү эң жогорку кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын жараны үчүн мындай сөздөрдү айтуу жол берилгис, татыктуу эмес жана алгылыктуу эмес деп эсептейт.

Өзүн бүтүндөй мамлекеттин башчысы катары көргөн өлкөнүн жараны катары Ө. Бабанов бардык өзүнүн айткан сөздөрүн жана аракеттерин аңдап-түшүнүүгө, өзүнүн ар бир сөзүн таразалап жана акыл-эстүү мамиле кылууга, биринчи кезекте мамлекеттин жана анда жашаган элдердин бүтүндүгү жана стабилдүүлүгү жөнүндө ойлонууга тийиш. 2010-жылдагы окуялардан кийин эки боордош элдин ортосундагы мамилелерди кандай эмгек жана кыйынчылык менен калыбына келтире алганыбызды билип, талапкер шайлоо алдындагы үгүттүн жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын алуу максатында элди бөлүп-жарууга жана өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылууга алып келүүчү ыкмаларды колдонууга тийиш эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле талапкер Ө.Бабанов дайыма шайлоочуларды добуш берүү күнү 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүү үчүн шайлоо участогуна кечинде келүүгө жана шайлоонун натыйжаларын коргоп калууга чакырган сөздөрүнө өзүнүн кооптонуусун билдирет.

Чыныгы демократиялык, ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте эбегейсиз зор ишти жүргүзүп жатат. Шайлоо процессине эң жаңы технологиялар: шайлоочуларды манжаларынын издери жана бетинин параметрлери боюнча идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу менен шайлоочулардын добуштарын автоматтык эсептөө, шайлоочулар АЭУнун маалыматтары менен, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор менен түздөн-түз сайтта тааныша алышы үчүн ар бир участокто добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду сканерлөөнүн жана борбордук серверге жөнөтүүнүн жаңы жол-жобосу киргизилди. Шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын иш жүзүндө эч бир шартта бурмалоо мүмкүн эмес. Бул талапкер Ө.Бабановго да жакшы белгилүү.

Ушундан улам, Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун шайлоочуларга добуш берүү күнү участокторго кечинде келүүгө чакырыгын добуш берүү күнү олку-солку кылуу аракети катары кабылдайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ортосундагы шайлоо алдындагы күрөштүн ыкмалары жана методдору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жана шайлоочулардын эркине кысым көрсөтүү аракеттери болбостон, талапкерлердин ортосундагы жакшы атаандаштык  жагдайында өтүүгө тийиш деп эсептейт.

Көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясыталапкер Ө.Бабанов тарабынан шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузуу орун алган деп эсептейт.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алган №89 чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлерге өзүнүн үгүт кампаниясында чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин пайдалануунун жол берилгистиги, ал жазуу жүзүндөгү эскертүүгө жана талапкердин каттоосун жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө эскерткенин белгилейт.

Бирок Турсунбек Акундун даттануусунан жана Он-Адыр кичи районундагы шайлоочулар менен жолугушуунун берилген видеосунан жолугушууда Б.Кудайбергенов сөз сүйлөгөнү, өз сөзүндө ал талапкер Ө.Бабановду колдоп, Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев Ө.Бабановду колдой тургандыгын айтканы көрүнүп турат. Мында жанында турган талапкер Ө.Бабанов үгүт кампаниясында чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин пайдаланууга тыюу салына тургандыгы жөнүндө билип туруп, Б.Кудайбергеновду токтотуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес.

Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сөздөр контексттен алынгандыгы жөнүндө далилдери жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Бабановдун өзүнүн штабы жарыялаган видеодоталапкер Ө. Бабанов ошол эле сөздөрдү айтып жатканын белгилейт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 9.8-пунктуна ылайык талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жөнүндө талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жасоого укуктуу.

Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 9-октябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы арызды канааттандыруу чечимин  кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун,«Элдик сакчы» ЭК КБнын, Ош облусунун Араван районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Ош шаарындагы № 3 Сулайман – Тоо аймактык кеңешинин тургундарынын, «Ош облусунун Кара-Кулжа районунун согуштун, эмгектин жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери» коомдук бирикмесинин Президиумунун мүчөлөрүнүн, Ош облусунун Ноокат районунун этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин,Ош облусунун Кара-Суу районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Баткен облусунун Лейлек районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Баткен облусунун Баткен шаарынын коомдук консультациялык кеңешинин,Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы этностор аралык мамилелермамлекеттик агенттигинин, Жалал-Абад облусунун Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын, Ош облусунун Өзгөн районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү, Достук, Масы айылдарынын тургундарынын, өзбек улутундагы элдин атынан Өзгөн шаарынын тургундарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын, Ноокен районунун Масы айылынын тургундарынын, Ош шаарынын тургундарынын арыздары канааттандырылды.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановго үчүнчү жазуу жүзүндө  эскертүү берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>