Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
КР БШКнын 2018-жылдын 6-февралындагы отурумунда 2018-жылдын 26 -январындагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович табылды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
2018-жылдын 6-февралындагы КР БШКнын отурумунда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 4 токтому менен 2018-жылдын 2-февралына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда эки катталган талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 20 февралына саат 9:00дөн 12:00гө чейин Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Татыкулов Замирбек Анарбековичке көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Ноокен АШКнын системдик администратору Татыкулов Замирбек Анарбековичтин атасы Татыкулов Анарбек Акматалиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Кененирээк билүү >>
Отчеттор
Третий публичный аналитический отчет о принятых мерах в Кыргызской Республике по повышению инклюзивности граждан в избирательные процессы
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Маалыматтык шайлоо системасын (МШС) колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалымат
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандыктардан сурамжылоо жүргүзүлдү
Кененирээк билүү >>
Урматтуу коллегалар, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атыман Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоолордун күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!
Сиздердин ак-ниеттүү ишиңиздердин, жоопкерчиликтин жана жарандык милдеттин жогорку сезимдердин аркасынан Кыргыз Республикасында кыска мөөнөттүн ичинде ойдогудай жаңы шайлоо технологияларды колдонуу менен өтө маанилүү шайлоо реформа ишке ашырылды жана бардык деңгээлдеги шайлоолор ийгиликтүү өткөрүлдү.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялардын жөнгө салынган, мыйзамдуу жана ачык алып барган иши Кыргыз Республикасынын Президентин 2017-жылдагы шайлоосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык демократиялык стандарттарына ылайык өткөрүүнүн негизги факторлорунун бири болду.
Албетте, бул Сиздердин биздин өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн жана өнүгүүсүн камсыздоого кошкон ири салымыңыз.
Сиздерге бирдиктүү командалык иш үчүн ыраазычылык билдирип, ден- соолук, бакубат турмуш, бакты-таалай жана Сиздердин бардык башталыш иштериңизге ийгиликтерди каалайм.
Төрага Н.К. Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
БШК “Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнө” карата студенттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бишкектин бир нече ЖОЖнун студенттери үчүн “Шайлоолор – бул эмене, жана алар эмне үчүн маанилүү?” темасында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Студенттер үчүн БШКнын имаратына экскурсия өткөрүлүп, анын жүрүшүндө меймандар БШКнын аппаратынын иши менен таанышты. КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, төмөндөгүлөрдү айтты: Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү Будапешт шаарында (Венгрия) 2005-жылдын 14-17-сентябрында өткөн Шайлоо уюштуруучулардын Глобалдуу конференциясында белгиленген. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн 2014-жылдын 6-февралынан бери белгилеп келүүдө. Шайлоолор элдик суверенитетти ишке ашыруунун, коомдук пикирди түзүүнүн жана билдирүүнүн, мамлекеттик механизмдин иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуунун негизги куралы болуп эсептелет.
КР БШКнын төрагасы А.Бекматов, КР БШК мүчөлөрү К.Осмоналиев жана Е.Джилкичиевалар менен жолугушуунун жүрүшүндө студенттер шайлоо укуктары боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Суроолорго жооп берип жатып, А.Бекматов белгилегендей, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды алардын өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштырууда, жана добуш берүүнү өткөрүүдө ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө шайлоо укугуна ээ болгон, мыйзамдарда белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. КР БШК мүчөсү К.Осмоналиев шайлоолорду сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып, демократияны чыңдоо процессинде шайлоолор гана бийликти жаңылоону камсыз кылаарын белгиледи. КР БШК мүчөсү Е.Джилкичиева өз сөзүн жыйынтыктап жатып, жаштарды саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо программаларын окуп үйрөнүүгө, дебаттардын жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө, жана шайлоо процессинин бардык процедураларына кызыгууга чакырды.
Бул иш-чаранын акырында студенттерге эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн (АСУ) иштөөсүн көрсөткөн интерактивдүү презентация өткөрүлдү, анын жүрүшүндө БШКнын кызматкерлери катышуучулар үчүн тесттик добуш берүү өткөрүп, добуш берүү процессин даана көрсөтүп беришти. АСУ шайлоо бюллетендерин кантип кабыл алат жана эсептейт, шайлоо күнү 20:00дөн кийин, добуш берүү бүткөндө модем кантип маалыматтарды БШКнын серверине берээрин көрсөтүштү. Боршайкомдун серверинде АСУлардын маалыматтарын чогултуу жана сактоо жүргүзүлүп, андан кийин маалыматтар http://ess.shailoo.gov.kg. расмий порталына чыгарылат. Мындан тышкары шайлоочулардын тизмесине кантип түшөт, добуш берүү процедурасы, өз добушуңду сатпа жана добуш берүүнүн жашыруундугу тууралуу маалымат роликтери көрсөтүлдү. Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнүн алкагында БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов “ЭЛТР” телеканалынын “Күн маек” программасында жана “Марал” радиосунун “Күн чекит” программасында чыгып сүйлөп, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, мурдагы добуш берүүлөрдөн азыркы шайлоолорду айырмалап турган жаңычылдыктар жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле БШК мүчөсү К.Осмоналиев КТРКнын “Социум” программасында жана “Биринчи радио” радиостанциясынын “Күндүн темасы” программасында чыгып сүйлөдү. Ал КР БШК шайлоо системасын өркүндөтүүдө такай иштеп жаткандыгын жана мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизип жаткандыгын белгиледи. 2018-жылдын 1-февралында Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө боюнча иш-чаралар планынын алкагында, аймактык шайлоо комиссияларындагы КР БШКнын атайын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары жарандар үчүн маалыматтык чогулуштарды өткөрүштү. Алар чогулуштарда катышуучуларды маалымат плакаттары менен тааныштырып, Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө тарыхы, 2006-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Европа өлкөлөрүнүн Шайлоо уюштуруучуларынын Ассоциациясына (АОВСЕ), ошондой эле Азиянын шайлоо органдарынын Ассоциациясына (АИОА) мүчө болгондугу жөнүндө айтып беришти. 2013-жылдын октябрында Шайлоо уюштуруучулардын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясына (А-WEB) мүчө болуп кирдик. Бул иш-чаранын максаты жаш шайлоочуларды өткөрүлүп жаткан шайлоо реформалары, ар бир жарандын шайлоо процесстерине катышуусунун жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилигинин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берүү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөдө
Бүгүн, 2018-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, 2005-жылдын күзүндө Венгрияда өткөн Шайлоолорду уюштуруучулардын глобалдуу конферениясында бекитилген Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөдө. Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча кесипкөйлөр, Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө аркылуу адамдардын көңүлүн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана шайлоо процесстерин эң кеңири мааниде өркүндөтүү көйгөйлөрүнө бурууну максат кылышкан.
Демилгечилердин пикири боюнча, Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү жыл сайын февралдын биринчи бейшембисинде белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө датасы кокусунан эле тандалган эмес. Так ушул күнү мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери шайлоолор боюнча эң көп эл аралык келишимдерге кол коюшкан экен.
Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн өткөрүүнүн негизги максаттары болуп, коомчулуктун аң сезиминде демократиялаштыруу процессинин кайталангыстыгын бекитүү, коомчулукту шайлоо процессиндеги жетишкендиктер менен кабардар кылуу, жаш шайлоочуларда демократиялык баалуулуктарды жактоочулукту калыптандыруу эсептелет.
Калыптанып калган салттар боюнча, Шайлоолор күнүн майрамдоо максатында, 1-февралда КР БШК мектеп окуучулары жана студенттер үчүн “Ачык эшиктер күнүн” өткөрөт, ал жерде “Шайлоолор – бул эмне жана алар эмне үчүн маанилүү?” темасында ачык лекция окулат.
Ошондой эле имарат ичине экскурсия өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аппараттын иши менен таанышып, аларды кызыктырган суроолорго БШК мүчөлөрүнөн жооп ала алышат.
Бул иш-чаранын негизги максаты – өлкөбүздүн жарандарынын аң-сезиминде шайлоонун негизги демократиялык принциптерин жана жоболорун түптөө, жаш шайлоочулардын түздөн-түз же Конституция тарабынан кепилденген демократиялык эркиндиктерин ишке ашыруу менен эркин шайланган өз өкүлдөрү аркылуу мамлекетти башкаруудагы өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүүсү жана түшүнүүсү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын эмгек жамааты КР БШКнын төрагасы Шайлдабекова Нуржан Кармабековнага терең кайгыруу менен көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын төрагасы Шайлдабекова Нуржан Кармабековнанын агасы Шайлдабеков Марат Кармабековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана эмгек жамааты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын маалымат брифинги: Кыргыз Республикасындагы кээ бир жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алгачкы жыйынтыктары
Бүгүн, 2018-жылдын 29-январында КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматовдун катышуусунда маалымат брифинги болуп өттү. Маалымат брифингинде А.Бекматов журналисттерди 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн кээ бир жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алгачкы жыйынтыктары менен тааныштырды. Шайлоолор 11 жергиликтүү кеңештерде болуп өттү, алардын экөө шаардык кеңештер жана тогузу айылдык кеңештер.
Алгачкы жыйынтыктар боюнча Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинде (31 мандат) саясий партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болду:
1. “Улуу көч” саясий партиясы 683 добуш, 6,47 %;
2. “КСДП” саясий партиясы 2 608 добуш, 24,69% (9 мандат);
3. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 359 добуш, 3,40%;
4. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы 1 097 добуш, 10,39% (4 мандат);
5. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы 3 202 добуш, 30,32 % (10 мандат);
6. “Таш-Көмүр жаштары” саясий партиясы 1186 добуш, 11,23% (4 мандат);
7. “Ата-Журт мекенчил партиясы” 1294 добуш, 12,25% (4 мандат)
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешинде (31 мандат) саясий партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болду:
1. “Кыргызстан элдеринин шериктештиги” саясий партиясы 304 добуш, 2,06 %;
2. “КСДП” саясий партиясы 4 854 добуш, 32,97% (12 мандат);
3. “Республика” саясий партиясы 531 добуш, 3,61%;
4. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы 2 910 добуш, 19,77% (7 мандат);
5. “Эл Аман” саясий партиясы 3 074 добуш, 20,88% (7 мандат);
6. “Жакшылык-Добро” саясий партиясы 73 добуш, 0,50%
7. “Элдик-Народная” саясий партиясы 2 305 добуш, 15,66% (5 мандат);
8. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы 376 добуш, 2,55%.
Кыргыз Республикасындагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыгарылды. Ошентип:
- Жалал-Абад облусу боюнча: Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешине 21 депутат шайланды;
- Чүй облусу боюнча:
Кемин районундагы Кара-Булак айылдык кеңешине11 депутат шайланды,
Кемин районундагы Көк-Ойрок айылдык кеңешине 11 депутат шайланды,
Москва районундагы Александровка айылдык кеңешине 21 депутат шайланды,
Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылдык кеңешине 11 депутат шайланды;
- Нарын облусу боюнча:
Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешине 11 депутат шайланды;
- Ош облусу боюнча:
Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешине 21 депутат шайланды,
Араван районундагы С.Юсупова айылдык кеңешине 31 депутат шайланды;
- Ысык-Көл облусу:
Тоң районундагы Кажы-Сай айылдык кеңешине 11 депутат шайланды.
Шайлоочулардын тизмелери КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте такталды жана шайлоочулардын акыркы тизмесине 87 132 шайлоочу киргизилди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, А.Бекматов брифингдин катышуучуларына шайлоолор тынч абалда өткөндүгүн, азыр жана даттануулар катталбагандыгын билдирип, жарандардын активдүүлүгү өсүп жаткандыгын белгиледи. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын, талапкерлердин, коомдук уюмдардын байкоочуларынан сырткары Кыргызстандагы Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинен (KOICA) жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн эл аралык байкоочулар катышты.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 29-январына карата саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү акыркы маалыматты жайгаштырат.
Кара-Балта ш.
Саясий партия
Келип түштү
Чыгымдалды
Калдык
1
КСДП
240 618
240 618
0
2
Эламан
65 000
64 925
75
3
Элдик-Народная
230 686
230 686
0
4
Жакшылык-Добро
100 000
100 000
0
5
Республика
38 000
37 690
310
6
Өнүгүү-Прогресс
147 000
80 230
66 770
7
Мекеним Кыргызстан
83 290
80 170
3 120
8
Содружество народов Кыргызстана
20 500
20 150
350
Таш-Көмүр ш.
Саясий партия
Келип түштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Мекеним Кыргызстан
171 000
145 825
25 175
2
Таш-Көмүрдүн жаштары
71 277
71 177
100
3
Бүтүн Кыргызстан
39 600
39 220
380
4
КСДП
76 000
76 000
0
5
Өнүгүү -Прогресс
47 000
46 640
360
6
Ата-Журт
45 250
45 150
100
7
Улуу көч
38 750
38 300
450
Айылдык кеңештер
Талапкерлер
Айылдык кеңеш
Келип түштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Вонхун А.Д.
Александровка
500
0
500
2
Юнуза Х.Д.
Александровка
2 200
1 005
1195
3
Мади Х.Х.
Александровка
100
0
100
4
Давуза Ш.Ш.
Александровка
500
0
500
5
Сусуза А.В.
Александровка
100
0
100
6
Сарди Ш.Х.
Александровка
500
500
0
7
Давуза Х.Ю.
Александровка
100
0
100
8
Мусаев М.Ю.
Александровка
500
0
500
9
Шарипов А.Р.
Александровка
500
0
500
10
Мухаметов А.И.
Александровка
500
0
500
11
Туншансин Ю.Г.
Александровка
500
0
500
12
Лювшиза Р.Р.
Александровка
500
0
500
13
Май С.Х.
Александровка
500
0
500
14
Арбуду Ю.К.
Александровка
500
0
500
15
Файзуллаев З.К.
Юсупов
15 000
8 000
7000
16
Мойдинов А.Э.
Юсупов
10 000
3 000
7000
17
Каюмов Г.
Юсупов
10 000
0
10000
18
Жусупов Ф.Т.
Юсупов
15 000
8 000
7000
19
Махмудов А.Х.
Юсупов
10 000
2 500
7500
20
Козиев М.А.
Юсупов
10 000
3 000
7000
21
Ахмедов М.Н.
Юсупов
10 000
3 000
7000
22
Раимжанова З.Х.
Юсупов
15 000
8 000
7000
23
Сариев Ш.М.
Юсупов
10 000
4 000
6000
24
Маннанов Б.О.
Юсупов
8 000
3 900
4100
25
Довутов О.О.
Юсупов
6 000
2 000
4000
26
Норкулов А.К.
Юсупов
3 000
0
3000
27
Абдухалимов Д.М.
Юсупов
6 000
2 000
4000
28
Алимов М.С.
Юсупов
8 000
2 000
6000
29
Хажиматов Д.З.
Юсупов
4 000
1 800
2200
30
Дуйшоева А.Т.
Юсупов
3 000
0
3000
31
Самиев Х.Х.
Юсупов
6 000
2 000
4000
32
Турсунов Р.Н.
Юсупов
10 000
4 500
5500
33
Шайиев И.Г.
Юсупов
6 000
1 000
5000
34
Камилов И.С.
Ак-Таш
8 000
1 814
6 186
35
Айтбай у. А.
Акташский
8 000
6 000
2000
36
Талантбеков Т.Т.
Каджи-Сай
1 020
1 020
0
КР БШК мүчөсү,
КР БШК КТТ жетекчиси А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкаларынын 100 пайыздык маалыматтары АЭУ (автоматтык эсептегич урнасы) боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кезектеги шайлоосу
Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кажы-Сай айылдык кеңеши
Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу
Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара-Жыгач айылдык кенеши
Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
Ош облусу, Араван району, С.Юсупов айылдык кеңеши
Ош облусу, Кара-Суу району, Ак-Таш айылдык кеңеши
Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айылдык кенеши
Чүй облусу, Кемин району, Көк-Ойрок айылдык кенеши
Чүй облусу, Москва району, Александровка айылдык кенеши
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:30га карата шайлоо участкаларынын 100 пайыздык маалыматтары АЭУ (автоматтык эсептөө урнасы) боюнча добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыгы
Жалал-Абад областы, Таш-Көмүр шаары
Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары
Көчүрүү
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 20-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 20.00гө карата 47 784 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 54,84 пайызын түзөт. 11 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 87 132 шайлоочу киргизилген.
Ушуну менен бирге, шайлоочулардын эң көп активдүүлүгү Араван районундагы Юсупова айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо белгиленди, ал жерде саат 20.00гө 8 737 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын 63,38 пайзын түздү, ошондой эле Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоодо 14 722 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 60,39 пайзын түзөт.
Шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Таш-Көмүр шаарында саат 20.00гө 10 561 шайлоочу добуш берип, бул Таш-Көмүр шаарындагы шайлоочулардын тизмесиндегилердин 53,72% түздү.
