Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 5-июлунда “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо аркылуу …

2018-жылдын 5-июлунда “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” Программасы боюнча Байкоочу Комитеттин отуруму болуп өттү

05-Июл, 2018

2018-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасы менен Европа Кошунунун ортосунда 2016-жылы кол коюлган Келишимдин алкагында ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” Программасы боюнча Байкоочу Комитеттин отуруму болуп өттү. Отурумга Байкоочу Комитеттин мүчөлөрү, Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын жана БӨУ өкүлдөрү, ошондой эле баалоо миссиясынын көз карандысыз эксперттери катышты.  Байкоочу Комитеттин курамына БШКнын, Европа Кошунунун, Президенттин Аппаратынын, тышкы иштер, финансы, экономика министрликтеринин, Мамкаттоонун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

Отурумдун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н.К.Шайлдабекова “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - DCI-ASIE/2015/038-149 секторду реформалоо боюнча грант” Программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди.  Программанын Финансылык Келишиминин алкагында аткарылган индикаторлор боюнча маалымат берилди.  Биринчи индикатор боюнча белгиленгендей, жарандардын шайлоо процессине болгон ишеним деңгээли артты, бул Гэллап Институтунун усулдары боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын калкын сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча бааланды. 2015-жылдагы парламенттик, жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолордон кийин ЮСАИДдеги өнөктөштөрдүн көмөктөшүүсү менен жарандарды жалпы улуттук сурамжылоолор жүргүзүлгөн.  Бул аталган келишимдин талабы болгон, жана ал формасы жана мазмуну боюнча аткарылды.

2017-жылда 2016-жыл менен салыштырмалуу биометрикалык каттоодон өтүү боюнча жарандардын активдүүлүгү эки эседен ашуун өстү.  2017-жылдын 15-октябрына карата 3 137 595 жаран биометрикалык каттоодон өттү (2017-жылдын 1-январына карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 902 899 адамды түзгөн).

2016-жыл менен салыштырганда жарандардын биометрикалык каттоодон өтүү боюнча активдүүлүгү жогорулады – 2017-жылда өз маалыматтарын 234 696 жаран каттатты.

Буга өлкө башчысын шайлоого катышууга ниеттен тышкары, ошондой эле 2017-жылдын май айынан баштап 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорттордун – электрондук идентификациялык карталардын ошол убакта жарандарга акысыз негизде берилүүсү, ошондой эле маалыматтарды топтоо пункттарынын кеңейтилүүсү жана маалыматтарды топтоо боюнча мобилдик топтордун пайда болуусу түрткү болду.

2017-жылдын 15-октябрына карата биометрикалык маалымат тапшырган 3 137 595 адамдын 3 025 770 шайлоочулардын тизмесине киргизилди, бул биометрикалык маалымат тапшыргандардын жалпы санынын 96,44% түзөт.

Биометрикалык маалымат тапшыргандардын калган 111 825 (3,56%) жашы 18ге жете электер болгон.

Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн бүткүл мезгилинде тизмеден 44 612 адам чыгарылып, анын 41 291 каза болгондуктан, жана 3 321 адам жарандыктан чыккандыктан тизмеден чыгарылды.

Тизмеге киргизилген (3 025 770) шайлоочулар менен 18 жаштагы жана андан улуу жарактуу паспорту бар жарандардын (3 768 275) санынын айырмасы 742 505 адамды түзөт.

КБМРдин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү колдогу тизмелерди тактоонун жана жаңыдан топтолгон биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү.

Жарандарга маалымат берүү жана маалыматтарды тактоо үчүн, шайлоочулардын тизмелерин (КБМРден автоматтык жүктөө) БШК менен МККнын биргелешкен “tizme.kg” порталына жайгаштыруу чечими кабыл алынган.  Ошентип, шайлоочулардын тизмелери такай актуалдаштыруу режиминде участкалар, райондор, шаарлар жана республика боюнча берилген. Ошол эле учурда, маалыматтарды талдоо үчүн статистика, кайра байланышуу функциясы жана шайлоо дарегинин өзгөргөндүгүнө байланыштуу шайлоочунун орун которуу тарыхын чагылдыруу жайгаштырылган.

Даттанууларды берүү механизминин жеткиликтүүлүгү, даттанууларды берүү механизминин айкындыгы, коомдук отчеттор аркылуу айкындык жогорулады.  Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы менен кызматташууда Шайлоо талаштарын карап чыгуу тартиби жөнүндө Жобо иштелип чыкты, даттануулардын электрондук Реестри киргизилди, даттанууларды берүү каналдары анын ичинде электрондук жол менен, кеңейтилди, даттануулардын келип түшүүсүн, алар боюнча БШК кабыл алган чечимдер, ошондой эле, БШКнын кабыл алган чечимдерине даттануу болгон учурда соттун чечимдерин онлайн-чагылдыруу жана жаңылоо ишке ашырылды.  2017-жылдагы Президенттик шайлоонун жүрүшүндөгү даттануулар боюнча аналитикалык отчет түзүлүп, жарыяланды.  ЕКнун КРдагы Өкүлчүлүгү бул индикатордун ишке ашырылуусуна баалоо жүргүзүп, 2017-жылдын декабрында анын аткарылгандыгын тааныды.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында өткөрүлгөн кеңири коомдук талкуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ Шайлоо системасын мындан ары реформалоо Стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыкты.

19-июнда өткөн кезектеги жыйынында Жумушчу топ Стратегиянын долбоорун бир добуштан жактырды.  Отурум КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин төрагалыгы астында БШКнын жана “Жарандык платформа” КФнун жетекчилиги, Жумушчу топтун толук курамынын катышуусу менен өттү.

26-июнда, Бишкек шаарында 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоорунун акыркы версиясы коомдук талкууга коюлду.

Талдоонун жана өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүүнүн негизги максаттары жана багыттары иштелип чыкты.

    Стратегия боюнча иштер төмөндөгүдөй бүткөрүлүүсү керек:

- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңешинин кароосуна киргизүү жана бекитүү.

- Стратегиянын алкагында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизүү.

  • Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлорунун пакетин 2019-жылдын күзүнөн кечиктирбестен, же 2020-жылдагы шайлоолордон бир жыл мурда кабыл алуусу (график боюнча долбоорлор 2018-жылдын июнунан, андан кийин негизги пакет 2018-жылдын июлунда, Партиялар жөнүндө жаңы Мыйзамдын долбоору – 2018-жылдын июнунда киргизилет),
  • БШК жана мамлекеттик органдар тарабынан шайлоо процессин жана комиссиялар системасын, жарандык билим берүү уюмдарын оптимизациялоо боюнча чараларды көрүү.

Тышкы обзордук миссиянын көз карандысыз эксперти Паоло Раффоненин отчету угулуп, көңүлгө алынды.  Паоло Раффоне белгиленген индикаторлордун азыркы этапта ишке ашырылуусу боюнча көз карашын билдирди.  Көз карандысыз эксперттин отчету отурумда талкууланып, Байкоочу Комитеттин бир катар мүчөлөрү баалоо миссиясынын жыйынтыктары менен макул эместигин билдиришти.

Байкоочу Комитеттин мүчөлөрү Кыргыз Республикасы менен Европа Кошунунун Келишимдин алкагында тиешелүү деңгээлде бирге аракеттешүүнү улантуу сунуштады.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>