Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы КМШ Миссиясы Штабынан жана …

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы КМШ Миссиясы Штабынан жана ЕККУдан эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугушту

10-Окт, 2017

10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жана  анын орун басары А.Бекматовдун эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугушуусу өттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык тууралуу маселени талкуулашты. 

 КР БШК төрагасы байкоочуларга   КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча  аткарылып жаткан комплекстүү иш чаралар, өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берди.

 Аткарылып жаткан иш-чаралардын  бардыгы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык айкын, таза, эркин өткөрүүгө багыттталганын  өзгөчө белгиледи.

“БШКнын бул процесстеги негизги милдети жарандардын шайлоо укугу толугу менен ишке ашыруу: жигердүү шайлоо-шайлоо укугун, жана жигердүү эмес шайлоо-шайлануу укугун толук камсыз кылуу”- деп билдирди КР БШК төрагасы.

 Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук байкоочулар УШКлардагы шайлоочуларга жана байкоочуларга  түзүлгөн шарттарга кызыгышты.

 “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А.Усупбекова борбордук шайлоо комиссиясынын жетишкендиктеринин ичинен шайлоо участкаларында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн  шарттар боюнча КР БШКнын мыкты ишин баса белгиледи. 

 Добуш берүү күнүндөгү Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) иши жыйындын  катышуучуларынын  абдан кызыгуусун туудурду. 

 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүүдөн кийин жарандар сервердин сайтынан алдын ала жыйынтыкка байкоо салынат.

 Ушул маселе боюнча байкоочулар сервердеги  мүмкүн болуучу (сбой) техникалык бузулуулар  болуп кетпейби  деп кызыгышты.

 “Стресс-тест миллион пайдалануучуга  ылайыкталып өткөрүлдү.  Серверге шилтеме КР БШКнын расмий сайтында болот,  ал эми маалыматтар башка хостингде сакталат. Ошондуктан хостингдин максималдуу кое берүү мүмкүнчүлүгү шайлоо күнү үзгүлтүксүз иштөөгө шарт түзөт,”-деди Н.Шайлдабекова.

  Жолугушуунун аягында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабековага коомдук байкоочулар менен КР БШК ортосунда  шайлоо күнүндө келип түшкөн көйгөйлөрдү  ыкчам  чечүү максатында WhatApp каналында  атайын топ  түзүү сунушталды.

 Жолугушууга “Адилет” Укук клиникасынын”, “Эгль”, “Жарандык платформа”, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция”, “Таза шайлоо” ассоциациясы, КР Акыйкатчысы жана ошондой эле ЕККУ жана КМШ Миссиясынын Штабынан өкүлдөр катышты.      
 КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>