КР БШК: “Кара-Суу районунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду,-”деген НТСтин маалыматы чындыкка дал келбейт
15 октября 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында (14:05) «Knews» интернет-басылмасында “Ош облусундагы Кара-Суу районунда Сураташ айылында добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду”,-деген НТСтин маалыматын жаряланган.
КР БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча Координациялык тобу аталган маалыматты иликтеп, билдирет.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн милдетине (мындан ары УШК) добуш берүү имаратынын ичиндеги болуп жаткан окуяларга көзөмөлдүк кылуу милдети кирет, ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунун Сураташ айылындагы №5512 УШКсынын тышкы айланасындагы окуяларга коз салуу , кире бериште отурган эки адамды кошкондо укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарына кирет.
№5512 УШКсынын төрагасынын маалыматына караганда, урнанын жанында отурган (С.М) аял АСУнун оператору болуп саналат. С.М. АСУдан 1,5 метр алыстыкта отурат, кемчиликтерин айткандан кийин ал автоматтык саноо урнасынан алысыраак отурган.
Ушуга байланыштуу НТС телеканалынын бул билдирүүсү УШКдагы бузуулар тууралуу билдирүүсү аныкталган жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы
