Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Сузак жана Нарын АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШКсы Сузак жана Нарын АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Жалал-Абад облусунун Сузак АШКнын курамынан Абдуллаев Мухтар чыгарылды (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн). Анын ордуна резервдеги Кыргызбаев Мухтар Осмонович киргизилди (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан).
Нарын облусунун Нарын АШКнын курамынан Байтоков Сыдык Арзыгулович чыгарылды (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн). Анын ордуна резервдеги Эсенбеков Руслан Эсенбекович киргизилди (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 18-июлунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
-Учкун айылөкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Омуралиев Осмонбек Исмаилович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Орокбаев Нурзамат Таалайбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Нарын жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 18-июлунда Чүй облусунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
2018-жылдын 18-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Добуш берүүнүн натыйжасында, Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Шакиров Улан Бобекович шайланды. Алмалуу айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 9 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 18-июлунда Ош шаарынын мэри шайланды
2018-жылдын 18-июлунда Ош шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Добуш берүүнүн натыйжасында, Ош шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 44 добушун Сарыбашов Таалайбек Насирбекович алды. Эскерте кетсек, шайлоого талапкер катары катталган Т. Сарыбашов Ош шаарынын мэрлигине «Мыйзам жана Ыйман» көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн. 45 депутаттан турган аталган шаардык кенештин бардык депутаттары шаардын мэрин шайлоого катышты.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаарынын мэрин шайлоо башталды
2018-жылдын 18-июлунда саат 9.00до Ош шаарынын мэрин шайлоо башталды. Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар, бардык 45и тең катышууда. Ош шаарынын мэрине 1 талапкер катталган, ал «Мыйзам жана Ыйман» көпчүлүк коалициясынан Сарыбашов Таалайбек Насирбекович.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 16-июлунда Талас облусунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
2018-жылдын 16-июлунда Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Натыйжада:
- Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Боркеев Омурбек Сырдыбаевич шайланды. Долон айылдык кеңешинде11 депутат бар, бардык 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер ат салышты.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү Бишкек АШКсынын чечимин бекитти
2018-жылдын 11-июлунда КР БШК Бишкек шаардык сотунун №ЖИ-13/17, АБ-№04-84/18 ЖИ иши боюнча жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнундө соттук коллегиясынын өкүмүнүн негизинде, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А.Т.Сариевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекитти.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү АШКнын чечимдерин бектитти
2018-жылдын 11-июлунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен, Жети-Өгүз жана Каракол АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңешиндеги депутат Мирзахматов Адилбек Орозбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Сатаров Замирбек Митановичке өткөрүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылдык кеңешиндеги депутат Жусупов Нурдин Мукашовичтин депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Молдогазиев Амантур Мамбетовичке өткөрүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылдык кеңешиндеги депутат Какебаева Светлана Нурмухамедовна өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Жийдебаев Апсамат Сапаровичке өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги депутат Чыныбеков Максатбек Зарылбековичтин (СДПК фракциясынан) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Мажиюн Фарида Багиевнага (СДПК фракциясынан) өткөрүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги депутат Исламова Аваз Мелисовна (СДПК фракциясынан) КР башка аймагына көчүп кеткенине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Иманбаев Аскарбеку Асангазиевичке (СДПК фракциясынан) өткөрүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
2018-жылдын 11-июлунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 30-июнундагы № 03-б буйругу менен Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Колбаев Турдаалы Жээнбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 4-июлундагы № 51-б буйругу менен Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Тайгашкаев Руслан Авасканович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 27-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Нарын жана Ысык-Ата АШКсына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 11-июлунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 3, 5-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
-Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Бегалиев Койчубек Токтосунович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
-Токтогул шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү деп таанылып, Болгонбеков Болот Турдуевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп таанылып Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп таанылып Кулматов Эделбек Маматкулович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
Шайланган айыл өкмөт башчыларына, Токтогул шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ат-Башы, Токтогул, Аксы жана Сузак аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 10-июлунда Учкун жана Толук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2018-жылдын 10-июлунда Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
Натыйжада:
- Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 19 добуш алган Омуралиев Осмонбек Исмаилович шайланды. Учкун айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер ат салышты;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 6 добуш алган Орокбаев Жамгырчы Кемелбаевич шайланды. Бардыгы болуп, Толук айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 6сы катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн жемкорлуктун алдын алуу жаатында семинар өткөрүлүүдө
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн жемкорлуктун алдын алуу жаатында семинарлар өткөрүлүп жатат. Семинардын негизги максаты, жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды уюштурууга жооптуу болгондорду милдеттүү түрдө окутуу жана жемкорлуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууда катышуучуларды системалуу түрдө маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.
2018-жылдын 4-майында КР БШК аппаратынын кызматкерлерине “Жемкорлук түшүнүгү” тууралуу семинар өткөрүлгөн.
Анда төмөнкү маселелер каралган:
1. Байыркы замандан бери эле жемкорлук менен күрөшүү тууралуу тарыхый материалдар;
2. Көркөм материалдар. Улуу ойчулдардын жемкорлук тууралуу ойлору, ырлары, тамсилдери, учкул сөздөрү, накыл кептери, афоризмдери, макал-лакаптары. Бул мисалдар дагы жемкорлукту так жана туура аныктоодо жардам берип келет.
3. Жемкорлук тууралуу социалдык видеокөргөзмөлөр көрсөтүлүп, ал семинардын катышуучулары тараптан талкууланды.
4. Жемкорлуктун түрлөрү жана анын жолдору менен түшүнүктөрүнүн аныктамалары, себептери айтылды.
5. КР БШК аппаратынын кызматкерлери күнүмдүк турмушта кезиккен жемкорлуктун түрлөрүн аныктоо боюнча ат салышты.
2018-жылдын 9-июлунда “Жемкорлуктун алдын алуу” деген аталышта КР БШКнын аппараты үчүн экинчи семинар өткөрүлдү. КР БШКнын жемкорлуктун алдын алуу боюнча атайын өкүлү Ч.С. Исмаилова семинарда төмөнкүлөрдү айтты:
1. Европа өлкөлөрүнүн жаңы баскычтагы жемкорлукка каршы күрөшүү жөнүндө мисалдары;
- жемкорлуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун маанилүү мааниси;
- паракорчулукту жок кылууда натыйжалуу чараларды жана кабыл алынган эл аралык документтерди иштеп чыгуу;
2. “Жемкорлук деген эмне?”-деген аталыштагы социалдык изилдөө жүргүзгөн эл аралык институттардын жыйынтыгын көрүү;
3. Мындан тышкары, БШК аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча ченемдик укуктук базасына киргизилген жемкорлуктун механизмдери, түрлөрү менен таанышты;
4. КРнын жемкорлук боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөр, толуктоолор тууралуу маалымат берилди;
5. "Жемкорлукка негиз болчулар эмне?"-деген темада тренинг өткөрүлдү;
6. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жемкорлукка шектелип кармалган КРнын мамлекеттик кызматкерлеринин видеотасмалары көрсөтүлүп, талкууланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Улуттук университети менен Боршайком биргеликте Конрад Аденауэр атындагы фонддун каржылоосу менен Жаш лидерлер үчүн жайкы мектеп уюштуруп берди
6-июлдан 9-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Улуттук университети менен Боршайком биргеликте Конрад Аденауэр атындагы фонддун каржылоосу менен Жаш лидерлер үчүн жайкы мектеп уюштурулду.
Жаш лидерлер үчүн жайкы мектеп - бул Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүгө өбөлгө түзө турган билим берүү программасы. Жайкы мектептин артыкчылыктуу милдети - мамлекеттин жаштар саясатынын багытын аныктап, шайлоо жараянына жаштарды кошуу менен өнүктүрүү. Бул долбоордун негизги максаты, жаш лидерлердин кесиптик жана лидерлик сапаттарын көтөрүп, жеке жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана алардын эмгек жолунун башталышына көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Бул долбоор жарандык билим берүүнүн алкагында БШК менен ЖОЖ биргеликте уюштурган биринчи долбоору болуп саналат. Жайкы мектептин катышуучулары лидерге тиешелүү уникалдуу тажрыйба жана билим менен камсыздалат деген ишеним чон.
- КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова “КРдагы шайлоо тармагындагы реформалар”;
-Тажикстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Тарых институтунун директорунун орун басары, доктор Абдулло Гафуров “Тажикстанга көп партиялуу системаны түзүү”;
- Б.Гафуров атындагы Худжанд мамлекеттик университетинин Тажик элинин тарыхы кафедрасынын жетекчиси, доктор, профессор Вахоб Набиев “Жаңы баскычтагы Тажикстан Республикасынын жаштар саясаты”;
- «Эгль» коомдук бирикмесинен Чолпон Омурканова “Жаштар жана шайлоолор”;
- “Пикир” аймактык эксперттер клубунун теңтөрагасы Бакыт Бекетаев, “Кыргызстандын жаңы тарыхындагы демократия, шайлоолор жана коррупция” - деген аталышта жайкы мектепке баяндамачылар катары иш алып барып, билдирүүлөрүн окуп беришти.
Кошумча, катышуучуларга жарандардын шайлоо укугу жаатында интерактивдүү тренингдер уюштурулуп, КР БШКнын кызматкерлери АЭҮ кантип колдонулат, пайдалануу эрежелерин, алар кандай тартипте иштээрин көрсөтүп беришти.
Жайкы мектептин модератору БШКнын мүчөсү, КУУнун саясий-укуктук изилдөө лабораториясынын жетекчиси, доктор, профессор К.Осмоналиев болду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 5-июлунда “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” Программасы боюнча Байкоочу Комитеттин отуруму болуп өттү
2018-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасы менен Европа Кошунунун ортосунда 2016-жылы кол коюлган Келишимдин алкагында ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” Программасы боюнча Байкоочу Комитеттин отуруму болуп өттү. Отурумга Байкоочу Комитеттин мүчөлөрү, Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын жана БӨУ өкүлдөрү, ошондой эле баалоо миссиясынын көз карандысыз эксперттери катышты. Байкоочу Комитеттин курамына БШКнын, Европа Кошунунун, Президенттин Аппаратынын, тышкы иштер, финансы, экономика министрликтеринин, Мамкаттоонун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
Отурумдун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н.К.Шайлдабекова “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - DCI-ASIE/2015/038-149 секторду реформалоо боюнча грант” Программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди. Программанын Финансылык Келишиминин алкагында аткарылган индикаторлор боюнча маалымат берилди. Биринчи индикатор боюнча белгиленгендей, жарандардын шайлоо процессине болгон ишеним деңгээли артты, бул Гэллап Институтунун усулдары боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын калкын сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча бааланды. 2015-жылдагы парламенттик, жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолордон кийин ЮСАИДдеги өнөктөштөрдүн көмөктөшүүсү менен жарандарды жалпы улуттук сурамжылоолор жүргүзүлгөн. Бул аталган келишимдин талабы болгон, жана ал формасы жана мазмуну боюнча аткарылды.
2017-жылда 2016-жыл менен салыштырмалуу биометрикалык каттоодон өтүү боюнча жарандардын активдүүлүгү эки эседен ашуун өстү. 2017-жылдын 15-октябрына карата 3 137 595 жаран биометрикалык каттоодон өттү (2017-жылдын 1-январына карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 902 899 адамды түзгөн).
2016-жыл менен салыштырганда жарандардын биометрикалык каттоодон өтүү боюнча активдүүлүгү жогорулады – 2017-жылда өз маалыматтарын 234 696 жаран каттатты.
Буга өлкө башчысын шайлоого катышууга ниеттен тышкары, ошондой эле 2017-жылдын май айынан баштап 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорттордун – электрондук идентификациялык карталардын ошол убакта жарандарга акысыз негизде берилүүсү, ошондой эле маалыматтарды топтоо пункттарынын кеңейтилүүсү жана маалыматтарды топтоо боюнча мобилдик топтордун пайда болуусу түрткү болду.
2017-жылдын 15-октябрына карата биометрикалык маалымат тапшырган 3 137 595 адамдын 3 025 770 шайлоочулардын тизмесине киргизилди, бул биометрикалык маалымат тапшыргандардын жалпы санынын 96,44% түзөт.
Биометрикалык маалымат тапшыргандардын калган 111 825 (3,56%) жашы 18ге жете электер болгон.
Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн бүткүл мезгилинде тизмеден 44 612 адам чыгарылып, анын 41 291 каза болгондуктан, жана 3 321 адам жарандыктан чыккандыктан тизмеден чыгарылды.
Тизмеге киргизилген (3 025 770) шайлоочулар менен 18 жаштагы жана андан улуу жарактуу паспорту бар жарандардын (3 768 275) санынын айырмасы 742 505 адамды түзөт.
КБМРдин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү колдогу тизмелерди тактоонун жана жаңыдан топтолгон биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү.
Жарандарга маалымат берүү жана маалыматтарды тактоо үчүн, шайлоочулардын тизмелерин (КБМРден автоматтык жүктөө) БШК менен МККнын биргелешкен “tizme.kg” порталына жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Ошентип, шайлоочулардын тизмелери такай актуалдаштыруу режиминде участкалар, райондор, шаарлар жана республика боюнча берилген. Ошол эле учурда, маалыматтарды талдоо үчүн статистика, кайра байланышуу функциясы жана шайлоо дарегинин өзгөргөндүгүнө байланыштуу шайлоочунун орун которуу тарыхын чагылдыруу жайгаштырылган.
Даттанууларды берүү механизминин жеткиликтүүлүгү, даттанууларды берүү механизминин айкындыгы, коомдук отчеттор аркылуу айкындык жогорулады. Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен кызматташууда Шайлоо талаштарын карап чыгуу тартиби жөнүндө Жобо иштелип чыкты, даттануулардын электрондук Реестри киргизилди, даттанууларды берүү каналдары анын ичинде электрондук жол менен, кеңейтилди, даттануулардын келип түшүүсүн, алар боюнча БШК кабыл алган чечимдер, ошондой эле, БШКнын кабыл алган чечимдерине даттануу болгон учурда соттун чечимдерин онлайн-чагылдыруу жана жаңылоо ишке ашырылды. 2017-жылдагы Президенттик шайлоонун жүрүшүндөгү даттануулар боюнча аналитикалык отчет түзүлүп, жарыяланды. ЕКнун КРдагы Өкүлчүлүгү бул индикатордун ишке ашырылуусуна баалоо жүргүзүп, 2017-жылдын декабрында анын аткарылгандыгын тааныды.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында өткөрүлгөн кеңири коомдук талкуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ Шайлоо системасын мындан ары реформалоо Стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыкты.
19-июнда өткөн кезектеги жыйынында Жумушчу топ Стратегиянын долбоорун бир добуштан жактырды. Отурум КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин төрагалыгы астында БШКнын жана “Жарандык платформа” КФнун жетекчилиги, Жумушчу топтун толук курамынын катышуусу менен өттү.
26-июнда, Бишкек шаарында 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоорунун акыркы версиясы коомдук талкууга коюлду.
Талдоонун жана өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүүнүн негизги максаттары жана багыттары иштелип чыкты.
Стратегия боюнча иштер төмөндөгүдөй бүткөрүлүүсү керек:
- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңешинин кароосуна киргизүү жана бекитүү.
- Стратегиянын алкагында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизүү.
Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлорунун пакетин 2019-жылдын күзүнөн кечиктирбестен, же 2020-жылдагы шайлоолордон бир жыл мурда кабыл алуусу (график боюнча долбоорлор 2018-жылдын июнунан, андан кийин негизги пакет 2018-жылдын июлунда, Партиялар жөнүндө жаңы Мыйзамдын долбоору – 2018-жылдын июнунда киргизилет),
БШК жана мамлекеттик органдар тарабынан шайлоо процессин жана комиссиялар системасын, жарандык билим берүү уюмдарын оптимизациялоо боюнча чараларды көрүү.
Тышкы обзордук миссиянын көз карандысыз эксперти Паоло Раффоненин отчету угулуп, көңүлгө алынды. Паоло Раффоне белгиленген индикаторлордун азыркы этапта ишке ашырылуусу боюнча көз карашын билдирди. Көз карандысыз эксперттин отчету отурумда талкууланып, Байкоочу Комитеттин бир катар мүчөлөрү баалоо миссиясынын жыйынтыктары менен макул эместигин билдиришти.
Байкоочу Комитеттин мүчөлөрү Кыргыз Республикасы менен Европа Кошунунун Келишимдин алкагында тиешелүү деңгээлде бирге аракеттешүүнү улантуу сунуштады.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 5-июлунда Токтогул шаарынын мэри, Кара-Жыгач жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2018-жылдын 5-июлунда Токтогул шаарынын мэри, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
Натыйжада:
- Токтогул шаарынын мэри болуп 12 добуш алган Болгонбеков Болот Турдуевич «Энергетиктердин» фракциясынан шайланды. Башчылык орунга 2 талапкер ат салышкан. Токтогул шаардык кеңешинде бардыгы болуп 21 депутат бар, алардын 21 тең катышты;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич шайланды. Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер ат салышты;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 15 добуш алган Кулматов Эделбек Маматкулович шайланды. Бардыгы болуп, Көк-Арт айылдык кеңешинде 21 депутат бар, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 8 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 4-июлунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Жалал-Абад, Сокулук жана Манас АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылдык кеңешиндеги депутат Байгазаков Бактыбек Токтосунович депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Белек Карасартович Сатыбалдиевке берилди;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутат Тагаев Мураталы Абдыкарович (Деп.фракция “Ата-Журт”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Заттарбек Абдыкаарович Боронбаевге (Деп.фракция “Ата-Журт”) берилди;
-Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылдык кеңешиндеги депутат айылдык кеңешиндеги депутат Сыдыков Бакытбек Дамирбекович депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге - Акбермет Райымбековна Абаскановага берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңешиндеги депутат Мамакеев Мирлан Айткулович өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Нурсултан Турарбекович Бейшебаевге өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Манас районундагы Кайынды айылдык кеңешиндеги депутат Байгазаков Бактыбек Токтосунович депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Рамис Талипович Курманбековго берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды