Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17:00 гө карата маалымат
28.01.2018

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 17:00 гө карата маалымат

Жергиликтүү кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Баардыгы 87 132 39 180 44,97% Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кажы-Сай а/к 2636 968 (36.72%) Жаңы-Алыш а/к 1660 636 (38.31%) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Шаардык жана айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Таш-Көмүр ш/к 19658   8597 (43.73%) Кара-Балта ш/к 24379 12238  (50.2%) Тоголок-Молдо а/к 2076 850 (40.94%) Кара-Жыгач а/к 3692 1356  (36.73%) Ак-Таш а/к 4620 2144 (46.41%) С.Юсупов а/к 13785 7323 (53.12%) Кара-Булак а/к 2023 586  (28.97%) Көк-Ойрок а/к 2867 1132  (39.48%) Александровка а/к 9736 3350 (34.41%)
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 13-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
28.01.2018

2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 13-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 13.00гө карата 21 400 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 24,56 пайызын түзөт. 11 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 87 132 шайлоочу киргизилген. Ушуну менен бирге, шайлоочулардын эң көп активдүүлүгү Араван районундагы Юсупова айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо белгиленди, ал жерде саат 13.00гө шайлоочулардын 30,03 пайзы добуш беришти. Шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында саат 13.00гө шайлоочулардын келүүсү 28,47% жана 26,65%ды түздү. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешине шайлоодо 526 шайлоочу катышып, шайлоочулардын тизмесинин 25,34 пайызын түздү. Ал эми Кара-Суу районун Ак-Таш айылдык кеңешинде шайлоочулардын 23,48 пайызы өз добуштарын беришти. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын тизмесиндегилердин 21,62 пайызы добуш беришти. Кемин районундагы Кара-Булак жана Кой-Ойрок айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын 15,13% жана 16,67% добуш беришти. Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын 17,17% добуш беришти. Шайлоочулардын активдүүлүгүнүн эң төмөнкү деңгээли саат 13.00гө карата Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде жана Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңештеринде катталды, ал жердеги шайлоочулардын келүүсү 13,3% жана 13,77 пайызды түздү. Шайлоолор тынч абалда өтүп жатат, арыз жана даттануулар катталган жок. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001 Эсиңерге сала кетсек, бүгүн 2018-жылдын 28-январында 11 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 2 шаардык жана 9 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 211 депутат шайланат, анын ичинен 62 шаардык кеңештерге жана 149 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 56 шайлоо участкаларында өтүп жатат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13:00 гө карата маалымат
28.01.2018

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 13:00 гө карата маалымат

Жергиликтүү кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Баардыгы 87 132 21 400 24,56% Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кажы-Сай а/к 2636 570 (21.62%) Жаңы-Алыш а/к 1660 285 (17.17%) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Шаардык жана айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 13:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Таш-Көмүр ш/к 19658   5238 (26.65%) Кара-Балта ш/к 24379 6941  (28.47%) Тоголок-Молдо а/к 2076 526 (25.34%) Кара-Жыгач а/к 3692 491  (13.3%) Ак-Таш а/к 4620 1085 (23.48%) С.Юсупов а/к 13785 4139 (30.03%) Кара-Булак а/к 2023 306  (15.13%) Көк-Ойрок а/к 2867 478  (16.67%) Александровка а/к 9736 1341 (13.77%)     КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 10-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү
28.01.2018

2018-жылдын 28-январындага Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 10-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 13.00гө карата 21 400 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 24,56 пайызын түзөт. 11 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 87 132 шайлоочу киргизилген. Ушуну менен бирге, шайлоочулардын эң көп активдүүлүгү Араван районундагы Юсупова айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо белгиленди, ал жерде саат 13.00гө шайлоочулардын 30,03 пайзы добуш беришти. Шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында саат 13.00гө шайлоочулардын келүүсү 28,47% жана 26,65%ды түздү. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешине шайлоодо 526 шайлоочу катышып, шайлоочулардын тизмесинин 25,34 пайызын түздү. Ал эми Кара-Суу районун Ак-Таш айылдык кеңешинде шайлоочулардын 23,48 пайызы өз добуштарын беришти. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын тизмесиндегилердин 21,62 пайызы добуш беришти. Кемин районундагы Кара-Булак жана Кой-Ойрок айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын 15,13% жана 16,67% добуш беришти. Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын 17,17% добуш беришти. Шайлоочулардын активдүүлүгүнүн эң төмөнкү деңгээли саат 13.00гө карата Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде жана Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңештеринде катталды, ал жердеги шайлоочулардын келүүсү 13,3% жана 13,77 пайызды түздү. Шайлоолор тынч абалда өтүп жатат, арыз жана даттануулар катталган жок. Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001 Эсиңерге сала кетсек, бүгүн 2018-жылдын 28-январында 11 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 2 шаардык жана 9 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 211 депутат шайланат, анын ичинен 62 шаардык кеңештерге жана 149 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 56 шайлоо участкаларында өтүп жатат. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат
28.01.2018

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү тууралуу саат 10.00 гө карата маалымат

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кезектеги шайлоосу Айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Кажы-Сай а/к 2636 64 (2.43%) Жаңы-Алыш а/к 1660 52 (3.13%) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу Шаардык жана айылдык кеңештер Шайлоочулардын саны Саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышы Добуш берген шайлоочулардын % көрсөткүчү Таш-Көмүр ш/к 19658   1102 (5.61%) Кара-Балта ш/к 24379 1570  (6.44%) Тоголок-Молдо а/к 2076 131  (6.31%) Кара-Жыгач а/к 3692 79  (2.14%) Ак-Таш а/к 4620 350 (7.58%) С.Юсупов а/к 13785 1243 (9.02%) Кара-Булак а/к 2023 37  (1.83%) Көк-Ойрок а/к 2867 46  (1.6%) Александровка а/к 9736 120 (1.23%)
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды
28.01.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

Бүгүн, 2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште: 2 шаардык кеңеште жана 9 айылдык кеңеште өтүп жатат. Баардыгы 211 депутат шайланат.  Алар 149 айылдык кеңештин жана 62 шаардык кеңештин депутаттары. 56 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды. Бардык участоктор зарыл болгон жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон жана интернет байланыш менен камсыз кылынган. Ошондой эле суук болгондугуна байланыштуу индентификация  жакшы өтүшү үчүн жылытуучу жабдуулар менен камсыз кылынган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 87 132 шайлоочу киргизилген.  Тиешелүү сандагы шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына даярдалып жана өткөрүлүп берилген Эскерте кетсек: 2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы №3 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоосу дайындалган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №13 Жарлыгынын негизинде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин, Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу дайындалган.   КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
27.01.2018

2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

Бүгүн, 2018-жылдын 27-январында, 2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 624 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 583 шайлоочу добуш берди. 41 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере алган жок. Анын ичинен 10 шайлоочунун паспорту жок, 17 шайлоочу үйдө болбогондугуна байланыштуу, 3 шайлоочу шайлоочулардын тизмесинен чыккан эмес, 7 шайлоочу идентификациядан өтпөгөндүктөн, 4 шайлоочу башка себептер менен добуш бере алышкан жок. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 18-мартында өтө турган Россия Федерациясынын Президенттик шайлоосуна Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды жиберүүнү караштырууда
26.01.2018

2018-жылдын 18-мартында өтө турган Россия Федерациясынын Президенттик шайлоосуна Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды жиберүүнү караштырууда

2018-жылдын 26-январында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Крутько менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Россия Федерациясында өтө турган мамлекет башчысынын шайлоосуна эл аралык байкоочу катары катышуу тууралуу талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө, төрага Н.Шайлдабекова КР БШК ЭККУ/ДИАУБ, КМШ, ШКУнун алкагында эл аралык байкоочуларды, ошондой эле эки тараптуу негизде байкоочуларды жиберүүнү максат кылып жатканын кошумчалады. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтөт
26.01.2018

Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтөт

2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы №3 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоосу өтөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №13 Жарлыгынын негизинде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин, Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт. Жергиликтүү кеңештин депататтарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында 29 шайлоо округу жана 56 шайлоо участкасы уюшулган. Шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште: 2 шаардык кеңеште жана 9 айылдык кеңеште өтөт. Баардыгы 211 депутат шайланат. Алар 149- айылдык кеңештин депутаттары жана 62 шаардык кеңештин депутаттары. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоосуна катышуу үчүн 1250 талапкер катталган (айылдык кеңешке 453 депутаттыка талапкер жана шаардык кеңешке 797 депутаттыка талапкер). Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 87 132 шайлоочу киргизилген. Шайлоо күнү добуш берүү 2018-жылдын 28-январында саат 08:00дон саат 20:00 го чейин участкалык шайлоо комиссияларында өткөрүлөт. Бүгүн, участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүп атышат.   КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
25.01.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

2018-жылдын 25-январында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Токтогул, Ноокат, Сокулук жана  Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тактап айтканда: -Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешиндеги Э. Абдуллаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Тажибаев атындагы орто мектебинин мугалими Б. Мураталиевге өткөрүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Матиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – жеке ишкер К. Артыкбаевге  өткөрүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешиндеги А. Байсабаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –“Мөл-Булак” дыйкан чарбанын мүчөсү З. Кулманбетовго өткөрүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешиндеги И. Ташматов депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ош аэропорту коопсуздук кызматынын инспектору А. Адимовго өткөрүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат   айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Хайдаралиевдин ыйгарым укуктары токтотулду, аталган округда кийинки талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу, мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин мандат бош турат; -Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешиндеги Х. Хизриев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – дыйкан чарба мүчөсү А.Курмангомедовго  өткөрүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылдык кеңешинде айыл өкмөт башчысы болуп шайланганга байланыштуу А. Айтбосуновдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат кийинки талапкер – Каракол токой чарбасынын токойчусу Ш. Джаныбековго өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
25.01.2018

КР БШК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

2018-жылдын 25-январындагы КР БШКнын отурумунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Парпиев Мамадалы Эргашович өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган. Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 13-февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Т. Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
25.01.2018

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

2018-жылдын 25-январындагы КР БШКнын отурумунда Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом Д. Базаркулованын жана Ы. Сыдыгалиеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде кабыл алынды. - Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Д. Базаркулова («Республика» саясий партиясынан) жана Ы. Сыдыгалиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги Н. Сыдыков жана Н. Касымалиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
25.01.2018

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Бүгүн, 2018-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2018-жылдын 28-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Алар, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Шарлот Адриаэн жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор бөлүмүнүн менеджери Фатима Буссаид. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
24.01.2018

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Бүгүн, 2018-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2018-жылдын 28-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосун байкоо жүргүзү үчүн эл аралык 2 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Алар, Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин өкүлү Пак Сунджин жана Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин менеджери Мо Джиын. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
24.01.2018

КР БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

2018-жылдын 24-январындагы КР БШКнын отурумунда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Чаек  айыл өкмөтүнүн башчысы  Б. Кадыров өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган. Ушуга  байланыштуу 2018-жылдын 12-февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чаек  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандатты өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
24.01.2018

КР БШК Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандатты өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

2018-жылдын 24-январында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тактап айтканда: -Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» саясий партиясынан У. Жаанбаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге - Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун Нарын областтык өкүлчүлүгүнүн директору М. Жолдошбековго  өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 386 388 … 483

Акыркы жаңылыктар