Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк …

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

11-Окт, 2017

11-октябрда  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын пландоо боюнча директору Кюсеонг Кваг менен эки тараптуу  жолугушуу өткөрдү. Тараптар 2017-жылдын 15-октябрындагы КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу маселелерди  талкуулашты.

КР БШК төрагасы  ШОБА (Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы)  өкүлдөрүнө КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  аткарылып жаткан комплекстүү иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.  Кызматташууну улантуу жана башталган биргелешкен долбоорлорду  ийгиликтүү аягына чыгарууну айрыкча белгиледи.

 Өз кезегинде Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү алдыдагы КР Президентин шайлоого чакыргандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле алар жылуу маанайда кабыл алынгандыгын жана биздин республикага өзгөчө мамилелерин белгилешти.  

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын эл аралык өкмөттүк эмес уюмдан   эл аралык уюм катары кайра түзүлүшү боюнча пикир алышты.

 К.Кваг мырзанын түшүндүргөнүнө караганда, эл аралык уюм статусуна ээ болуу ШОБАга жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет.  

Мындан тышкары бул өзгөрүүлөр, шайлоо процессинде  шайлоонун тазалыгын (ачыктыгын) жогорулатуу  үчүн  маалыматтык-коммуникациялык технологияны (МКТ) ишке кийирүү  долбоорунун активдүү ишке ашуусун ылдамдатат.  

 Жолугушуунун жүрүшүндо ШОБАнын пландоо директору  “ШОБАны эл аралык өкмөттөр аралык уюмга айландыруу” резолюциясына кол коюуну сунуштады.

 КР БШК төрагасы резолюцияга кол коюуда тийиштүү жол-жоболорду аткарууга убакыт керек экенин белгилеп, бул демилгени колдоого даяр экенин билдирди.

 Ошондой эле аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар кызматташуу процессинде башталган биргелешкен ишти жана анын натыйжаларын талкуулашты. Н.Шайлдабекова КР БШК кызматкерлерин окутууну улантуу сунушу менен кайрылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>