Ошондой эле Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешине шайлоодо 2 624 шайлоочу добуш берди, ал эми Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо 1 975 шайлоочу добуш берип, пайыздык көрсөткүчү 56,8% жана 53,49 пайызды түздү.
Кемин районундагы Кой-Ойрок айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоодо 1 462 шайлоочу добуш берди, жана Жаңы-Алыш айылдык кеңешине шайлоодо 815 шайлоочу добуш берип, бул пайыздык көрсөткүчтө тизмедеги шайлоочулардын 50,99% жана 49, 1 пайызын түзөт.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешине шайлоодо 978 шайлоочу катышып, шайлоочулардын тизмесинин 47,41 пайызын түздү.
Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинде 4 082 шайлоочу катышып, бул шайлоочулардын 41,93% пайызын түздү.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо 1 063 шайлоочу добуш берип, шайлоочулардын тизмесинин 40,33 пайызын түздү.
Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү Кемин районундагы Кара-Булак айылдык кеңешинде байкалып, 765 шайлоочу катышып, шайлоочулардын тизмесинин 37,82 пайызын түздү.
Шайлоолор тынч абалда өтүп жатат, арыз жана даттануулар катталган жок.
Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001
Эсиңерге сала кетсек, бүгүн 2018-жылдын 28-январында 11 жергиликтүү кеңеште: 2 шаардык жана 9 айылдык кеңештерде шайлоолор болуп өттү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 20:00 гө карата маалымат
Жергиликтүү кеңештер
Шайлоочулардын саны
Саат 20:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Баардыгы
87 132
47 784
54,84%
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу
Айылдык кеңештер
Шайлоочулардын саны
Саат 20:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Кажы-Сай а/к
2636
1063
(40.33%)
Жаңы-Алыш а/к
1660
815
(49.1%)
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу
Шаардык жана айылдык кеңештер
Шайлоочулардын саны
Саат 20:00гө карата шайлоочулардын катышы
Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү
Таш-Көмүр ш/к
19658
10561
(53.72%)
Кара-Балта ш/к
24379
14722
(60.39%)
Тоголок-Молдо а/к
2076
978
(47.11%)
Кара-Жыгач а/к
3692
1975
(53.49%)
Ак-Таш а/к
4620
2624
(56.8%)
С.Юсупов а/к
13785
8737
(63.38%)
Кара-Булак а/к
2023
765
(37.82%)
Көк-Ойрок а/к
2867
1462
(50.99%)
Александровка а/к
9736
4082
(41.93%)
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 17-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 17.00гө карата 39 181 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 44,97 пайызын түзөт. 11 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 87 132 шайлоочу киргизилген.
Ушуну менен бирге, шайлоочулардын эң көп активдүүлүгү Араван районундагы Юсупова айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо белгиленди, ал жерде саат 17.00гө шайлоочулардын 53,12 пайзы добуш беришти, ошондой эле Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоодо 12 238 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 50,2 пайзын түзөт.
Шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Таш-Көмүр шаарында саат 17.00гө 8 597 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын 43,73% түздү.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешине шайлоодо 850 шайлоочу катышып, шайлоочулардын тизмесинин 40,94 пайызын түздү. Ал эми Кара-Суу районун Ак-Таш айылдык кеңешинде 2 144 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын тизмесиндегилердин 46,41 пайызын түзөт. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын тизмесиндегилердин 36,72 пайызы добуш беришти.
Кемин районундагы Кара-Булак жана Жаңы-Алыш айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын 39,48% жана 38,31% добуш беришти.
Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде жана Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңештеринде шайлоочулардын саат 17.00гө карата келүүсү 36,73% жана 34,41 пайызды түздү.
Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү саат 17.00гө карата Кара-Булак айылдык кеңешинде байкалык, шайлоочулардын келүүсү 28,97 пайызды түздү.
Шайлоолор тынч абалда өтүп жатат, арыз жана даттануулар катталган жок. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001
Эсиңерге сала кетсек, бүгүн 2018-жылдын 28-январында 11 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 2 шаардык жана 9 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 211 депутат шайланат, анын ичинен 62 шаардык кеңештерге жана 149 айылдык кеңештерге шайланат. Добуш берүү 56 шайлоо участкаларында өтүп жатат.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды