Бишкектин 6–кичи конушундагы № 1137 шайлоо участогунда шайлоо процесси “КР Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын бардык нормаларына ылайык өтүүдө
15 октября 2017
15-октябрь 15:23 саатта «24.kg» МА Бишкек ш. 6-кичи районундагы №1137 шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урнанын иштебей жатканы жөнүндө маалымат жарыяланган.
Аталган факты боюнча КР Өкмөтүнө караштуу МККнын техникалык колдоо тобунун (техникалык адистер) жана БШКнын өкүлдөрү көйгөй USB-флешкада болгонун кабарлашты.
“Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасанын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат.Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.
Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу шайлоо процесси “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасанын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын бардык нормаларына ылайык өтүп жатканын кабарлайбыз.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
