Башкы Жаңылыктар КР БШК Казакстан Республикасынын жарандыгы аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз …

КР БШК Казакстан Республикасынын жарандыгы аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

16-Апр, 2018

КР БШК Казакстан Республикасынын жарандыгы аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Талапкердин колтамгасы жана “Кыргызстан” саясий партиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн расмий документтердеги малыматтарга ылайык, Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет, 1981-жылдын 3-февралында туулган, Каракол ш., Набережная көчөсү 20 дареги боюнча катталган, улуту кыргыз,  колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 21-майына чейин болгон №АN2902391 Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту бар.
Берилген документтердин негизинде, КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы №64 чечими менен “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинин курамында КР ЖК депутаттыгына талапкер болуп катталган.
КР ЖКнын депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (КР БШК тарабынан 2015-жылдын 27-октябрындагы №173 токтому менен бекитилген) протоколдун негизинде, КР БШКнын 2015-жылдын 27-октябрындагы №176 токтому менен “Кыргызстан” саясий партиясынан КР ЖКнын депутаты болуп катталган жана азыркы учурга чейин депутат болуп эсептелген.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Казакстан Республикасынын ИИМнин 2018-жылдын 16-февралында Казакстан Республикасынын аймагында Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция жүргүзүлгөн учурда КР ЖКнын депутаты Асылбек уулу Дамирбектин кармалгандыгы жана анда Казакстан Республикасынын жарандыгы бар экендиги аныкталгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 22-февралында КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу КР ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө маселени тактоо жана аны тастыктаган расмий документтерди берүү менен суроо-талап жөнөтүлгөн.
Ошондой эле КР БШК Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинен КР ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгын алгандыгы жөнүндө расмий маалыматты (жарандыкка кабыл алуу тууралуу чечим, датасы, бүгүнкү күнгө карата  статусу, ж.б.), паспортунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана КР ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгын аныктоочу башка тастыктоочу документтерди берүү боюнча кошумча суроо-талап жөнөткөн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 2018-жылдын 19-мартында Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер боюнча жооп Нота келип түшкөндүгүн кабарлады.
Бул нотада белгиленгендей, “Казакстан Республикасынын ИИМнин маалымат базасында Асылбекулы Дамирбек, 1981-жылдын 3-февралында Жамбыл облусунун Кордай районунун Карасу п. туулган, улуту казак экендиги белгиленген маалыматтар бар”.
Алгачкы жолу инсандык күбөлүгү жана Казакстан Республикасынын жаранынын паспорту менен 2001-жылы документтештирилген. 2010-жылы, мурдагы документтеринин колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Асылбекулы Дамирбек тарабынан Казакстан Республикасынын жаранынын жаңы документтерине алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн.
Асылбекулы Дамирбек ыйгарым укуктуу органдарга Казакстан Республикасынын жарандыгынан чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган эмес.
Азыркы учурда жогоруда аталган жарандын Казакстан Республикасынын жарандыгын жокко чыгаруу боюнча маселе каралууда.
Нотага “РГП “ИПЦ” маалымдамалары боюнча адамды документтештирүү жөнүндө маалыматтардын” эки формасынын көчүрмөлөрү тиркелген,  анда Асылбекулы Дамирбек Казакстан Республикасынын паспорту менен 2001 жана 2010-жылдарда эки жолу документтештирилген деп белгиленген жана Казакстан Республикасынын акыркы паспортунун колдонуу мөөнөтү – 2020-жылдын 9-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн.
Ыйгарым укуктуу орган – Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымкаты боюнча, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет, жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча өтүнүч менен кайрылган эмес.
МККнын маалыматтары боюнча паспортту алмаштыруу жана берүү ар кандай шарттарга байланыштуу бир нече жолу жана ар кандай (аймактык) органдарда жүргүзүлгөн. КР БШКнын пикири боюнча, Асылбек уулу Дамирбекке Кыргыз Республиксынын жаранынын паспортун берүү жана алмаштыруу маселеси компетенттүү органдар тарабынан мыйзамдуулук жана негиздүүлүк предметине өзүнчө карап чыгууну жана укуктук баа берүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2018-жылдын 7-мартындагы №3-р буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ  түзүлгөн жана бул маселе боюнча иштеп жатат. 
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча комиссиянын Катчылыгынын 2018-жылдын 14-апрелиндеги маалыматы боюнча, Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу (калыбына келтирүү), же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча кайрылган эмес. 
Ушундан улам, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Казакстан Республикасынын ТИМдин расмий маалыматтары боюнча, бүгүнкү күнгө карата Асылбек уулу Дамирбекте 2020-жылга чейин жарактуу болгон эки өлкөнүн паспорттору бар.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген КР ЖКнын депутаты Асылбек уулу Дамирбек, Казакстан Республикасынын ТИМ тарабынан берилген документтерге ылайык Казакстан Республикасынын жарандыгына ээ, бул анын КР ЖКнын депутатынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруусуна тоскоолдук болуп эсептелет.
Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат орду Кыргыз Республикасынын жогорку саясий мамлекеттик кызматтарына кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 5-бөлүгүндө “Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз” деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренеси, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренеси, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси менен бекитилгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же башка өлкөнүн жарандыгын алганда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.  Көрсөтүлгөн негиздерде Кыргыз Республикасынын депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу, бул негиздер пайда болгон күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен ишке ашырылат.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын жараны Асылбек уулу Дамирбек КР ЖКнын IV (2007-2009) жана VI (2015-2017) чакырылыштарынын депутаты болуп эсептелген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2007-жылдын 25-ноябрындагы №139 токтому менен КР жараны Асылбек уулу Дамирбек “Ак Жол” Элдик партиясынын тизмесинин курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган.  Кийин, КР БШКнын 2009-жылдын 25-декабрындагы №277 токтому менен КР ЖК депутаты болуп катталган.
2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Республика” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган.  Шайлоодон кийин, КР ЖК шайланган депутаттарын каттоого чейин КР БШКнын 2010-жылдын 9-ноябрындагы №334 токтому менен өз арызынын негизинде “Республика” саясий партиясынын катталган тизмесинен чыгарылган.
2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча КР ЖКнын депутаттарын шайлоодо катышкан.  “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан талапкер Асылбек уулу Дамирбекке карата КР ЖКнын учурдагы VI-чакырылышындагы депутаттыгына талапкер, кийин депутат катары каттоо учурунда, КР БШКга төмөнкү документтер берилген: КР ЖК депутаттыгына шайланууга макулдугу жөнүндө арызы, иштеген жеринен маалымдама, Кыргыз Республикасынын жарандыгы көрсөтүлгөн жана колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 21-майына чейин 21.05.2012-жылы берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү менен, талапкер жөнүндө маалыматтар.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>