Башкы Жаңылыктар БШК “Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнө” карата студенттер үчүн …

БШК “Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнө” карата студенттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү

01-Фев, 2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бишкектин бир нече ЖОЖнун студенттери үчүн “Шайлоолор – бул эмене, жана алар эмне үчүн маанилүү?” темасында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Студенттер үчүн БШКнын имаратына экскурсия өткөрүлүп, анын жүрүшүндө меймандар БШКнын аппаратынын иши менен таанышты. КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, төмөндөгүлөрдү айтты: Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү Будапешт шаарында (Венгрия) 2005-жылдын 14-17-сентябрында өткөн Шайлоо уюштуруучулардын Глобалдуу конференциясында белгиленген. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн 2014-жылдын 6-февралынан бери белгилеп келүүдө. Шайлоолор элдик суверенитетти ишке ашыруунун, коомдук пикирди түзүүнүн жана билдирүүнүн, мамлекеттик механизмдин иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуунун негизги куралы болуп эсептелет.

КР БШКнын төрагасы А.Бекматов, КР БШК мүчөлөрү К.Осмоналиев жана Е.Джилкичиевалар менен жолугушуунун жүрүшүндө студенттер шайлоо укуктары боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Суроолорго жооп берип жатып, А.Бекматов белгилегендей, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды алардын өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштырууда, жана добуш берүүнү өткөрүүдө ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө шайлоо укугуна ээ болгон, мыйзамдарда белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. КР БШК мүчөсү К.Осмоналиев шайлоолорду сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып, демократияны чыңдоо процессинде шайлоолор гана бийликти жаңылоону камсыз кылаарын белгиледи. КР БШК мүчөсү Е.Джилкичиева өз сөзүн жыйынтыктап жатып, жаштарды саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо программаларын окуп үйрөнүүгө, дебаттардын жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө, жана шайлоо процессинин бардык процедураларына кызыгууга чакырды.

Бул иш-чаранын акырында студенттерге эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн (АСУ) иштөөсүн көрсөткөн интерактивдүү презентация өткөрүлдү, анын жүрүшүндө БШКнын кызматкерлери катышуучулар үчүн тесттик добуш берүү өткөрүп, добуш берүү процессин даана көрсөтүп беришти. АСУ шайлоо бюллетендерин кантип кабыл алат жана эсептейт, шайлоо күнү 20:00дөн кийин, добуш берүү бүткөндө модем кантип маалыматтарды БШКнын серверине берээрин көрсөтүштү. Боршайкомдун серверинде АСУлардын маалыматтарын чогултуу жана сактоо жүргүзүлүп, андан кийин маалыматтар http://ess.shailoo.gov.kg. расмий порталына чыгарылат. Мындан тышкары шайлоочулардын тизмесине кантип түшөт, добуш берүү процедурасы, өз добушуңду сатпа жана добуш берүүнүн жашыруундугу тууралуу маалымат роликтери көрсөтүлдү. Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнүн алкагында БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов “ЭЛТР” телеканалынын “Күн маек” программасында жана “Марал” радиосунун “Күн чекит” программасында чыгып сүйлөп, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, мурдагы добуш берүүлөрдөн азыркы шайлоолорду айырмалап турган жаңычылдыктар жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле БШК мүчөсү К.Осмоналиев КТРКнын “Социум” программасында жана “Биринчи радио” радиостанциясынын “Күндүн темасы” программасында чыгып сүйлөдү. Ал КР БШК шайлоо системасын өркүндөтүүдө такай иштеп жаткандыгын жана мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизип жаткандыгын белгиледи. 2018-жылдын 1-февралында Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө боюнча иш-чаралар планынын алкагында, аймактык шайлоо комиссияларындагы КР БШКнын атайын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары жарандар үчүн маалыматтык чогулуштарды өткөрүштү. Алар чогулуштарда катышуучуларды маалымат плакаттары менен тааныштырып, Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөө тарыхы, 2006-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Европа өлкөлөрүнүн Шайлоо уюштуруучуларынын Ассоциациясына (АОВСЕ), ошондой эле Азиянын шайлоо органдарынын Ассоциациясына (АИОА) мүчө болгондугу жөнүндө айтып беришти. 2013-жылдын октябрында Шайлоо уюштуруучулардын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясына (А-WEB) мүчө болуп кирдик. Бул иш-чаранын максаты жаш шайлоочуларды өткөрүлүп жаткан шайлоо реформалары, ар бир жарандын шайлоо процесстерине катышуусунун жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилигинин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берүү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>